Жаңылыктар

Агрономия

Урматтуу студенттер, окутуучулар жана кесиптештер!

Сиздерге Агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасынын атынан кайрылам

Биздин кафедра агрардык тармак үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого, илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүгө жана заманбап билим берүү ыкмаларын киргизүүгө өзгөчө көңүл бурат. Студенттердин теориялык билимдерин практикалык көндүмдөр менен айкалыштыруу — биздин негизги максатыбыз.

Кафедра жамааты билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, илимий жана инновациялык ишмердүүлүктү кеңейтүү багытында тынымсыз эмгектенет.

Бардыгыңыздарга окууда жана иште чоң ийгиликтерди каалайм!

Урматтоо менен,
Муратова Рахима Темирбаевна
б.и.к., доцент
Агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасынын башчысы