ОБУЧЕНИЕ И ПРОИЗВОДСТВЕННАЯ ПРАКТИКА

Экология боюнча окуу-талаа практикасы уланууда

Окуу графигине ыйлайык эки жумалык практиканын экинчи жумасында, студенттер: 16-март, 2026-жыл – дүйшөмбү күнү КРнын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин органикалык биология лабораториясы менен таанышышты. Аталган лабораторияда айыл чарбасында колдонулуучу пайдалуу курт-кумурскалар жана микроорганизмдер өстүрүлөт. Өстүрүлгөн биоматериалдар өсүмдүктөргө жана топуракка зыян келтирбестен, зыянкечтерге каршы күрөшүүдө колдонулат.

17-март, 2026-жыл – шейшемби күнү КРнын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин Ош облусу боюнча региондук башкармалыгы мекемесинин органикалык эмес химия лабораториясы менен таанышышты. Бул жерде суунун сапаты жана курамы текшерилгендиги, pH деңгээли жана ар кандай көрсөткүчтөрү аныкталгандыгы туураалуу кенен маалымат алышты.

18-март, 2026-жыл – шаршемби күнү Ош шаар Сууканал саркынды сууларды тазалоочу станциясында болушуп, ал жердеги саркынды сууларды тазалоо этаптары менен таанышышты. Саркынды сууларды тазалоо үч этап менен жүргүзүлүп, тазаланган суулар Ак-Буура дарыясына куюлуп, айыл чарба багытында сугат суу максатында пайдаланылат.

19-март, 2026-жыл – бейшемби күнү Зоология, экология жана биоинженерия кафедрасында экология дисциплинасы боюнча эки жумалык практиканы жыйынтыктап, пикир алмаштык. Практика – студенттер үчүн пайдалуу жана маанилүү болгондугун белгилешти.


Экология боюнча окуу-талаа практикасы
2026-жылдын 9-13 - март күндөрү ОшМУнун ТДТАТ институнун зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын доценти Атабеков Үсөн Адановичтин жетекчилигинде 520200 Биология багытынын "Биология жана лабораториялык иши" профилинин БЛ(б)-1-23 тайпасынын студенттери экология предмети боюнча Ош шаарындагы экологиялык мекеме-ишканаларда окуу-талаа практикасын өткөрүштү. Алгач студенттер окуу-талаа практикасынын максаты, милдеттери таанышып, коопсуздук эрежелери боюнча кол коюшту. Практиканын жүрүшүндө: 9-март - Ак-Бууранын экологиялык абалы; 10-март - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош областтык башкармалыгы; 11-март - Оштогу кара тумоого каршы күрөшүү бөлүмү; 12-март - Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору; 13-март - Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын лабораторияларында болушуп, аталган мекеме-ишканалардын аткарып жаткан жумуштары менен кеңири таанышышты. Аталган мекеме-ишканалардын жетекчилери - студенттер окууларын аяктаган соң жумуш менен камсыздоого кызыкдар экендиктерин белгилеп жатышты. Апта ичиндеги өткөрүлгөн практика студенттер үчүн абдан пайдалуу жана кызыктуу болгондугун студенттер белгилешти. Практикабыз кийинки аптада улантылат


>Зоология боюнча окуу-талаа практикасы уланууда… Окуу планына жана графигине ылайык зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын башчысы, доцент Стамалиев Кутманалынын жетекчилиги менен 520200 Биология билим берүү программасынын “Биология жана лабораториялык иши" профилинин БЛ(б)-1-24 тайпасынын студенттери омурткасыздардын зоологиясы предмети боюнча окуу-талаа практикасын улантышты. 12-март күнү Ош шаарынын аймагындагы тузсуз сууларды, топурак чөйрөсүн байырлаган жана 13-март күнү дарак-бадал өсүмдүктөрүндө жашаган омурткасыз жаныбарлардын фаунасы менен таанышышты. Түрдүк курамдарын аныктоо үчүн жаныбарлар жалпы кабыл алынган изилдөө методдорунун жардамында кармалып, кафедранын лабораториясында изилденди. Натыйжада, тузсуз суулардагы 4, топурактагы 7, дарак-бадал өсүмдүктөрүндөгү 8 түрлөргө таандык болгон омурткасыз жаныбарлар аныкталды. Кармалган жаныбарларга зыян келтирилбестен жаратылышка кое берилди.


Омурткалуулар зоологиясы боюнча алгачкы окуу-талаа практикасы башталды

2026-жылдын 9-11 – апрель күндөрү Ош мамлекеттик университетинин табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын доценти Абдыкааров Абдиманнаптын жетекчилигинде 520200 Биология билим берүү программасынын “Биология жана лабораториялык иши" профилинин БЛ(б)-1-24 тайпасынын студенттери омурткалуулардын зоологиясы предмети боюнча шаар ичиндеги алгачкы окуу-талаа практикасын өткөрүштү. Студенттер алгач окуу-талаа практикасынын максаты, милдеттери жана коопсуздук эрежелер менен таанышышты. Андан соӊ алар аба ырайынын катаал богондугуна карабастан 3 күн ичинде аталган предмет боюнча алган теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдей алышты. Студенттер практиканын жемиштүү өткөндүгүн жана изилдөөгө болгон кызыкчылыктардын пайда болгондугун белгилешти. Бул практика май айында Ош шаарынын чеке белдеринде жана Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркында улантылат.



520200 Биология программасынын негизинде окутуунун натыйжаларына жетүүдө практикалардын орду чоң. Бул максатта практикаларды өтүүчү мекемелер - мамлекеттик жаратылыш парктары жана коруктар, мектептер, ишканалар ж.б. менен келишимдер түзүлгөн (келишимдер кафедраларда сакталат).

Практикалардын жоболору, ички тартиби, силлабустары иштелип чыгылган. Практикаларга өзгөчө көңүл бурулат. Билим берүү программасын ишке ашырууда студенттердин практикалык даярдыгын ашыруу үчүн окуу-талаа практикалары, өндүрүштүк практикалары кызмат кылат. Алар предметтен билим деңгээлин, ык-машыгууларын арттырат. Ал эми квалификациялык педагогикалык даярдыгын ашыруу үчүн практикалар уюштурулат. Буларга 2-курстагы адаптациялык практика, 3-курстагы педагогикалык, 4-курстагы мамлекеттик практикалар кирет. Бул үчүн практикалардын бардык түрүнө 28 кредит бөлүнгөн жана алар үчүн жумушчу программалар, силлабустар, компетенттүүлүктүн критериялары иштелип чыккан, практикалардын жоболору бекитилген. Сабактан сырткары учурунда, же практикалардан кийин педагогикалык семинарларга, курстарга, дискуссияларга, жолугушууларга катышышат.

“Өсүмдүктөрдүн анатомиясы жана морфологиясы” жана “омурткасыздардын зоологиясы” предметтери боюнча 1-курстар, ал эми “өсүмдүктөрдүн систематикасы” жана “омурткалуулардын зоологиясы” предметтери боюнча 2-курстар үчүн окуу-талаа практикалары атайын түзүлгөн келишимдердин негизинде өзгөчө коргоого алынган жаратылыштык аймактарда уюштурулат.