





2025-жылдын 3-февралында Ош малекеттик университетинде окуу жайдын "Келечек муундун ХАБы" борборунун базасында "Борбордук Азияны спутниктен байкоо жана космикалык зонддоо" жана критикалык минералдар борборлору ачылды. Салтанатка окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, чет өлкөлөрдөн жана өлкө аймагынан келген окумуштуулар катышты. Аталган борборлор Кыргыз Республикасында алгач ирет ачылып жатат жана бул борборлордун окуу жайга, жалпы эле эл чарбасына тийгизген таасирлери кандай болот? 1. Кыргызстанда космостук зонддоо борборун түзүү өлкөгө бир катар маанилүү пайда алып келиши мүмкүн. Учурда долбоордун алкагында бир нече эл аралык базаларга кирүүгө мүмкүнчүлүк алынган. Учурда Америка, Япония, Кытай, Корея жана Европа өлкөлөрүнүн 25тен ашуун белгилүү спутник агенттиктери менен кызматташуу жүрүүдө. Ошондой эле аталган жай дүйнөлүк борборлор менен чогуу илимий иш-чараларды алып барууга шарт түзүлдү: 1).Экономикалык өнүгүү: Жогорку технологиялык тармактарды өнүктүрүү: Борбор космостук тармакты жана ага байланыштуу технологияларды өнүктүрүүгө көмөктөшөт, бул инвестицияларды тартат жана жаңы жумуш орундарын түзөт. Табигый ресурстарды мониторинг кылуу: Космостук сүрөттөрдүн жардамы менен айыл чарба жерлердин, токойду, суу ресурстарыны жана пайдалуу кен байлыктардын абалын натыйжалуу көзөмөлдөп, алардын пайдаланылышын жана башкаруусун оптималдаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Айыл чарба: Космостук зонддоо маалыматтары алдын ала түшүмдүүлүктү божолдоого, себилген жерлердеги көйгөйлөрдү аныктоого жана айыл чарба өндүрүшүн оптималдаштырууга жардам берет. Өзөчө кырдаалдарды башкаруу: Космостук сүрөттөр табигый кырсыктарга, мисалы, жер титирөө, суу ташкыны жана өрттөргө тез арада жооп берүүгө жардам берет, бул зыянды азайтууга жана куткаруу операцияларынын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк жаратат. 2)Илимий изилдөөлөр: Бул борбор аркылуу илимий кызматкерлер, окумуштуулар, PhD докторанттар жердин жөнөкөй кыртышынан тартып, бийик тоолуу аймактар боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Бул изилдөөлөрдү жүргүзүүдө маалыматтар базасы менен иштөө актуалдуу болуп саналат. Борбор аркылуу илим изилдөөчүлөр спутниктен алынган маалыматтар базасын колдонуп, климаттык өзгөрүүлөрдү изилдеген илимий изилдөөлөрдү жүргүзө алышат,мисалы: -Айлана чөйрөнү изилдөө: Борбор экология, климатология жана геология тармагында изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет, бул уникалдуу маалыматтарды алууга өбөлгө түзөт. -Космостук илимди өнүктүрүү: Борбордун түзүлүшү Кыргызстанда космостук илимдин өнүгүшүнө жана ушул тармакта квалификациялуу кадрларды даярдоого негиз болот. 3)Билим берүү: Борбор студенттерди жана адистерди космостук технологиялар, геоинформатика жана дистанттык зонддоо боюнча окутуу үчүн аянтча болуп кызмат кыла алат. Квалификацияны жогорулатуу: Борбордун кызматкерлери окутуудан өтүп, квалификацияларын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышат, бул өлкөнүн илимий потенциалын өнүктүрүүгө көмөктөшөт. 4)Эл аралык кызматташтык: Эл аралык долбоорлорго катышуу: Борбор эл аралык космостук долбоорлорго катышат жана башка өлкөлөр менен тажрыйба алмаша алат. Инвестицияларды тартуу: Борбордун ийгиликтүү ишмердүүлүгү эл аралык инвесторлордун көңүлүн бурууга мүмкүнчүлүк берет жана Кыргызстандагы космостук тармактын өнүгүшүнө көмөктөшөт. 5)Коргоо жана коопсуздук: Чек араларды мониторинг кылуу: Космостук сүрөттөр чек араларды көзөмөлдөөгө жана улуттук коопсуздукту камсыздоого колдонулушуна негиз болот. Жогорудагы аталган маселелрди чечүү үчүн учурда борбор атайын заманбап жабдуулар менен толукталган.. 2. Критикалык минералдардын борбору. Бул борбор критикалык минералдарга илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, эл аралык уюмдар менен кызматташуу максатын көздөйт жана ал Кыргызстандагы кендерди туруктуу казып алууга жана колдонууга көмөк көрсөтөт. Ошондой эле борбордо кендердин геологиялык таралышын жана запастарын комплекстүү изилдейт, анткени учурда Кыргызстанда критикалык минералдардын көптөгөн кендери бар. Ар түрдүү баалоолор боюнча, өлкөдө 6 дан 8 ге чейин рудалык аймактар жана 83 төн ашык критикалык минералдарды камтыган кендер табылган. Критикалык минералдар, ошондой эле стратегикалык минералдар катары белгилүү жана алар дүйнөлүк экономикада маанилүү роль ойнойт. Критикалык минералдардын борборун түзүүнүн максаты болуп алардын кендерин изилдөө жана иштетүү боюнча аракеттерди бириктирүү жана координациялоо, геологиялык изилдөөлөргө инвестицияларды тартуу, минералдык ресурстарды изилдөө үчүн илимий жана техникалык базаны өнүктүрүү, ошондой эле алардын өндүрүлүшүнө жана пайдаланылышынө мониторинг кылуу жана көзөмөлдөө саналат. Мындан башка да борбордо технологияларды кайра иштетүүнү иштеп чыгуу менен чийки затты жеринде кайра иштетүү аркылуу кошумча баалуулуктар түзүлөт, мамлекеттин өзүнүн кайра иштетүү өнөр жайы өнүгөт жана жаңы жумуш орундары пайда болот. Демек, критикалык минералдардын борборун түзүү Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө чоң салым кошот.



