Турнирге ар бир тайпадан бирден команда катышып, командалар өз капитандарын шайлашты. Оюндун адилеттүү өтүшүн камсыз кылуу максатында калыс дайындалды.
Мелдеш кызыктуу жана атаандаштык маанайда өтүп, студенттер өздөрүнүн спорттук чеберчилигин, шамдагайлыгын жана командалык ынтымагын көрсөтө алышты.
Оюндун жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, байгелүү орундарга ээ болгон командаларга сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле турнирдин катышуучуларына суусундуктар жана таттуулар таратылды. Иш-чаранын негизги максаты — студенттер арасында достукту, ынтымакты бекемдөө, сергек жашоо образын жайылтуу жана спортко болгон кызыгууну арттыруу.











