230110- Техническое обслуживание средств вычислительной техники и компьютерных сетей
Профессионалдык дисциплиналар конференциясы

Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрүн өндүрүштүк практикага жиберүү боюнча конференция

26.09.2025 Профессионалдык дициплиналар бөлүмүнүн "Колдонмо геодезия" жана "Туризм" адистиктеринин бутуруучу курстарынын студенттерин 4 жумалык окуу ондуруштук практикасына жонотуу конференциясы болуп өттү. Конференцияга бөлүм башчы Б.С. Сатыбалдиев, колледждин практика жетекчиси З.С. Касымова, бөлүмдүн практика жетекчилери С. Боронов, Б. Абдиев, Э. Асанбеков агайлар катышышты. Бөлүм башчы жана практика жетекчилер сөзгө чыгып студенттерди инструктаж, эреже-талаптар, милдеттер менен тааныштырышып, студенттердин суроолоруна жооп беришти жана өз каалоо тилектерин билдиришти.


Жыйынтыктоочу конференция

Информациялык технологиялар бөлүмүндөгү бүтүрүүчүлөрдүн окуу-өндүрүштүк практикасы боюнча жыйынтыктоочу конференция

Информациялык технологиялар бөлүмүндөгү информациялык дисциплиналар циклынын "ТОСВТ", "Колдонмо информатика" жана "АСОИУ" адистиктеринин бүтүрүүчү курстарынын студенттеринин 4 жумалык окуу-өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференцияга ОшМУнун практика жана карьера борборунун улук инспектору А. Маткалыков, бөлүм башчы А. Э. Сатаров, цикл башчы К. К. Шакиров, колледждин практика жетекчиси З.С. Касымова жана бөлүмдүн практика жетекчилери Рахманберди кызы М., Сманалиев Д., Маликова, Н. Шарабидинова А., Капарова А, Молдалиева Ж. жана 1-2-3-курстардын студенттери катышышты.