Илим жумалыгы 28-30- апрелде профессор М. Алтыбаеванын 75 жылдыгына арналып өттү. IX- сессияда 26 илимий баяндама пландаштырылып, бакалавр студенттер, магистлер жана PhD докторанттар баяндамаларды жасап талкуу болду. 4-курстун физик студенттери Токбаева Мадина жана Айтбек кызы Айзирек физикалык эксперимент көрсөтүшүп, анын физикалык маанисин көрүүчүлөр чечмелеп беришти. Жыйынтыгында мыктылар сыйланды.









А. Кадира атындагы Жизак мамлекеттик университетинин физика жана технология факультетитнин доценти, пед.илим. кондидаты, доцент Исмаилов Туйчи Жабборович жана физика кафедрасынын башчысы PhD доктор Юсупов Мухаммад Махмудович 30- апрелде ЭТФ кафедрасынын жамааты менен жолугушуп, "Физика" бакалавр жана 510400 "Физика" магистр жана докторанттарга конок лекция өттү.






2025-ж 15-17- апрелде Ednet аккредитациялык агенттигинин 510400 "Физика" PhD докторантура адистиги аккредитациядан өттү.






2025- жылдын 8- апрели күнү "Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар " институтунда 12- апрель бүткүл дүйнөлүк космонавтика күнүнө карата Х(б)-1-24 жана ХЭК(б)-1-24 тайпалары тарабынан кече өткөрүлдү. Кечеде институттун директору, окутуучулар өздөрүнүн жылуу сөздөрүн сүйлөп, студенттерге ийгиликтер каалашты.

2024-жылдын 25-май куну ОшМУга Ш.Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинен профессор А. И. Раджабов жетектеген 5 окутуучулук- прфессордук курам келди. Алар менен ЭТФ кафедрасынын доценти Б.А. Каденова "Биофизика" жана "Радиобиология" предметтеринен окуу - методикалык, лекциялык материалдарды жана окуу лабораторияларын тузуу маселелери боюнча кызматташуу сунушталды.


Профессор ОшМУда онлайн лекция окуду.
Кыргыз республикасынын белгилүү коомдук ишмери, окумуштуу, ф.-м-и-д, профессор Осмоналиев Каныбек ушул жылдын 16- майында ОшМУнун 85 жылдыгынын урматына "Физика илиминин азыркы учурдагы абалы" деген темада онлайн лекция өтүп берди. Лекцияга ОшМУнун физика адистигинин 2-3-4- курстарынын студенттери, физика математикалык билим берүү багытынын магистрлери, 510400 " Физика " багытында окуган магистрлер, математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун профессордук - окутуучулар курамы, физика кафедраларынын окутуучулары, ОшТУнун, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин окумуштуулары, Ноокат, Кара-Суу районунун физик мугалимдери жана Ош шаарынын физик мугалимдери катышты. Жалпысынан 59 онлайн, 30га жакын офлайн катышуучу болду. Профессор Каныбек Осмоналиев " Кванттык компьютерлер", "Хигстин бозону", " Күңүрт энергия жана зат", "Метаматериалдар " тууралуу илимий баяндама жасады. Баяндаманын аягында кызыктуу суроолорго жооп берди. Онлайн лекцияны институттун ЭТФ кафедрасы менен жалпы физика жана ФОУ кафедралары уюштурду.














