БИЗДИН ИНСТИТУТ

Урматтуу кесиптештер, студенттер жана өнөктөштөр!

Сиздерди институтубуздун расмий сайтынан чын дилимден куттуктайм. Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту ыкчам өнүгүп жатат, жана бул жетишкендиктер сиздердин эмгегиңиздердин, демилгелериңиздердин жана билимге болгон умтулууңуздардын натыйжасы болуп саналат.

Биз билим берүү процессин мындан ары да өркүндөтүп, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүп, эл аралык кызматташтыкты бекемдөөнү улантабыз. Биргелешкен аракеттерибиз менен жаңы бийиктиктерди багындырып, маанилүү долбоорлорду ишке ашырарыбызга ишенем.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, окууда жана кесиптик ишмердүүлүктө ийгиликтерди каалайм!

Урматтоо менен,
Низамиев Абдурашид Гумарович
Институттун директору