ДОЛБООРЛОР
Конок-лекция

Бүгүн ф.и.к., Ысык -Көл мамлекеттик университетинин доценти, драматург Кыял Асаналиева "Эрнист Турсунов - кыргыз маданиятын аздектеген акын" деген темада кыргыз тили жана адабияты адистигинин студенттерине конок-лекция өттү. Конок-лекция ОшМУнун кыргыз адабияты кафедрасы тарабынан уюштурулду.


ОшМУнун окутуучулары эл аралык илимий- практикалык симпозиумда баяндама жасашты

ФжМАК институтунун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары Т.Айбашова жана Н.Дамиловалар Батыралы Сыдыков атындагы кыргыз-өзбек эл аралык университетинде өткөн «Манас» эпосу, тил жана түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын туруктуу өнүктүрүүдө жасалма интеллекттин ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык симпозиумга катышып, “Улуттук кодду сактоо: «Манас» эпосундагы улуттук дөөлөттөрдү жасалма интеллекттин негизинде окутуу аркылуу маданий иденттүүлүктү калыптандыруу” аталышында баяндама жасашты. Катышуучулар баяндамада учурдагы актуалдуу тема козголгондугун белгилешти. "Манас" эпосу – кыргыз элинин улуттук коду, маданий өзөгү. Глобалдашкан жана технологиялашкан дүйнөдө бул кодду сактап калуу – мамлекеттин келечегин сактоо менен барабар. Мында жасалма интеллект билим берүүдөгү эң күчтүү куралдардын бири болуп, эпосту заманбап форматта жаштарга жеткирүүгө жол ача тургандыгын, билим берүү менен санарип технологияларды айкалыштыруу аркылуу маданий иденттүүлүктү бекемдеп, улуттук аң-сезимди туруктуу өнүктүрүүгө чоң салым кошо алса боло тургандыгын, кыргыз элинин улуттук иденттүүлүгүн сактоо үчүн билим берүү системасына "Манас" эпосун заманбап формада киргизүү – учурдун актуалдуу маселеси экендигин талкуулашты. Аны технологиянын жардамы менен жаңыча интеграциялоо менен дыкат үйрөтүү, практикалаштырып жеткирүү – улуттук иденттүүлүктү калыптандыруунун зарыл аракеттери. Жасалма интеллект – салттуу мурастарды жаңы муунга жеткирүүнүн күчтүү куралы жана ал аркылуу эпосту жаңыча формада тереңдетип түшүндүрүп, окутууну кызыктуу, жандуу жана натыйжалуу кылууга боло тургандыгы, мунун негизинде улуттук код сакталып, иденттүүлүк бекемделип, элдин руху өнүгө тургандыгы туурасындагы ойлорун ортого салышты.


Батыралы Сыдыков атындагы КӨЭАУда өткөрүлгөн "Улуттук уңгудан глобалдык келечекке: "Манас" эпосу, тил жана түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын туруктуу өнүктүрүүдө жасалма интеллекттин ролу" аттуу эл аралык илимий- практикалык симпозиум

2025-жылдын 30-сентябрында Батыралы Сыдыков атындагы КӨЭАУда өткөрүлгөн "Улуттук уңгудан глобалдык келечекке: "Манас" эпосу, тил жана түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын туруктуу өнүктүрүүдө жасалма интеллекттин ролу" аттуу эл аралык илимий- практикалык симпозиумда ОшМУнун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын доценти, филол.ил.кандидаты С.Давлатова жана п.и.кандидаты, доцент Н.Тахирова катышып, "М.Кашкаринин "Диванындагы" кесипке байланыштуу сөздөрдүн азыркы кыргыз тили менен катышы" аттуу кыргыз тилинин байыркы тилдерден экендигин, тилдик кубулуштардагы өзгөрүүлөрдү далилдүү мисалдар менен аныктаган мазмундуу баяндама жасашып, сертификаттарга ээ болушту.


ОшМУнун коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлери менен жолугушуу болуп өттү

17-сентябрь күнү филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун кыргыз тили жана адабияты адистигинин студенттери менен ОшМУнун коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлери жолукту. Бул иш-чаранын максаты кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу иштерин студенттерге жеткирүү.




