2) Окутуучу Айтигүл Жакып кызы "ZIPGRADE программасынын АТ иштеринде колдонуунун артыкчылыктары".
3) С.Жолдубаева "SWOT анализди пайдалануунун эффективдүүлүгү". Жыйынтыгында усулчулар практика жүзүндө бышыктоо менен кызуу суроо-жооп жана арбын идеялар талкууланды. ЭАББПЖМнын усулдук семинарынын өзгөчөлүгү, акыркы айларда чет өлкөдөн квалификацияларын жогорулаткан окутуучулар тажрыйбаларын жайылткандыгында. Тактап айтсак, З.Асанахунова октябрь-ноябрь айларында Япониядагы тажрыйбаларынан алган окуу усулдарына кенен токтолуп, пайдалуу кеңештери менен бөлүштү. ЭАББПЖМнын усулдук кеңешинин төрайымы А.Парпиева семинарды алып барды.