190503 - Эксплуатация транспортного электроснабжения и автоматики (виды транспорта, кроме водного)

“STEM инновациялык колледжинде бүтүрүүчү курстардын квалификация алдындагы өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы

14.05.2026-ж. STEM инновациялык колледжинде бүтүрүүчү курстардын квалификация алдындагы өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү. Конференцияда “Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо”, “Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо”, “Эсептөө техникаларынын каражаттарын жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө”, “Медициналык техникаларды монтаждоо, техникалык тейлөө жана ремонттоо”, "Электр менен камсыздоо", «Колдонмо информатика» жана «АСОИУ» адистиктеринин студенттери баяндама жасашты.

Иш-чарага бөлүм башчылары Сатаров Арзымат Эминович, Шакиров Кылыч Курбанбаевич, колледждин практика жетекчиси Касымова Зуура Советовна жана бөлүмдөрдүн практика жетекчилери Атаханов Хуснутдин Муктарович, Рахманберди кызы Мырзагүл эжекелер катышышты. Конференциянын жүрүшүндө студенттер өндүрүштүк практика учурунда алган тажрыйбалары, жетишкендиктери жана кесиптик көндүмдөрү тууралуу маалымат берип, аткарылган иштердин жыйынтыгы талкууланды.

Жыйынтыгында студенттердин практикалык даярдыгы жогору бааланып, активдүү катышуучуларга ыраазычылык баракчалары тапшырылды.


Жыйынтыктоочу конференция

Өндүрүштүк практикага жөнөтүү конференциясы

Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүнүн «Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо» адистигинин 11 база 2-курс жана 9 база 3-курс студенттерин 13-апрельден 8-майга чейин өтүүчү торт жумалык ондуруштук практикасына жөнөтүү конференциясы өткөрүлдү.

Конференцияга колледждин практика жетекчиси З.С. Касымова жана бөлүмдүн практика жетекчиси Бегжигитов Э. катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жетекчилер студенттерге практиканын максаты жана мааниси тууралуу кеңири маалымат берип, коопсуздук техникасы боюнча инструктаж өткөрүштү. Ошондой эле практика учурунда сакталуучу эреже-талаптар, аткарылуучу милдеттер жана жоопкерчилик маселелери боюнча түшүндүрмө беришти.

Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты. Жыйынтыгында жетекчилер студенттерге ийгиликтүү практика өтөп келүүсүн каалап, алган теориялык билимдерин иш жүзүндө бекемдөөгө чакырышты.


Окуу-таанышуу практикасы

Окуу-таанышуу практикасы – STEM инновациялык колледжи

STEM инновациялык колледжинин, Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүнө караштуу ТОРАТ, ЭТЭА, РМТ жана ЭС адистиктеринин 11 база 1-курс, 9 база 2-курс студенттери окуу-таанышуу практикасын өтөп келишип, отчёт тапшырышты. Отчёт тапшыруу учурунда бөлүм башчы Кубатов Нурлан Кушбакович, колледждин практика жетекчиси Касымова Зуура жана практика жетекчилери катышышты. Студенттер теориялык билимдерин практикада бекемдөө, иш процесси менен таанышуу жана келечектеги кесиптик багыт боюнча түшүнүк алгандыгы тууралуу айтып өтүштү. Практика учурунда алган тажрыйбалары абдан пайдалуу болгондугун көрсөтүштү. Акырында практика учурунда эмне жумуш аткаргандыгын жана эмнелерди үйрөнгөндүгүн сүрөттөрү менен чогуу отчётторун тапшырышты.