Жаңылыктар

Аспирантура жана докторантура бөлүмү жөнүндө
                   

       ОшМУнун аспирантура бөлүмү 1991-жылы 22-августта Кыргыз ССРинин Элге билим берүү министрлигинин №399/1 буйругу менен ачылган. Ошол учурдан баштап, бөлүмдүн башчылары болуп физика-математика илимдеринин доктору, профессор К.О. Осмоналиев, филология илимдеринин кандидаты, доцент С.А. Мамытов, философия илимдеринин кандидаты, доцент Ж.М. Сулайманов жетектеген. 2000-жылдын октябрь айынан баштап структура илим жана аспирантура бөлүмү түзүлүп, жетекчилери болуп филология илимдеринин кандидаты, доцент В.К. Сабирова, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент М.Ч. Өскөнбаев, ага окутуучу М.М. Садырова, психология илимдеринин кандидаты, доцент А.З. Закиров, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Г.М. Анарбаевалар 2023-жылдын октябрь айына чейин эмгектенип келишкен.

       Аспирантура жана PhD бөлүмү биригип жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо максатта Аспирантура жана докторантура бөлүмү болуп өзгөртүлүп түзүлгөн. 2023-жылдын 9-сентябрындагы №4062-ФХД/23 буйругу менен PhD М.А. Кадыров дайындалып иштеген. 2024-жылдын 6-февралына чейин филология илимдеринин кандидаты, доцент С.М. Амиралиев (Б:№462-ФХД/24) дыйындалып, 2024-жылдын 6-февралынан 2-июлуна чейин эмгектенип келди. 2024-жылдын 3-июлунан (Б.№3157-ФХД/24.) бөлүмдү биология илимдеринин кандидаты, доцент Ж.Т. Молдалиев жетектеп келүүдө.

       Бөлүмдүн миссиясы – эл аралык стандарттарга жана заманбап илимдин талаптарына жооп берген, өз алдынча илимий изилдөө жүргүзүүгө жөндөмдүү квалификациялуу изилдөөчүлөрдү түрдүү багыттар боюнча даярдоо. Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнүн негизги максаты – эл аралык илим мейкиндигине интеграциялануу менен, ОшМУнун миссиясына, стратегиялык максаттарына ылайык жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо. Бөлүмдүн милдети – аспиранттарды жана докторанттарды илимге тартуу аркылуу алардын тийиштүү жалпы кесиптик, башкаруучулук, маданий жана социалдык компетенцияларын калыптандыруу, фундаменталдык жана прикладдык тармактардагы илимий изилдөөлөр тууралуу алар менен пикир алмашуу, аларды илимий дискуссияларга катыштыруу, илимий кызматкерлердин өз көз караштарын билдирүү жана коргоо, чет өлкөлүк гранттар менен иштөө жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу.

      Аспирантура ачылгандан бери анын 1000ден ашуун бүтүрүүчүсүнүн 800дөн ашууну кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргошкон.

      Көп жылдан бери илим жана аспирантура бөлүмүн ийгиликтүү жетектеп келген доцент Г.М. Анарбаеванын илимий-педагогикалык кадрларды даярдоодогу үзүрлүү ишмердүүлүгүн баса белгилөөгө болот. Анын жигердүү иш-аракеттеринин натыйжасында,2022-жылы ОшМУнун аспирантурасына 15 тармак боюнча 101 (2025-жылы дагы 2 адистикке алынды) адистикке Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргызстандагы окуу жайлардын ичинен алгачкылардан болуп лицензия берилди. Ал тарабынан 2014-жылдан бери университетте жыл сайын үзгүлтүксүз жана ийгиликтүү өткөрүлүп келе жаткан “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу аймактык, эл аралык студенттик илимий конференциясалттуу иш-чара болуп эсептелет. Учурдаал тарабынанаспирантуранын документтерин жаңы ченемдик-укуктук актыларга шайкеш келтирүү иш-аракеттери жүргүзүлдү.Тактап айтканда, “ОшМУнун аспирантурасы жөнүндөгү” Жобо, окуу пландары, аспирантураны бүтүргөндүгү жөнүндө сертификат ж.б. иштелип чыгып, Окумуштуулар кеңешинде бекитилди.

      Учурда Ош мамлекеттик университетинде аспирантурада 300гө жакын аспирант окуп жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө. Учурда университетте аспиранттардын илимий жетекчилеринин саны 115 окумуштууну түзөт, анын ичинен 110 окумуштуу илимдин доктору, профессорлор, 5 окумуштуу илимдин кандидаты, доценттер. ОшМУдагы 45 илимдин доктору, профессорлор, 2 илимдин кандидаты, доценттер аспиранттарга илимий жетекчилик кылышат. Башка окуу жайлардан, илимий мекемелерден 65 илимдин доктору, профессорлор, 3 илимдин кандидаты, доценттер илимий шакирттерди даярдашууда. Алардын арасында белгилүү илимпоздор, КУИАнын академиктери жана мүчө-корреспонденттери бар.

      Иш-чаралардын бир багыты катарында үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жаткан эл аралык, республикалык, аймактык конференциялардын, тренинг-семинарлардын, тегерек столдордун циклин белгилөөгө болот. Ошону менен бирге аспиранттар, изденүүчүлөр жана илимдин жаш талапкерлери үчүн “Илимий изилдөөлөрдүн негиздери”, “Илимий-изилдөө иштеринин методологиясы”, “Илимий иш-аракеттерди баалоонун жаңы критерийлери”, “Web of sсience, Scopus системаларына илимий эмгектерди жарыкка чыгаруу” ж.б. темалардагы жана Жаш окумуштуулар мектебинин жайкы 3 күндүк тренинг-семинарларынын цикли ОшМУнун “Ак-Буура” эс алуу борборунда жыл сайын өткөрүлөт.

