About department
fficial visit, a cooperation agreement was signed between the Department of Methods of Teaching English at the Faculty of Foreign Languages of Osh State University and Ferghana State University. The agreement establishes a framework for strengthening institutional academic and research cooperation, facilitating the exchange of pedagogical expertise and best practices, organizing joint academic and scientific events, promoting academic mobility for faculty members and students, and implementing collaborative research initiatives.

Ош мамлекеттик университети менен Фергана мамлекеттик университетинин ортосундагы эл аралык академиялык кызматташтыкты чыңдоо Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) Чет тилдер факультетинде Фергана мамлекеттик университетинин (ФерМУ) делегациясы менен расмий жолугушуу болуп өттү. Расмий иш сапардын алкагында Ош мамлекеттик университетинин Чет тилдер факультетинин Англис тилин окутуунун методикасы кафедрасы менен Фергана мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду. Аталган келишим институционалдык академиялык жана илимий кызматташтыкты чыңдоого, педагогикалык тажрыйба жана алдыңкы окутуу практикалары менен алмашууга, биргелешкен академиялык жана илимий иш-чараларды уюштурууга, окутуучулар менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүүгө, ошондой эле биргелешкен илимий-изилдөө демилгелерин ишке ашырууга багытталган.


Кафедранын тарыхы өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынан башталат. Алгач кенже курстарды тейлеген англис тили кафедрасы деп аталып методика боюнча лекциялык курстар, практикалык сабактар, педагогикалык практиканы уюштуруу жана жетектөө мурдагыдай эле англис тили кафедрасынын иш алкагында калган, ага жаш окумуштуу-методист В.Т.Ковальчук жетекчилик кылган. 1978-жылы чет тилдерди окутуунун методикасы кафедрасы болуп түзүлүп, анын башчылыгына п.и.к, доцент А.Н. Лисс шайланат. Бул көрүнүктүү методисттин жетекчилиги астында чет тили окутуучуларын даярдоо өңүтүндө бир кыйла алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Адистик боюнча окуу пландары өркүндөтүлүп, окуу программаларынын мазмуну бир кыйла жакшыртылды. Методика боюнча атайын курстар, семинарлар уюштурулду, жыл бою өтүлө турган тынымсыз педпрактика жүзөгө ашырылды. Кафедраны Г.Г. Имамутдинова, В.Т. Ковальчук, Е.Д. Соркина, Е.М. Коростышевская, А.С.Краснова, С. Абдугулов, А.Н. Лисс, Б.К.Койлубаева, А.А.Анарбаев аттуу окумуштуулар кафедранын өнүгүшүнө зор салымын кошуп жетектеп келишти. 2022-жылдын Июнь айынан бери ф.и.к., доцент Д. Б. Суркеева жетектеп келүүдө. Англис тилин окутуунун усулу кафедрасынын башкы максаты – студенттерди профессионалдык жактан калыптандыруу. Ошондуктан кафедрада англис тили окутуучуларын усулдук өңүттө даярдоо боюнча комплекстүү система иштеп чыгылган. Кафедрага англис тили бөлүмүнүн тайпаларынын бардык курстарында студенттеринин усулдук гана эмес, лингвистикалык даярдыгын, кеп маданиятынын деңгээлин жогорулатуу боюнча да жооптуу милдеттер жүктөлгөн. Азыркы учурда окутуучулар кафедранын регистрациялык картасында бекитилген «Англис тили мугалиминин кесиптик компетенттүүлүгү боюнча окуу процессин рационализациялоо» деген тема боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Окутуучулар университетте, республикада жана чет өлкөлөрдө өткөрүлүп жаткан илимий-усулдук конференцияларда баяндамаларын презентация жасап активдүү катышууда. 2017-окуу жылында кафедра мүчөлөрүнүн 9 макаласы жарыкка чыкты. Анын ичинен 2 макала АКШда «Young scientist» (Жаш окумуштуу) журналына, 5 макала Андижан мамлекеттик университетинин илимий журналында жана 2 макала ОшМУнун «ОшМУнун жарчысы» журналында жарык көрдү. Кафедрадагы окумуштуулар РИНЦке катталган. Web of Science, Scopus илимий сайттарына катталууга аракеттер жүрүүдө. Кафедранын окутуучулары өздөрүнүн изилдөө иштери боюнча макалаларды, окуу-усулдук колдонмолорду басмадан чыгарышкан. Алардын иштеринин айрымдары окуу-усулдук колдонмо катары студенттерге жана мектеп окуучуларына сунуш кылынган.