2023-жылдын 21-октябрь күнү STEM инновациялык колледжинин 230701 “Колдонмо информатика”
жана 220206 “Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырган системалары жана
башкаруу” адистиктери мекеме-ишканалар менен кызматташуу жөнүндө
Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. STEM инновациялык колледжи Алай
районунун Үч-Дөбө айыл өкмөт, Насирдин Исанов айыл өкмөт, “Мастер Принт”
полиграфиялык борбору, “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын Ош
шаарындагы филиалы, “Кадастр” мамлекеттик иш канасынын Ош шаарындагы
филиалы, Бируни IT мектеби, Кара-суу райондук социалдык фонд башкармалыгы,
“Тез Тап КейДжи” жарнамалык агенствосу, Кыргыз почтасы ачык акционердик
коомунун Кара-Суу райондук филиалы, Мугалим өнүгүү борбору, ЖИ « Эргешов Т»
авиакассасы, Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөт, “Азия банк” жабык
акционердик коому, “Финка банк” жабык акционердик коому Ош филиалы,
“Коммерциялык банк Кыргызстан” ачык акционердик коому Ош филиалы
мекеме-ишканалардын жетекчилери менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол
коюшту.
Кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу иш-чарасында катышуучулар STEM инновациялык колледжинин 230701 “Колдонмо информатика” жана 220206 “Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырган системалары жана башкаруу” адистиктеринин НКББПлары менен таанышып, иш берүүчүлөр менен колледждин кызматташуусун, тажрыйба алмашуусун талкуулашты.






