140212 Электроснабжение по отраслям)

«Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)» адистигинин студенттери 20-апрелинен 16-майына чейин квалификация алдындагы практикага жөнөтүлдү

STEM инновациялык колледжинин 2025–2026-окуу жылындагы окуу планына ылайык, “Адистештирилген дисциплиналар” бөлүмүнүн 140212 — «Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)» адистигинин 11-база 2-курс жана 9-база 3-курс студенттери 2026-жылдын 20-апрелинен 16-майына чейин квалификация алдындагы практикага жөнөтүлдү.

Практиканын алкагында студенттер 2026-жылдын 21–22-апрель күндөрү Токтогул ГЭСи, Таш-Көмүр ГЭСи, Шамалды-Сай ГЭСи жана Уч-Коргон ГЭСине барып, гидроэлектр станциялардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып келишти.

Иш-чаранын жүрүшүндө колледждин директору Абдылакимова Бегайым Кенжематовна, бөлүм башчысы Кубатов Нурлан, директордун окуу иштери боюнча орун басары Сулайман уулу Заирбек жана практика жетекчиси Бегжигитов Эрлан студенттерге ак жол каалап, практиканын мааниси жана кесиптик тажрыйбанын ролу тууралуу пайдалуу кеп-кеңештерин беришти.


“STEM инновациялык колледжинде бүтүрүүчү курстардын квалификация алдындагы өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы

14.05.2026-ж. STEM инновациялык колледжинде бүтүрүүчү курстардын квалификация алдындагы өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү. Конференцияда “Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо”, “Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо”, “Эсептөө техникаларынын каражаттарын жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө”, “Медициналык техникаларды монтаждоо, техникалык тейлөө жана ремонттоо”, "Электр менен камсыздоо", «Колдонмо информатика» жана «АСОИУ» адистиктеринин студенттери баяндама жасашты.

Иш-чарага бөлүм башчылары Сатаров Арзымат Эминович, Шакиров Кылыч Курбанбаевич, колледждин практика жетекчиси Касымова Зуура Советовна жана бөлүмдөрдүн практика жетекчилери Атаханов Хуснутдин Муктарович, Рахманберди кызы Мырзагүл эжекелер катышышты. Конференциянын жүрүшүндө студенттер өндүрүштүк практика учурунда алган тажрыйбалары, жетишкендиктери жана кесиптик көндүмдөрү тууралуу маалымат берип, аткарылган иштердин жыйынтыгы талкууланды.

Жыйынтыгында студенттердин практикалык даярдыгы жогору бааланып, активдүү катышуучуларга ыраазычылык баракчалары тапшырылды.


Окуу-таанышуу практикасы

Окуу-таанышуу практикасы – STEM инновациялык колледжи

STEM инновациялык колледжинин, Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүнө караштуу ТОРАТ, ЭТЭА, РМТ жана ЭС адистиктеринин 11 база 1-курс, 9 база 2-курс студенттери окуу-таанышуу практикасын өтөп келишип, отчёт тапшырышты. Отчёт тапшыруу учурунда бөлүм башчы Кубатов Нурлан Кушбакович, колледждин практика жетекчиси Касымова Зуура жана практика жетекчилери катышышты. Студенттер теориялык билимдерин практикада бекемдөө, иш процесси менен таанышуу жана келечектеги кесиптик багыт боюнча түшүнүк алгандыгы тууралуу айтып өтүштү. Практика учурунда алган тажрыйбалары абдан пайдалуу болгондугун көрсөтүштү. Акырында практика учурунда эмне жумуш аткаргандыгын жана эмнелерди үйрөнгөндүгүн сүрөттөрү менен чогуу отчётторун тапшырышты.