111201 Ветеринария
Практикалар жыйынтыгы — STEM колледжи

STEM Инновациялык Колледжи — Практикалык Иш-чаралар

“Ветеринария” адистигинин студенттери өндүрүштүк практиканы ийгиликтүү аякташты

2025-жылдын 26-мартында STEM инновациялык колледжинин "Профессионалдык дисциплиналар" бөлүмүнүн "Ветеринария" адистигинде окуган ВТс-1-23 жана ВТс-9-1-22 тайпаларынын студенттери 2024-2025-окуу жылынын 24-февралынан 22-мартына чейинки өндүрүштүк практиканы ийгиликтүү өтөп келишти.

Иш-чарага колледждин практика жетекчиси Касымова Зуура, "Профессионалдык дисциплиналар" бөлүмүнүн башчысы Сатыбалдиев Б.С. жана "Ветеринария" адистигинин окутуучулары катышты. Практика жетекчиси, б.и.к, доцент Халмурзаев А. Н. студенттер теориялык билимдерин практикада колдонгонун айтып, айрыкча Каракол шаары жана башка аймактарда тажырыйба жүргүзгөндүгүн белгиледи.

Студенттер айыл чарба жаныбарларынын илдеттерин алдын алуу, диагноздоо жана дарылоо боюнча иштерди аткарышкандыгын баяндашты. "Ветеринария" адистигинин практика жетекчилери Т. Ормонкулов жана Н. Калинникова студенттер практиканы ийгиликтүү өткөргөнүн, отчётторду өз убагында тапшырганын белгилеп, студенттердин окууларына ийгилик каалашты.


Ветеринардык практика - STEM колледжи

Ветеринардык практика – Жыйынтык

2025-жылдын 7-мартында STEM инновациялык колледжинин профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн ветеринария адистигинде окуган ВТс9-1-23 жана ВТс-1-24 тайпасынын студенттери 2024-2025-окуу жылынын 10-февралынан 24-февралына чейин окуу таанышуу практикасын өтүштү. Практиканын аягында студенттердин отчетторун кабыл алуу иш чарасы уюштурулду. Иш чарада студенттер теориялык билимдерин практикада колдонуп, айыл чарба жаныбарларынын илдеттерин алдын алуу жана дарылоо боюнча аткарган иштери жөнүндө баяндашты. Отчет берүү процессине 1-курстун студенттери катышып, ветеринардык тажрыйбаларга таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Студенттер өздөрүнүн иштери жөнүндө баяндап, суроолорго жооп беришти.

Иш чарага колледждин практика боюнча адиси Касымова Зуура катышып, студенттердин күндөлүктөрдүн туура жана өз убагында толтурушун карап чыкты. Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн башчысы Сатыбалдиев Б.С. жана ветеринария адистигинин практика жетекчиси, б.и.к. доцент А. Халмурзаев катышып, иш чарада студенттердин практика учурнда жасаган иштери менен таанышып чыгып, түзүлгөн келишимдин негизинде студенттер таанышуу практикасын өтөп келишкендигин, ошондой эле айыл чарба жаныбарларын заманбап ыкмалар менен диагностикалоо, дарылоо иштерин жүргүзүп келишкендигин баса белгилешти. Студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты. Ветеринария адистигинин окутуучулары А. Халмурзаев, Т. Ормонкулов, Н. Калинникова жана Сыдык кызы Ы. иш чарага катышты.


Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн "Ветеринария", "Колдонмо геодезия" жана "Туризм" адистиктеринин бүтүрүүчү курстарынын студенттеринин 4 жумалык окуу-өндүрүштүк практикасынын отчетторун кабыл алуу конференциясы болуп өттү. Конференцияга бөлүм башчы Б.С.Сатыбалдыев, колледждин практика жетекчиси З.Касымова жана бөлүмдүн практика жетекчилери А.Халмурзаев, Т.Ормонкулов, Р. Сарыков, С.Боронов жана 1-2-курстардын студенттери катышышты.

Практика конференциясы 1 Практика конференциясы 2 Практика конференциясы 3 Практика конференциясы 4 Практика конференциясы 5 Практика конференциясы 6


Ветеринария адистигинин студенттерин практика учурунда текшерүүдө. STEM инновациялык колледжинин окутуучусу в.и.к., доцент А. Халмурзаев