30-март күнү STEM инновациялык колледжинин информациялык-коммуникациялык дисциплиналар циклынын окутуучулары Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик университетине расмий сапар менен барышты. Сапардын алкагында төмөнкү иш-аракеттер жүргүзүлдү:
- Университеттин окуу корпустары, лабораториялары жана IT борборлору менен таанышуу.
- Профессордук-окутуучулук курам менен жолугушуу, өз ара тажрыйба алмашуу.
- Окутуунун инновациялык методдору, санариптик билим берүү системасы жана жаңы технологияларды сабакка киргизүү боюнча презентациялар.
- Мындан аркы кызматташтык багыттарын талкууланды:
- биргелешкен долбоорлор;
- академиялык мобилдүүлүк программалары;
- окутуучулар жана студенттер үчүн стажировкалар.
Андан соң делегация Андижан IT паркынын инновациялык хабы менен таанышты. Бул жерде:
- IT долбоорлорду колдоо механизми, стартаптар үчүн шарттар,
- жаш ишкерлерди өнүктүрүү программалары,
-
заманбап технологияларды окутуу лабораториялары
тааныштырылды.
Сапар жогорку деңгээлде уюштурулуп, төмөнкү жыйынтыктарга жетишилди:
- Окутуучулар маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча жаңы тажрыйбага жана билимдерге ээ болушту.
- STEM багытындагы инновациялык окутуу методдору жана санариптик инфраструктура менен жакындан таанышты.
- Андижан мамлекеттик университети менен биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча алдын ала макулдашуулар түзүлдү.
- IT парк менен байланыш белгиленип, студенттер үчүн стажировка жана тренингдерди уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
- Академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүүгө жол ачылды.
Бул сапар окутуучулардын кесиптик потенциалын жогорулатууга, билим берүүнүн сапатын жакшыртууга жана эл аралык деңгээлде билим берүү мекемелери менен кызматташууну күчөтүүгө чоң жардам берди. STEM инновациялык колледжи менен Андижан мамлекеттик университетинин ортосундагы мамиле мындан ары да тереңдеп, биргелешкен программаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.


ДОГОВОР
в сотрудничестве по программам академической мобильности жа Инновационым колледжем ЅТЕМ при ОшГУ и Жалал-Абадским колледжем ЖАГУ им. Б.Осмонова
2024-жылдын 9-февралында STEM инновациялык колледжинин Информациялык-коммуникациялык дисциплиналар циклы мобилдүүлүктүн алкагында бир катар келишимдерди түзүп келишти. Атап айтсак Информациялык-дисциплиналар циклы менен Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи жана Заманбап Эл аралык университетинин АСОИУ адистиктеринин ортосунда мугалимдердин, студенттердин мобилдүүлүгү жана студенттердин практикасы боюнча программага кол коюлду. Мындан ары жогорудагы келишим түзүлгөн окуу жайлар менен тыгыз байланыш жүргүзүлүп, тажрыйба алмашуу жолго коюлат. Буга чейин Информациялык-коммуникациялык циклы Ош технологиялык университетинин колледжи менен келишим түзүлүп, алмашуу программасы ишке ашырылып келген.
Поездка в Узбекистан, г. Андижан. Данное мероприятие было проведено 29 сентября 2023 года, в целях улучшения качества образования и развития международных связей, что благоприятно отразится на дальнейших сотрудничествах ВУЗов: мобильность для студентов, обмен опыта для многоуважаемых преподавателей.












