120101 Прикладная геодезия

“Колдонмо геодезия” адистигинин бүтүрүүчү курстарынын квалификация алдындагы өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы

25.05.2026-ж. STEM инновациялык колледжинин Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн “Колдонмо геодезия” адистигинин бүтүрүүчү курстарынын квалификация алдындагы өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү . Конференцияга бөлүм башчы Сатыбалдыев Байсал Салиевич, колледждин практика жетекчиси Касымова Зуура Советовна жана практика жетекчиси Боронов Самат Календерович катышышты.
Конференциянын жүрүшүндө студенттер өндүрүштүк практика учурунда алган тажрыйбалары, жетишкендиктери жана кесиптик көндүмдөрү тууралуу маалымат берип, аткарылган иштери тууралуу баяндама жасашты.


“Колдонмо геодезия” жана “Туризм” адистиктеринин бүтүрүүчү курс студенттери

STEM инновациялык колледжинин Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн “Колдонмо геодезия” жана “Туризм” адистиктеринин бүтүрүүчү курс студенттери 2026-жылдын 20-апрелинен 16-майына чейин өндүрүштүк жана окуу талаа практикасын өтүштү.

Практиканын жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүү максатында бөлүм башчы Сатыбалдыев Байсал Салиевич, практика жетекчилери Касымова Зуура Советовна жана Боронов Самат Календерович биргеликте ишканаларга барып, студенттердин практика өтөө шарттары жана аткарып жаткан иштери менен жеринен таанышып келишти.

Сапардын жүрүшүндө студенттердин иш орундарындагы шарттары, аткарып жаткан тапшырмалары, кесиптик көндүмдөрүнүн калыптануу деңгээли жана практика программасына шайкештиги текшерилди. Ошондой эле студенттерге практика учурунда сакталуучу эрежелер, милдеттер жана жоопкерчиликтер боюнча кошумча түшүндүрмөлөр берилип, алардын суроолоруна кеңири жооптор сунушталды.

Белгилей кетүүчү жагдай, практика өтүп жаткан айрым мекемелерде колледждин мурдагы бүтүрүүчүлөрү эмгектенип жатышканы кубанычтуу көрүнүш болду. Бул көрүнүш студенттер үчүн жакшы үлгү болуп, келечектеги кесиптик багытын аныктоого кошумча мотивация берди.


Профессионалдык дисциплиналар конференциясы

Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрүн өндүрүштүк практикага жиберүү боюнча конференция

26.09.2025 Профессионалдык дициплиналар бөлүмүнүн "Колдонмо геодезия" жана "Туризм" адистиктеринин бутуруучу курстарынын студенттерин 4 жумалык окуу ондуруштук практикасына жонотуу конференциясы болуп өттү. Конференцияга бөлүм башчы Б.С. Сатыбалдиев, колледждин практика жетекчиси З.С. Касымова, бөлүмдүн практика жетекчилери С. Боронов, Б. Абдиев, Э. Асанбеков агайлар катышышты. Бөлүм башчы жана практика жетекчилер сөзгө чыгып студенттерди инструктаж, эреже-талаптар, милдеттер менен тааныштырышып, студенттердин суроолоруна жооп беришти жана өз каалоо тилектерин билдиришти.


Колдонмо геодезия практикасы

“Колдонмо геодезия” адистигинин студенттерин өндүрүштүк практикага жиберүү конференциясы

Профессионалдык дициплиналар бөлүмүнүн "Колдонмо геодезия" адистигинин бутуруучу курстарынын студенттерин 4 жумалык ондуруштук практикасына жонотуу конференциясы болуп өттү. Конференцияга бөлүм башчы Б.С. Сатыбалдиев, колледждин практика жетекчиси З.С. Касымова, бөлүмдүн практика жетекчилери Токтосунов Жумаш агай, С. Боронов жана 3-курстардын студенттери катышышты. Бөлүм башчы жана практика жетекчилер сөзгө чыгып студенттерди инструктаж, эреже-талаптар, милдеттер менен тааныштырышып, студенттердин суроолоруна жооп беришти жана өз каалоо тилектерин билдиришти.


Окуу-таанышуу практикасы - Жыйынтык

Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн практикасы

Профессионалдык дициплиналар бөлүмүнүн "Колдонмо геодезия" жана "Туризм" адистиктеринин 11 база 1-курс жана 9 база 2-курстарынын студенттеринин 2 жумалык окуу-таанышуу практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференцияга бөлүм башчы Б.С. Сатыбалдиев, колледждин практика жетекчиси З.С. Касымова, бөлүмдүн практика жетекчилери Токтосунов Жумаш агай, Боронов С., Абдиев Б. жана 3-курстардын студенттери катышышты. Студенттер практикадан өзгөчө шыктануу менен кайтып келип, өздөрүнүн отчётторун мыкты деңгээлде тапшырышты. Бөлүм башчы жана практика жетекчилер сөзгө чыгып студенттерге өз каалоо тилектерин билдиришти.


Колдонмо геодезия адистигинин өндүрүштүк практикасынын отчету: PDF документ


Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн "Ветеринария", "Колдонмо геодезия" жана "Туризм" адистиктеринин бүтүрүүчү курстарынын студенттеринин 4 жумалык окуу-өндүрүштүк практикасынын отчетторун кабыл алуу конференциясы болуп өттү. Конференцияга бөлүм башчы Б.С.Сатыбалдыев, колледждин практика жетекчиси З.Касымова жана бөлүмдүн практика жетекчилери А.Халмурзаев, Т.Ормонкулов, Р. Сарыков, С.Боронов жана 1-2-курстардын студенттери катышышты.

Практика конференциясы 1 Практика конференциясы 2 Практика конференциясы 3 Практика конференциясы 4 Практика конференциясы 5 Практика конференциясы 6