СОЦИАЛЬНАЯ ДЕЯТЕЛЬНОСТЬ

Бүгүн, 2026-жылдын 17-мартында, Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетине караштуу Терапевтикалык стоматология кафедрасынын башчысы, м.и.к., доцент Имаилов А.А.нын жетекчилиги астында кафедранын окутуучулары жана «Стоматология» адистигинин студенттери «Дадан Султанов» атындагы билим берүү жатак мектебинин 1–4-класстарынын окуучулары үчүн профилактикалык иш-чара уюштурушту.

Аталган иш-чаранын негизги максаты — окуучулардын ооз көңдөйүнүн саламаттыгын жакшыртуу. Иш-чара Түштүк Кореянын дарыгер-стоматологдорунун колдоосу менен өткөрүлүп, анын алкагында балдарга тиш пасталары жана тиш щёткалары белек катары таратылды.

Мындан тышкары, тиши ооруп жаткан окуучуларга консультациялар берилди. Ошондой эле окуучуларга ооз көңдөйүнүн гигиенасын сактоо жана тишти туура тазалоо ыкмалары боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, практикалык көрсөтмөлөр сунушталды.


Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин Терапевтикалык стоматология кафедрасынын окутуучулук курамы жана стоматология адистигинин студенттери менен биргеликте «Дадан Султанов» атындагы билим берүү жатак мектебинин 1-4-классынын окуучуларынын ооз көңдөйүнүн абалын жакшыртуу максатында Туштук Кореянын врач-стоматологторунун демоорчулугу менен,терапевтикалык стоматология адистигинин окутуучулары Дадан Султанов атындагы билим берүү жатак мектебинин 1-4-классынын окуучуларына Тиш паста жана тиш щетка белек кылынды, ошондой эле окуучуларга ооз көңдөйүнүн гигиенасы тишти таза жуунун эрежеси толук үйрөтүлдү.