Илим жумалыгынын жыйынтыгы чыкты.
Институт боюнча кафедралар аралык дубал газета жасалгалоо конкурсунда ЭТФ кафедрасы тарабынан даярдалган " Физика- 85" дубал газетасы 1- орунду ээледи. Улук окутуучулар Асилбек Жапаркулов, Айнагүл Орозбаева, PhD докторанттар Хасанова Гүлкан, Юсупали уулу Залкар, магистрлер Толоков Канатбек, Маматова Мээрим, Түгөлбаева Акчолпон, студент Сталбек кызы Айзат баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышы. Кафедра уюштурган " Брейн-ринг" конкурсунун жеңүүчүлөрү да " Ардак громата" менен сыйланышты.














"Брейн-Ринг".
23-апрель күнү ФЕ(б)-1-20 группасы тарабынан уюштурулган МФТИТ институтунун 2-курсунун бакалавр студенттери үчүн "Брейн-Ринг" акыл-таймашы болуп өттү. Институттан 7 команда катышып, 1-орунга ФЕ(б)-1-22, 2-орунга ФМО(б)-2-22, 3-орунга ПМИ(б)-1-22 жана ПМИ(б)-1-22(W) группалары ээ болушту. ЭТФ кафелрасынын баалуу сыйлыктары менен сыйланышты..











Илимий жумалыгындагы иш чаралар.
МФТИТ институтунда 2024-жылдын 22-апрель күнү ОшМУнун-85 жылдык урматына илим жумалыгы өтүп жатат.Илим жумалыгынын пленардык отурумунда ЭТФ каф. профессору Ы.Ташполотов "Физика илиминин жалпы 30 жылдагы жетишкендиктери", кафедра башчы, доцент М.Ч.Осконбаев "ЭТФ кафедрасындагы илим-изилдөөнүн тарыхы" деген темада баяндамалар жасалды.





2023-жылдын 13-декабрь күнү устатыбыз, физика илиминдеги көрүнүктүү окумуштуу, ф.-м.и.д., профессор, КР илимине эмгек сиңирген ишмери, Россия табият илимдер академиясынын мүчө-корреспанденти, Байыш агайыбыздын туулган күнү болчу. Агайдын көзү тирүүсүндө биз үчүн чоң майрам болоор эле. Ал дайыма биринчи болууну жакшы көрүүчү. Биринчилерден болуп ОшМУга 2004-жылы 01.04.07.- “Конденцацияланган абалдын физикасы” адистиги боюнча кандидаттык диссертация коргоочу адистиктешкен кеңештин төрагасы болгон. Ал диссертациялык кеңеште 15ке жакын изилдөөчү кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, азыркы мезгилде түштүк кыргызстандагы белдүү окумуштуулар.
Профессор Байыш Араповдун жетекчилиги менен 7 илимдин кандидатын жана 2 илимдин доктору илимий иштерин коргошкон. Профессор Байыш Арапов ОшМУнун, факультеттин жана кафедранын түптөлүшүнө жана өнүгүшүндө опол тоодой эмгеги бар. Агайыбыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Агай, окуучуларыңыз эч качан сизди унутпайт!
М.Ч. Осконбаев 13.12.2023-ж.

Германиядан келген профессор менен жолугушуу
2023-жылдын 27-декабрында Германиядан келген т.и.д., профессор Рысбаев Талант Акимжанович менен физика адистигиндеги 1-2-3-4-курстун студенттери жана 510400 «Физика» физика багытында даярдалуучу магистранттар менен конок лекция болуп өттү. Жолугушууну ЭТФ кафедрасынын башчысы ф.-м.и.к., доцент М.Ч.Осконбаев ачып, келген профессорду студенттер жана магистранттар менен тааныштырды. Профессор Рысбаев Талант Акимжанович «Нанотехнология» багытында лекция окуу менен Германия өлкөсүндө кайсы багыттар боюнча фонддорго грант жазуу керектигин жеткиликтүү презентациялардын коштосуу менен түшүндүрүп берди. ЭТФ кафедрасы менен магистрлерди бирге даярдап жаткандыгына токтолуп, келечекте PHD докторантураны биргеликте даярдоо боюнча сунуштарын айтты.
Жолугушуудан кийин ЭТФ кафедрасынын жамааты менен жолугушуп, профессор Ы.Ташполотов менен чогуу грант жазуу жана нанотехнология багытында кызматташуу жана доцент М.Ч.Осконбаев менен астрофизиканын көйгөйлөрү боюнча чогуу иштешүү макулдашылды. Профессор Рысбаев Талант Акимжанович ЭТФ кафедрасына 2023-2024-окуу жылынан баштап чакырылган профессор катары ишке алынган.




Конок лекция – Бишкекте!
2024 –жылдын 1- март күнү И. Арабаев атындагы КМУнун, физика- математика факультетинин студенттерине ОшМУнун эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев “Физиканы окутууда виртуалдык лабораторияларды пайдалануу” деген темада конок лекция өттү. Физик жана математик адистигиндеги студенттерден сыркары, физика –математика факультетинин деканы, доцент Гүлзат Токонбекова, педагогика Илимдеринин доктору, проф. Шаршенбек Алиев жана башка окумуштуулар катышты. Кече суроо- жооп менен коштолду.