5-июнда Ош мамлекеттик университетинде окуу жылынын жыйынтыгын чыгарууга арналган “Идея. Аракет. Натыйжа” аттуу салтанаттуу иш-чара өттү.
Анда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков сөз сүйлөп, окуу жылы ичинде жетишилген ийгиликтерге токтолду. Ал университеттин өнүгүшүнө салым кошкон студенттерге жана кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, алардын аракеттери окуу жайдын жетишкендиктеринин негизин түзөрүн белгиледи. Ректор өз сөзүндө жаштардын демилгелерин жана чыгармачылык изденүүлөрүн университет ар дайым колдой турганын айтып, бүгүнкү ийгиликтер келечектеги чоң жетишкендиктердин башаты экенин баса белгиледи.
Салтанаттын жүрүшүндө билим алууда, илимий изилдөө иштеринде, коомдук жана чыгармачылык багыттарда жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөн алдыңкы студенттерге ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин стипендиясы тапшырылды. Бул сыйлыкка Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин 3-курсунун студенти Эрболот Ормошев татыктуу болсо, ал эми ректордун Ыраазычылык каты менен 3-курстун студенти Адина Базарбаева сыйланды.
Мындан сырткары, окуу жылынын ичинде тарбиялык, уюштуруучулук жана коомдук иштерде өзгөчө активдүүлүк көрсөткөн окутуучулар менен студенттерге төмөнкү сыйлыктар тапшырылды:
Ош шаардык мэриясынын Ардак грамоталары жана Ыраазычылык каттары;
КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак грамоталары жана Ыраазычылык каттары;
ОшМУнун Ардак грамоталары жана Ыраазычылык каттары.
Алсак, КР Президентинин Ош облусундагы өкүлүнүн Ыраазычылык каты менен Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Элназар Сагыналиевич Каримбаев сыйланды. Ал эми колледжде мыкты куратордук ишти алып баргандыгы үчүн 2ФТ1-24(у) тайпасынын академиялык кеңешчиси Муратова Бегайим Адинаевна ректордун Ыраазычылык баракчасына татыктуу болду.
Маалымдама: “Идея. Аракет. Натыйжа” иш-чарасы окуу жылынын жыйынтыгын чыгаруу менен бирге, университеттин өнүгүшүнө салым кошкон мыктыларды даңазалоо жана алардын эмгегин баалоо максатында жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп келет.


"7-апрель Бүткүл Дүйнөлүк денсолук күнүнө" карата ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттери үчүн спорттун кичи футбол түрү мелдеш өткөрүлдү.
ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде санитардык күн өткөрүлдү. Окутуучулар студенттер менен биргеликте окуу кааналарды, лаборотория, лекциялык залдарда нымдуу тазалоо жумуштары аткарылды. Ал эми Өзгөн районунун Төрт-көл айыл аймагында жайгашкан КРнын мамлекеттик туусу орнотулган "Койчу-датка комплексинин" айлана-тегериги таштандыдан тазаланды! PS: Урматуу Ош-Бишкек унаа жолунун Ана-кызыл бөлүгөн өткөн жүргүнчүлөр жана коноктор жогороду аталган комплекске келип, токтоп, дем алып сүрөткө түшүп эле кетпсетен атайын орнотулган таштанды салынуучу чалектерге таштандыларды салып кетиңиздер деп эскертебиз!

"24-Март – Бүткүл Дүйнөлүк кургак учукка каршы Күн" "24-Март – Бүткүл Дүйнөлүк кургак учукка каршы Күн" ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттери үчүн Өзгөн район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиолог дарыгери Кожоев Турсунбай Өзгөн ЖДПБнын денсолукту чыңдоо кабинетинин адиси Турдуева Гулхумар, Фтизиатр дарыгери Маматкадырова Гулзина баштаган медицина кызматкерлери колледжибиздин студенттери үчүн аталган илдет боюнча маалымат беришти. 24-март кургак учук (туберкулёз) оорусуна каршы күрөшүү күнү катары белгиленет. Бул дата немис илимпозу Роберт Кох кургак учукту пайда кылган бактерияны ачкан күнгө байланыштуу. Оору кандай жугат? Кургак учук негизинен аба аркылуу жугат – жөтөлгөндө, чүчкүргөндө же сүйлөгөндө бактериялар айлана-чөйрөгө бөлүнөт. Негизги белгилери: 2 жумадан ашык созулган жөтөл Түнкүсүн тердөө, дененин ысышы Табиттин жоголушу, арыктоо Алсыздык, бат чарчоо Алдын алуу жана дарылоо
- БЦЖ вакцинасы алуу - Дарыгерге убагында кайрылуу - Дары-дармектерди толук курс менен ичүү - Иммунитетти бекемдөө Кургак учук – дарыланса айыкчу оору! Өз убагында кам көрүп, ден соолугуңузду сактаңыз!
КООМДУК ИШ ЧАРАЛАР шилтемени басыңыз
"БАТКЕН ӨЗГӨН ЭЛИ СЕНИ МЕНЕН"
"1-СЕНТЯБРЬ БИЛИМ МАЙРАМЫ" ЭЛ АРАЛЫК КОЛЛЕДЖДЕ БЕЛГИЛЕНДИ