Мамлекеттик тил макамынын 36 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

2025-жылы 23-сентябрь күнү ОшМУнун ФжМАКИнун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары студенттер менен МФТИТ институтунда Мамлекеттик тил макамынын 36 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара уюштурушту. Институттун директору ф-м.и.к., доцент Бектур Абдырахманович иш-чараны ачып, катышуучуларды куттукттоо менен келечектин инженер-программисттерин, IT адистерин кыргыз тилин маалымат мейкиндигинде бекем сактап, жаңы бийиктикке көтөргөн улуу муун болоруна ишенерин билдирди. Сөзүнүн аягында уюштуруучу топко, факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын окутуучуларына ыраазычылык билдирди. Кыргыз тилин даңазалаган майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, эне тилибизде ыр, бий, күү жаңырып, студенттерге жагымдуу маанай тартууланды.




"Тил – улуттун дөөлөтү"

2025-жылдын 23-сентябрында ФжМАК институтунун окутуучулары Н.Дамилова, А.Осмонова Мамлекеттик тил күнүнө арналган "Тил-улуттун дөөлөтү" аттуу иш-чараны ПИжЖ институтунда уюштурушту.Аталган иш-чарага 1-курстун студенттери жигердүү катышышты. Иш-чарада мамлекеттик тилди даңазалаган акындардын ырлары көркөм окулуп, кыргыз элин, жерин даңазалаган обондуу ырлар жаңырды. Жаш акын-студенттер элдин жүзү болгон эне тилдин ыйыктыгын даңазалаган өз калеминен жаралган ыр саптарын көркөм окуп, катышуучулардын алкышына ээ болушту.




Мамлекеттик тил күнүнө арналган адабий-музыкалык иш-чара

2025-жылдын 23-сентябрында ОшМУнун филология жана маданият аралык коммуникация институтунун чет тилдер бөлүмүнүн чоң залында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилинин 36 жылдыгына арналган “Мамлекеттик тил – өлкөнүн уңгусу” аталышындагы адабий-музыкалык иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин коомдогу орду боюнча презентациялар, көркөм чыгармалар окулуп, обондуу ырлар, сахналык көрүнүштөр аткарылды. Ошондой эле институттун директору, доц. О.А.Шаимкулов мамлекеттик тилди өнүктүрүү, анын колдонуунун чөйрөсүн кеңейтүү жана жаш муундарга сиңирүү багытындагы ойлорун бөлүшүп, таланттуу студенттерге, факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын башчысы, доц. З.Каразаковага, окутуучулар Н.Караева, Г.Мамадиеваларга, тарбиялык иштер боюнча жооптуулар Б.Азамжан уулу (чет тилдер), Ч.Токуроваларга (орус тили) ыраазычылык билдирди. Бул иш-чара студенттердин мамлекеттик тилге болгон сый-урматын арттырып, маданий баалуулуктарды өздөштүрүүгө, ошондой эле ынтымакты жана биримдикти чыңдоого шарт жаратты.



“Кыргыз тилинин келечеги: сакталуу жана өнүгүү жолдору” аттуу дебат өткөрүлдү.
2025-жылдын 22-сентябрында ЭБжМ институтунда мамлекеттик тил күнүнө карата 1-курстар аралык “Кыргыз тилинин келечеги: сакталуу жана өнүгүү жолдору” аттуу дебат өткөрүлдү. Иш-чараны ЭБжМ институтунун директору э.и.д., доцент Т.М.Исраилов жана кафедра башчылары сөз сүйлөп, студенттерди мамлекеттик тил күнү менен куттукташты. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин келечеги, анын өнүгүүсү, сактап калуу жолдору, кош тилдүүлүк, анын кыргыз тилинин өнүктүрүүгө тийгизген таасири, “аралаш тилде” (коуд-свитчинг) сүйлөө маселелери кызуу талкууга алынды. Иш-чара тил тууралуу көркөм окуу сынагы менен жыйынтыкталды. Иш-чараны ФжМАК институтунун ФАКТ кафедрасынын улук окутуучулары п.и.к. Р.Бекмуратова жана Б.Закирова уюштурушту.



Нармырзаева К.




Конкурстук долбоорлор



Долбоорлорду бекитүү