Велогонки 1-место
Магистраттар илимий-изилдөө конференциясында





ОшМУ үч баскычтуу билим берүүгө (бакалавриат, магистратура, PhD докторантура) укук алган республикадагы 3 мамлекеттик университеттин катарына кошулуп, бүгүнкү күндө Борбордук Азиядагы билим берүүнүн, илимдин жана маданияттын жалпыга таанымал борбору болуп эсептелет.
1998-жылдан тартып ОшМУ менен Анкара университети ортосундагы келишимдин негизинде “Теология” багыты боюнча магистрлерди даярдоо ишке ашырыла баштаган. Чет өлкөдөгү ар түрдүү магистрдик программалар боюнча магистрлерди даярдоо тажрыйбасын талдоонун натыйжасында 2008-жылы ОшМУнун “Бизнес жана менеджмент” факультетинин базасында “Экономика” жана “Менеджмент” багыттары боюнча магистрдик программалар ачылган. Бул окуя Кыргыз Республикасынын Түштүк аймагындагы биринчи болуп Ош мамлекеттик университетинде адистерди эки баскычтуу “бакалавр-магистр” системасы боюнча даярдоого өтүү башталганынан кабар берет.
Учурда университетте 50 багыт боюнча магистрдик программалар бар жана бул тизме жылдан жылга өсүүдө.