1. 2013-2014-окуу жылынан баштап жогорку кесиптик билим берүүнүн 3-муундагы мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде кайрадан иштеп чыгуу, жумушчу окуу пландарды түзүү, типтүү жана жумушчу программаларды жаңылоо зарыл;
2. Билим берүүнүн инновациялык ыкмаларын жана салттуу ыкмаларын айкалыштырууга эвристикалык мамиле жасоого жана пайдаланууга жетишүү;
2. Билим берүүдө жаңы усулдарды колдонуп, сапаттуу сабак өткөн окутуучуларга материалдык жана моралдык стимулдарды жана алардын эмгегин университетибиз үчүн кошкон салымына жараша баалоо;
3. Студенттердин билим алууга болгон кызыгууларын мекенге, окуу жайга, ата-энеге, эл-журтка болгон патриоттук сезимин ойготуу жолу менен жогорулатуу;
4. Кафедранын окуу иштерин өнүктүрүүдө окутулуучу дисциплинанын практикалык маанисине басым жасоо;
5. Предметтер боюнча мамлекеттик тилдеги окуу-усулдук колдонмолорду, окуу китептерди даярдоодо которуу, редактирлөө багытында көмөктөшүү.
<Окуу процессинин сапатын жогорулатуу үчүн төмөнкүдөй материалдык-техникалык базалар менен камсыздалат:>
1.Предметтик кааналарды заманбап окуу эмеректери менен жабдылат;
2.Практикалык сабактар көрсөтмө куралдар, дидактикалык каражаттар менен камсыз болот;
3. Кафедраданын карамагында мультимедиалык класст түзүп,, жаңы жабдуулар, окуу каражаттар (дискттер, аудио-видеокаражаттар, кинофильмдер) менен толуктап туруу;
4. Окуу процесси практика менен тыгыз байланышта жүргүзүлөт;
5. Сырттан окуган студенттер үчүн дистанттык окуу формасы үчүн окуу материалдары жаңыланат;
7.Университет тарабынан уютурулуучу окуу китебин, методикалык колдонмолорду түзүү