Резюме 2022-2023

Сапаров Кубанычбек Кармышакович

1972-жылы 13-июндаОш облусунун Ноокат районунун Интернационал айылында туулган.

1997-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин табият таануу жана география факультетин «химия» мугалими адистигин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

1997-1999-жылдары ОшМУга караштуу квалификацияны жогорулатуу жана адистерди кайра даярдоо институтунда окутуучу;

1999-2002-жылдары ОшМУнун аспиранты;

2002-2010-жылдары ОшМУнун Жалпы жана органикалык эмес химия кафедрасынын окутуучусу, ага окутуучусу;

2005-2008-жылдары ОшМУнун Химия жана фармацевтика факультетинин деканынын тарбиялык иштер боюнча орун басары;

2010-жылдан бери Химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын доценти;

2014-жылдан бери ОшМУнун табият таануу жана география факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары.

Окумуштуулук даражасы: -02.00.01- органикалык эмес химия боюнча илимдин кандидаты 11.06.2010-ж.

Ош Мамлекеттик Университетиндеги жалпы стажы - 26 жыл.

ГАНИС программасы боюнча илимий проектте “Составында азот, күкүрт, кычкылтек кармаган органикалык лигандалар менен биометаллдардын туздарынын негизинде координациялык бирикмелерди синтездөө, алардын физико-химиялык касиеттерин изилдөө” деген темада илимий кызматкер болуп иштеген.

Ош, Бишкек, Ташкент жана Ходжент шаарларында өткөн илимий конференциялардын жана семинарлардын катышуучусу.

Жарык көргөн эмгектери: жалпы 35 илимий макалалары Ош, Бишкек, Ташкент жана Самара шаарларынан жарык көргөн.

Сыйлыктары: - ОшМУнун Ардак грамотасы (2013-ж);

- КР ББжИМнин Ардак грамотасы (2018-ж).

Үй-бүлөлүк абалы: 2 кыз жана 3 уулдун атасы.