Кафедранын түзүмү
т.и.к., доцент
Шаанов Т.М.
Салиева Э.А.
Алишер кызы Салтанат
Эрмекбай уулу Улукмырза
Усманов Т.М.
Султанова М.Ш.
Кубанычбек уулу Нурсултан
Курска мүнөздөмө
Бул курс магистранттардын археологиялык жана этнографиялык багыттагы талаа иштерин түздөн-түз практикалык шартта өздөштүрүүсүнө багытталган. Практика учурунда студенттер чыныгы же моделденген экспедициялык шартта иштеп, маалымат чогултуу, казуу өткөрүү, документтештирүү, интервью алуу жана байкоо жүргүзүү боюнча кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүшөт.
Курс археологиялык казуулардагы жана этнографиялык изилдөөлөрдөгү илимий, аналитикалык жана методологиялык талаптарды практикалык деңгээлде түшүнүүгө жана аткарууга үйрөтөт. Практиканын жүрүшүндө магистранттар талаа күндөлүгүн жүргүзүп, табылган материалдарды каттап, системалаштырып, алдын ала интерпретация жасашат.
Курстун максаты
Курстун негизги максаты — магистранттарды археологиялык жана этнографиялык талаа изилдөөлөрүн кесиптик деңгээлде өз алдынча уюштуруу жана жүргүзүү үчүн керектүү практикалык тажрыйба жана компетенциялар менен камсыз кылуу.
- казуу жана этнографиялык изилдөөлөрдүн талаа методдорун өздөштүрүү;
- материалдарды так жана илимий талаптарга ылайык документтештирүү;
- экспедициялык иштин этикасын жана эрежелерин сактоо;
- чогултулган материалды талдап, илимий отчет жазуу жөндөмүн калыптандыруу.
Милдеттери
- Методикалык даярдык
- Археологиялык казуу этаптарын түшүндүрүү;
- Этнографиялык изилдөөдө интервью, байкоо, суроо баракча түзүү ыкмаларын үйрөтүү.
- Практикалык талаа иштери
- Казуу аянтчасын пландаштыруу, торлоо, стратиграфияны кармоо;
- Табылгаларды топтоо, сүрөттөө, өлчөө, каттоо жана сызуу;
- Интервью алуу, аудио/видео жазуу жана талаа күндөлүгүн жүргүзүү.
- Документтештирүү жана анализ
- Материалдарды системалаштыруу жана классификациялоо;
- Экспедициялык журналды так толтуруу;
- Этнографиялык материалдарды коддоо жана интерпретациялоо.
- Илимий отчет даярдоо
- Талаа практикасы боюнча отчет жазуу;
- Отчетко схемалар, сүрөттөр жана табылгалардын каттоосун киргизүү;
- Практика боюнча презентация жасап коргоо.
- Профессионалдык компетенциялар
- Топ менен иштөө маданиятын өнүктүрүү;
- Экспедициядагы этикалык нормаларды сактоо;
- Өз алдынча чечим кабыл алуу жана жоопкерчилик алуу.
Ош мамлекеттик университетинин Тарых факультетинин 40 жылдык юбилейине арналган майрамдык иш-чаранын программасы

ОшМУнун тарых факультетинин студенттери бакалавриат программасы боюнча 4
жыл билим алып, социалдык –экономикалык билим берүү багытынын
“тарых” профили боюнча “бакалавр” академиялык даражасына ээ болушууда.
“Бакалавр” академиялык даражасы сизге өлкөбүздүн жана чет өлкөлөрдүн билим
берүү тармагында, социалдык, экономикалык жана маданий чөйрөлөрүндө жогорку
билимдүү адис катары эмгектенүүгө мүмкүнчүлүк берет.
“Бакалавр”
академиялык даражасына ээ болгондон кийин, сиз, билимиңизди факультеттин
магистратура бөлүмүндө уланта аласыз. Магистратурада окуу
мөөнөтү 2 жыл. Магистратуранын бүтүрүүчүсү социалдык-экономикалык билим
берүү багытынын тарых профилинин магистри академиялык даражасына ээ болот.
Магистр академиялык даражасына ээ болуу, заманбап жогорку билимге ээ болгон
адис катары өлкөбүздүн жана чет мамлекеттердин билим берүү, илим
тармактарында, эл чарбасынын башка чөйрөлөрүнүн башкаруу түзүмдөрүндө
жумушка орношууга негиз болот.
Тарых факультетинин“Башкарууну документтик камсыз кылуу, архивист” адистигинин колледжине тапшырсаңыз болот. Колледжге 9 кл. жана 11
кл. базасында кабыл алынат. Колледждин бүтүрүүчүсү “Башкаруунун
документтерин жүргүзүүчү адис, архивист” квалификациясына ээ болот жана
мамлекеттик бардык струтктураларда иштей алат.
Тарых факультети ааламдашуу шартында атаандаштыкка жөндөмдүү адисти даярдоо
үчүн төмөнкүдөй шарттарга ээ:
· Көп баскычтуу сапаттуу билим берүү мүмкүнчүлүгүнө;
· Жогорку квалификациядагы, кесипкөй окутуучулук курамга;
· Электрондук доска менен жабдылган окуу аудиторияларына;
· Акысыз интернет түйүнүнө байланышкан 2 компьютердик класска;
· 32027 даананы түзгөн китеп фондуна ээ китепканага жана окуу залына;
· Археологиялык жана этнографиялык материалдарга бай тарых музейине жана
илим-изилдөө лабораториясына;
· Кыргыз элинин жана аны менен коңшулаш элдердин тарыхын, маданиятын,
карым-катнашын изилдөөчү илимий борборлорго;
· Эл аралык программаларга катышуу, чет өлкөлөрдөн билим алуу (ички жана
тышкы академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча) ;
Терең урматоо менен, тарых факультетинин деканынын күндүзгү жана
сырттан окуу бөлүмүнүн орун басары, тарых илимдеринин кандидаты, доцент
Осмонова Самара Курбаналиевна.












