|
Ф.А.А.: | Осмонали уулу А. | Ээлеген кызматы: | Тарбиялык иштер ж-а келишимдик төлөмдөр боюнча декандын орун басары |
| Тел: | +996 222 343 408 |
Урматтуу окутуучулар, кызматкерлер жана студенттер!
Институтубуздагы тарбиялык жана коомдук иштер жаштардын дүйнө таанымын кеңейтүүдө, жарандык жоопкерчилигин калыптандырууда, ошондой эле маданий жана руханий баалуулуктарды өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт. Биздин максатыбыз — ар бир студенттин чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн ар тараптуу ачуу үчүн шарт түзүү жана аны активдүү, билимдүү, коомго пайдалуу инсан катары калыптандыруу.
Студенттик кеңеш, жаштар уюмдары жана институттун коомдук түзүмдөрү менен биргеликте студенттик жашоону өнүктүрүү, алардын демилгелерин колдоо жана жаңы долбоорлорду ишке ашыруу багытында активдүү иш алып барабыз. Ар бир иш-чара жана ар бир демилге жаштарды өнүктүрүүгө, биримдикти жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого багытталган.
Тарбия иштери боюнча директордун орун басары: Осмонали У. А.











