ЭАББПЖМнин РЕИ бөлүмүнүн «Башталгыч билим беруу. Англис тили» программасынын окутуучусу Даниярова Г.М. 2023-жылдын 5-июнунан 15-июнуна чейин Индиянын Калькутта шаарында “Mahanirban Calcutta Research Group (MCRG)” илимий изилдөөчү институтунда стажировкадан өттү. Институттун китепканасында болуп, илимий кызматкерлердин иштери менен таанышып, ошондой эле илимий ишинин презентациясын жасады.


ЭАББПЖМнин РЕИ бөлүмүнүн «Башталгыч билим беруу. Англис тили» программасынын окутуучусу Даниярова Г.М. 2025-жылдын 17-январынан 24-январына чейин Ташкент шаарындагы Өзбек мамлекеттик дүйнөлүк тилдер университетинде илимий стажировкадан өттү. Докторант университеттин докторантура бөлүмүндө болуп, китепканасындагы илимий эмгектер менен таанышып, диссертациясынын темасы боюнча аткарылган иштерди сырткы илимий жетекчиси ректор И.М. Тухтасинов менен талкуулап, келечектеги пландары менен бөлүшүштү.


2022-жылдын 21-мартынан 1-майына чейин «Башталгыч билим берүү. Англис тили» программасынын окутуучусу Даниярова Г.М. Россиянын Москва шаарында илимий стажировкадан өттү. «InteRussia» стажировкасы чет элдик адистер үчүн багытталып, А.М. Горчаков атындагы фонд, МГИМО жана Россотрудничество менен биргеликте уюштурулган. Окутуучу стажировка учурунда ЖОЖдордо, илимий изилдөө жана коомдук-саясий уюмдарында болуп, МГИМОнун илимий тобунун курамында илимий консультанттын жетекчилиги астында иштеди.


ОРЕИ ЭАББПЖМ "Башталгыч билим берүү. Англис тили" программасынын окутуучулары Сейитбекова С.С. жана Байтикова Г.С. 2024-жылдын 20-майынан 29-майына чейин Казакстандын Астана шаарында өткөн эл аралык түрк академиясы тарабынан Назарбаев университетинин колдоосу менен уюштурулган "Жасалма интеллектти эффективдүү интеграциялоо жана билим берүүдө (илимий изилдөөлөрдө тил үйрөтүүдө) санариптик технологияларды колдонуу" темасындагы эл аралык илимий-методикалык семинарга катышышты.




2024-жылдын 25-27-ноябрында ОРЕИ ВШМОПтун "Башталгыч билим берүү. Англис тили" программасынын окутуучулары жумушчу визит менен Кокон мамлекеттик педагогикалык институтуна барышты. Визиттин алкагында академиялык мобилдүүлүктү уюштуруу маселелери боюнча администрация менен жолугушуулар өткөрүлдү, институттун окутуучулары менен тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү, студенттер үчүн педагогика жана окутуу методикасы боюнча конок лекциялар окулду. Ошондой эле окутуучулар институттун ар кандай түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышышты.





