Сапат - ишенимдин негизги көрсөткүчү!
2026-жылдын 15-май күнү ОшМУнун зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын окутуучу-профессорлору б.и.к., доцент А.Абдыкааров жана б.и.к., доцент К.Стамалиевдер - Адылмырзаева Канайым Адылмырзаевнанын билимин, тажрыйбасын тышкы аудит катары баалоо өткөрүштү. Белгилей кетсек, Канайым Адылмырзаева Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин Ош өсүмдүктөрдүн карантини лабораториясынын башкы адиси, энтомолог кызматын аркалап келет. Аудит өткөрүү учурунда башкы адис-энтомолог Канайым Адылмырзаевнанын иш кагаздары, анализдерди чыгаруу методикалары текшерилди.
ISO/IEC 17025 (лабораториялардын компетенттүүлүгүн жана ишинин сапатын баалоочу Эл аралык стандарт) стандарттары боюнча аккредитациядан өтүүдө лабораториядагы ар бир процесс кылдат текшерилет. Аудит учурунда адистин билими, тажрыйбасы жана ишке болгон жоопкерчилиги аудиторлор тарабынан текшерилип, жыйынтыгында башкы адис-энтомолог Канайым Адылмырзаевна өз ишин так аткарган, такшалган адис катары бааланды.
Бүгүнкү күчөтүлгөн көзөмөл - бул жөн гана текшерүү эмес, ал экспортко чыгуучу ар бир мөмө-жемиштин, жашылчалардын сапатына, коопсуздугуна жана өлкөбүздүн аброюна болгон чоң жоопкерчилик. Заманбап жабдуулар, так анализдер жана кесипкөй адистердин тынымсыз эмгеги менен өндүрүлгөн продукцияларыбыз Эл аралык стандарттарга жооп берип, дүйнөлүк рынокко ишенимдүү жол алат.

Эл аралык конференция

2025-жылдын 23-24-май өткөрүлгөн профессор Б.К.Кулназаровдун 65 жылдык юбилейине арналган конференциянын иш-планы





























