Филология жана маданият аралык институтунда 40 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу болуп өттү 2025-жылдын 27-август күнү Ош мамлекеттик университетинин филология жана маданият аралык байланыштар институтунун чет тилдер бөлүмүндө 40 жыл мурун бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу болуп өттү. Аталган маараке факультеттин тарыхын эскерүүгө, ОшМУ менен бүтүрүүчүлөрдүн байланышын бекемдөөгө жана сырткы стейкхолдерлер катары окуу программасынын өнүгүүсүнө салым кошууга багытталган. Иш-чарага ар кайсы тармакта ийгиликке жеткен бүтүрүүчүлөр жана окутуучулар катышты. Алар студенттик кездерин эскерип, факультеттин өткөн жылдардагы жетишкендиктери ой бөлүштү. Институттун директору О. А. Шайымкулов келген конокторго куттуктоо сөз сүйлөп, окуу жайдагы жетишкендиктер жана келечектеги пландар жөнүндө маалымат берди. Жолугушуунун аягында институт менен байланышты чындоого жана окуу программасын өнүктүрүү боюнча перспективдик пландар талкууланды.
31.05.2025. ОшМУнун ФжМАКИнин чет тилдер бөлүмунун
стейкхолдерлер, студенттер, ПО курамы, бутуруучулөр үчүн
550300- “Филологиялык билим берүү” (бакалавр) чет тилдери
профили боюнча программа башчысы, доцент Тургунбаева Б.Ж.
2025-2026- окуу жылына карата жаңы окуу стандарты, НББП
жана окуу планы менен тааныштырып, талкуу уюштурду.
Талкуунун негизинде кызыкдар тараптар өз пикирлерин жана
сунуштарын беришти.
31 мая 2025 года заведующая программой 550300 –
«Филологическое образование» (бакалавриат) с профилем
иностранных языков, доцент Тургунбаева Б.Ж., организовала
обсуждение нового образовательного стандарта, ООП и учебного
плана на 2025–2026 учебный год для заинтересованных сторон:
студентов, преподавательского состава, выпускников и
стейкхолдеров факультета иностранных языков ОшГУ. В ходе
обсуждения участники выразили свои мнения и предложения.
On May 31, 2025, Associate Professor B.Zh. Turgunbaeva, the
head of the 550300 – “Philological Education” (Bachelor’s)
program with a focus on foreign languages at OshSU’s Faculty
of Foreign Languages, organized a discussion to present and
review the new academic standard, curriculum, and
educational plan for the 2025–2026 academic year. The event
included stakeholders, students, faculty members, and
alumni, who shared their feedback and suggestions during the
session.