      Ошону менен бирге, студенттик илимий-изилдөө иштерин уюштуруу, өткөрүү, көзөмөлдөө жана координациялоо иш-аракеттери да аткарылып келет. Университетте 2014-жылдан бери Аспирантура бөлүмү тарабынан “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу аймактык, 2025-жылы эл аралык илимий-практикалык конференциялары үзгүлтүксүз ийгиликтүү өткөрүлүп келет жана алардын материалдары “ОшМУнун жарчысы” илимий журналынын атайын сандарында жарык көрөт.

      Аспирантуранын ишмердүүлүгү “2023-2026-жылдарга «Ош мамлекеттик университетин туруктуу өнүгүүнүн модели» стратегиялык өнүктүрүү программасындагы” илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүнүн перспективдүү багыттарын ишке ашыруу, эл аралык илим мейкиндигине интеграциялануу иш-аракеттеринин үстүндө максатка багытталган, комплекстүү иш-аракеттердин системасы аткарылууда.

      Окутуу аспирантурада күндүзгүжана сырттан окуу формаларында жүргүзүлсө, ал эми докторантурада күндүзгү формада уюштурулат, ошондой эле дистанттык технологияларды колдонууга дагы жол берилет. Аспирантуранын билим берүү программасынын мөөнөтү 3-4 жылды түзөт, ал эми профиль боюнча базалык PhD докторантуранын окуу мөөнөтү 3 жылдан кем эмес болот. Окутуучулар жана изилдөөчүлөр окуп келүү, кыска жана узак мөөнөттүү илимий изилдөө стажировкалардан жана илимий-педагогикалык практикалардан өтүү үчүн университет кызматташуу келишимдерин түзгөн 310 мамлекеттеги 33 жогорку окуу жайга бара алышат. Аспирантура жана изденүүчүлүк түзүмү 15 илимий тармактагы 103 адистик боюнча кабыл алат. Ал эми PhD докторантура 11 багыт боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзөт. 114дөн ашуун PhD докторант окуп жана илимий изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө.

       Ош мамлекеттик университетинде илимдин доктору окумуштуулук даражасын ИЗДЕНҮҮЧҮЛӨРДҮН ишмердүүлүгү 2018-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 327 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо жөнүндөгү (азыркы убакта күчүн жоготкон)» Жобонун, андан кийин 2024-жылдын 4-июлундагы № 358 токтомунун негизинде жүргүзүлүп келет.

       Жогоруда аталган Жобого ылайык 2019-жылдан бери илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн конкурстук негизде документтер 1 (календардык жыл) жылда 1 гана жолу (февраль, март) кабыл алынат. Ал эми 2024-жылдан бери кабыл алуу ар окуу жылынын 10-июлунан 10-октябрына чейин ишке ашат. Бул үчүн аспирантура жана докторантура бөлүмү тарабынан университеттин сайтына жарыя берилет. ЖОЖдун алдыңкы окумуштууларынан түзүлгөн конкурстук комиссия университеттин аспиранттарды даярдоо программасында лицензиясы бар адистиктер боюнча талапкерлердин документтерин карап чыгып, Окумуштуулар кеңешинин чечими менен 4 жылдык мөөнөткө тиешелүү кафедраларга изденүүчү катары бекитилет. Бекитилген докторлук диссертациялардын темалары КРдин ЖАКтын реестрине протоколдун көчүрмөсү менен жайгаштырылат.

       Изденүүчүлөр илимий темаларынын үстүнөн өз алдынча иштешет. Докторлук диссертациялардын темалары илимий кеңешчисиз да бекитилүүсүнө уруксат берилет. Изденүүчүлөр жыл сайын изденүүчү катары бекитилген тиешелүү кафедраларга жана ОшМУнун илимий-техникалык кеңешине жылдык илимий отчетторун тапшырып турушат.

       2025-жылдын 9-апрелиндеги кезектеги № 6 Окумуштуулар кеңешинин чечими менен (№ 1867-ФХД/25 буйругу) ОшМУда илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына изденүүчүлүк ачылып, 2025-2026-окуу жылына 20 изденүүчү (илимдин кандидаттыгына) кабыл алынды.

       2019-жылдан бери ОшМУда докторлук диссертациясынын үстүнөн өз алдынча иштеп жаткан изденүүчүлөрдүн жалпы саны – 132. Илимдин кандидаттыгын изденүүчүлүккө быйыл гана кабыл алынып баштагандыгы үчүн, алардын саны – 20.

       Бөлүм төмөнкүдөй түзүмдөрдөн турат: аспирантура, философия доктору (PhD) жана изденүүчүлүк (илимдин доктору).


АСПИРАНТУРА ЖАНА ДОКТОРАНТУРА БӨЛҮМҮНҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Аты- жөнү

Ээлеген кызмат орду, илимий даражасы, наамы

Электрондук дареги, номера телефонов

1

Молдалиев Жоомарт Тумакович

бөлүм башчы, биология илимдеринин кандидаты, доцент

+996 779 215 177;

+996 322 270 851

joomart77 @oshsu.kg ,

2

Анарбаева Гулжамал Маматовна

башкы адис, физико-математика или кандидаты, доцент

agulzhamal.m@mail.ru +996 3222 7-07-61, 0779/0559 56 29 29

3

Асанова Зарипа Асановна

инспектор улук

zasanova@oshsu.kg ,

+996 559 837 079

4

Абдаким кызы Акылай

инспектор

abdakimkyzy@mail.ru, +996701602223

5

Молдоташова Турсунай Сооронбековна

инспектор

tmoldotashova@oshsu.kg , +996 3222 7-07-61, +996 776 008 689