Жаңылыктар

ДЕНЕ ТАРБИЯ СЕКТОРУ

ДЕНЕ ТАРБИЯ БӨЛҮМҮНҮН ТАРЫХЫ

Ош мамлекеттик университетинде 1998-1999-окуу жылында дене тарбия адистиги ачылып педагогика жана дене тарбия факультети деп түзүлгөн. 2019-2020-окуу жылында психология адистиги кошулгандыгына байланыштуу педагогика, психология жана дене тарбия факультети деп аталып келген.

Ош мамлекеттик университетинин ректорунун 2022-жылдын 30-июнунда

№2584-ФХД/22 буйругу менен өз алдынча «Дене тарбия» факультети болуп

түзүлгөн. Кийин 2024-жылы Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту деп аталып, анын ичинде дене тарбия сектору өзүнчө структура болуп түзүлүп, төмөндөгүдөй кафедраларды камтыды:

- Дене тарбиянын физиологиясы, теориясы жана методикасы кафедрасын Т.

Оморов 2001-жылдан 2004-жылга чейин, А.Изамаматов 2004-жылдан 2007-жылга чейин, Р.Карабаев 2007-жылдан 2008-жылга чейин, К.Жээналиев 2008-жылдан 2012-жылга чейин, С Темирбаев 2012- жылдан 2017-жылга чейин, Ы.Райимбердиев 2017-жылдан 2022-жылга чейин, Р.Камилов 2022-жылдан 2025-жылга чейин, 2025-жылдын сентябрь айынан тартып улук окутуучу К. Дуйшонали кызы жетектеп келүүдө.

- №1 факультеттер аралык дене тарбия кафедрасын 1949-1953-жж Д.В.Фрейдмин, 1953-1954-ж.ж. Н.С. Лепесов, С.Э.Риниэ,1955-1959-ж.ж. А.Н. Еропунов, 1959-1962-жж Э.Э.Бреш, 1963-1968-ж.ж Н.С. Лепесов, 1968-1972-жж, 1973-1974-жж И.З Щербоков, А.Юнусов,1975-1982-ж.ж. Х.Артыков, 1983-1985-ж.ж А.Д.Добулов, 1985-1986-ж.ж, Т. Королов, 1986-1988-ж.ж, В.В.Данилин, 1988-1989-ж.ж. Т.Жалалов, 1989-1999-ж.ж, Т.Оморов, 1999-2002-ж.ж. Р.Карабаев, 2002-2003-жылы эки кафедра бөлүнүп, №1 дене тарбия кафедрасын Р.Карабаев , №2дене тарбия кафедрасын Х.Артыков жетектеген. М.Жусубалиев 2003-2005-ж.ж. А.Салиебаев 2008-2011-ж.ж,Э.Турдиев 2012-2017- ж.ж. М.Назаров 2017-2020-ж.ж. К.М. Нурмаматов, Р.Карабаев 2020-жылдан 2025-жылга чейин, 2025-жылдын сентябрь айынан тартып, улук окутуучу А.Атабаев жетектеп келет.

- № 2 факультеттер аралык дене-тарбия кафедрасы 2019-жылы 9-июльунда

ОшМУнун окумуштуулар кеңешмесинин чечими менен №576 буйрук негизинде табият таануу жана география факультетинин ачылган. Аталган кафедраны алгач, ага окутуучу А.Э. Саттаров жетектесе, 2020-жылдын 24-февралынан баштап, доцент Б.М. Кулуев жетектөөдө.

- Спорттук жана улуттук оюндар кафедрасы ОшМУнун ректорунун буйругу

2048-ФХД/21 жана ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2021-жылдын 23-апрелиндеги №7 протоколдун чечиминин негизинде “Спорттук жана улуттук оюндар” кафедрасы түзүлгөн. 2021- жылдын 23- апрелинен баштап доцент Сатиев Таалайбек Адылбекович жетектеген, улук окутуучу Сабиров Сулайман Абдикалилович 2022-жылдын 20-апрелинен 2025-жылга чейин, 2025-жылдын сентябрь айынан тартып доцент Сатиев Таалай жетектеп келүүдө.

