220206 -Автоматизированные системы обработки информации и управления
STEM инновациялык колледжинин практикасы 2025

STEM инновациялык колледжинин бүтүрүүчүлөрүнүн 2025-жылкы окуу-өндүрүштүк практикасындагы мониторинг иш-чарасы

STEM инновациялык колледжинин Информациялык технологиялар бөлүмүнүн ТОСВТ жана информациялык дисциплиналар циклынын “Колдонмо информатика” жана “АСОИУ” адистиктеринин бүтүрүүчү курстары 2025-жылдагы окуу-өндүрүштүк практикасына чыгарылган:
АСОИУ: 03.11.2025 – 29.11.2025
ПИЭ, ТОСВТ: 17.11.2025 – 13.12.2025
Практиканын жүрүшүн текшерүү максатында ОшМУнун Практика жана карьера борборунун башчысы М. Д. Бабаев, улук инспектор Аринова Ч. Т., колледждин практика жетекчиси Касымова З., бөлүмдүн практика жетекчилери Рахманберди кызы М. жана Сманалиев Д. биргеликте төмөнкү ишканаларга барып, студенттердин абалы менен жеринен таанышып келишти.
Текшерүү төмөнкү мекеме-ишканаларда жүргүзүлдү: ОшМУнун башкы корпусундагы Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун компьютердик борбору, Финка Банк, Кыргыз Телеком, Ош шаарынын мэриясы, Ош областтык китепканасы, Дос-Кедо Банк, Эко Исламик Банк, Жети Түс полиграфиялык борбору, Арсенал полиграфиялык борбору.
Сапар маалында студенттердин иш орду, аткарып жаткан тапшырмалары, көндүмдөрдүн өнүгүү деңгээли жана практика программасына шайкештиги текшерилди. Ошондой эле аларга тиешелүү эреже-талаптар, милдеттер жөнүндө кошумча маалымат берилип, студенттердин суроолоруна кеңири жооптар берилди.
STEM инновациялык колледжи практика өтүп жаткан студенттерге ийгилик каалап, кызматташкан мекемелерге ыраазычылык билдирет.


Профессионалдык дисциплиналар конференциясы

Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрүн өндүрүштүк практикага жиберүү боюнча конференция

26.09.2025 Профессионалдык дициплиналар бөлүмүнүн "Колдонмо геодезия" жана "Туризм" адистиктеринин бутуруучу курстарынын студенттерин 4 жумалык окуу ондуруштук практикасына жонотуу конференциясы болуп өттү. Конференцияга бөлүм башчы Б.С. Сатыбалдиев, колледждин практика жетекчиси З.С. Касымова, бөлүмдүн практика жетекчилери С. Боронов, Б. Абдиев, Э. Асанбеков агайлар катышышты. Бөлүм башчы жана практика жетекчилер сөзгө чыгып студенттерди инструктаж, эреже-талаптар, милдеттер менен тааныштырышып, студенттердин суроолоруна жооп беришти жана өз каалоо тилектерин билдиришти.


Жыйынтыктоочу конференция

Информациялык технологиялар бөлүмүндөгү бүтүрүүчүлөрдүн окуу-өндүрүштүк практикасы боюнча жыйынтыктоочу конференция

Информациялык технологиялар бөлүмүндөгү информациялык дисциплиналар циклынын "ТОСВТ", "Колдонмо информатика" жана "АСОИУ" адистиктеринин бүтүрүүчү курстарынын студенттеринин 4 жумалык окуу-өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференцияга ОшМУнун практика жана карьера борборунун улук инспектору А. Маткалыков, бөлүм башчы А. Э. Сатаров, цикл башчы К. К. Шакиров, колледждин практика жетекчиси З.С. Касымова жана бөлүмдүн практика жетекчилери Рахманберди кызы М., Сманалиев Д., Маликова, Н. Шарабидинова А., Капарова А, Молдалиева Ж. жана 1-2-3-курстардын студенттери катышышты.