Бүгүнкү күндө дене тарбия бөлүмүн п.и.к., доцент Үсөн уулу Жыргалбек жетектеп келүүдө.

БӨЛҮМДҮН МАКСАТЫ

- Орто мектептерде, лицей, спорт мектептерине, колледж жана жогорку окуу

жайларына ар тараптан өнүккөн, жогорку маалыматтуу дене тарбия мугалимдерин жана машыктыруучуларын даярдоо;

- Окутуу жараянында жаны технологияларды

колдонуу аркылуу студенттердин кесиптик чеберчилигин калыптандыруу,

өлкөбүздү заманбап дене тарбия адистери менен камсыз кылуу;

БӨЛҮМДҮН МИЛДЕТИ

• Келечектеги кесип ээлерин өздөрү тандап алган адистиги боюнча теориялык

жана усулияттык жактан билиминин бекем болушуна жетишүү;

• Окутуу процессинде кесиптик чеберчилигин, ык-машыгууларын калыптандыруу жана алган билимдерин практикалык иш-аракеттерде пайдалана билүү;

• дене тарбияны чыңдоочу борборлордо, спорт, аскер кызматын өтөөчү ишканаларда студенттердин спорттук иш аракеттерин алып баруусун күчөтүү.

Шифри

Багыты/адистиги

ЖРТ кошумча предмет

Окуу формасы

Окуу мөөнөтү

Келишим акысы

Жогорку кесиптик билим берүүчү багыттар/Бакалавр

532000

Дене тарбия жана спорт

ЖРТ милд. эмес

Күндүзгү/Сырттан

4 жыл/5 жыл

БӨЛҮМДҮН МАТЕРИАЛДЫК–ТЕХНИКАЛЫК БАЗАСЫ

Дене тарбия секторунда лекциялык, семинардык, лабораторялык сабактарды өткөрүү үчүн талапка ылайык аудиториялык фонд жалпысынан 4832 м2 түзөт: анын ичинде 4 лекциялык каана ( № 211, 214, 216, 221 кааналар, 560 м2

аянт), лабораториялык жана практикалык сабактар учун кааналар – 2722 квадрат метрден турат. Факультетте студенттер учун 34 аудитория бар.

Алардын ичинен 1 аудио-видео техника мене жабдылган лингафондук лаборатория (№ 207 каана), МЕДИА борбор (№ 200 каана), интерактивдуу доска, оргтехника колдонуу учун лекциялык зал (№ 214 каана), интерактивдуу доска коюлган (210,307 каана), методкабинет ( №304 каана), тренинг центр (“№ 222 каана), компьютердик класс (№ 315 каана). Дене тарбия адистигинде окуп жаткан

студенттер үчүн факультеттин фондунда спортзал (2), мини футбол үчүн площадка (1), баскетбол ойноо аянтча (2), волейбол ойноо үчүн площадка (1), душ алуу кааналар (3), раздевалка (2), теннис зал (1), машыгуу залы кирет.

Ошондой эле, факульттин спорт аянтчасында гимнастика сабактарын өткөрүү үчүн, атлетикалык машыгулулар үчүн ар кандай турниктер жайгашкан. Ар окуу жылдын башында дене тарбия факультети шаардын стадиону, “Алыш”

спорт-комплекси, шаардык ДЮСШ жана у .с спорт мекемелер менен келишим

түзүп, керектүү кааналарды, спорт инвентарларын ижарага алып дене тарбия

адистигиндеги студентерге машыгуу үчүн шарт түзүп берет.

БӨЛҮМДҮН ДАРЕГИ: Ош ш., А.Масалиев к., 91 а. Ош МУнун дене тарбия бөлүмү.

УЧУРДА ДЕНЕ ТАРБИЯ БӨЛҮМҮН ПЕДАГОГИКА ИЛИМДЕРИНИН КАНДИДАТЫ. ДОЦЕНТ ЖЫРГАЛБЕК ҮСӨН УУЛУ ЖЕТЕКТЕП КЕЛЕТ.