Кафедранын усулдук иштери
Студенттин өз алдынча ишин максаттуу иштөөгө үйрөтүү
2025-жылдын 20-майында ОшМУнун ФжМАКИнин доц. З.Каразакова, доц. Н.Караева тарабынан "Элдин өмүрү – анын тилинде" деген темада СӨАИни кабыл алуу сабагы уюштурулду. Сабакта тилдин улут үчүн мааниси жана аны сактоо зарылдыгы кеңири талкууланды. Студенттер абдан активдүү катышып, кызыктуу ой-пикирлерин айтышты. Сабактын өзгөчөлүгү — кыргыз тилинде мультфильмдерди үн коштоо иш-аракети болду. Студенттер белгилүү мультфильмдерге кыргызча үн берип, образ жаратуу аркылуу тилге болгон сүйүүсүн көрсөтүштү. Бул тапшырма чыгармачылыкты, жоопкерчиликти жана тилди жандуу колдонууга шыктандыруу максатын көздөйт. Ошондой эле кыргыз тилинин байлыгын жана көркөмдүүлүгүн даңазалаган баяндамалар, чыгармалар талданып, мисалдар келтирилди. Иш-чара жүрүшүндө интерактивдүү тапшырмалар аткарылып, тилге болгон сүйүү ойготулду. Сабак жогорку деңгээлде уюштурулуп, максатына жетти.

Возможно, это изображение 13 человек, помост, больница и текст
Сабаттуулукка семинар
2025-жылдын 8-январында ОшМУ жетекчиликке алган шаарыбыздагы N52 "Кыргыз-Түрк достугу" орто мектебинин мугалимдер жамаатына факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын доценттери С. Давлатова менен Н. Тахирова "Кыргыз тилинин жазуу эрежелери", "Кыргыз тилинин тыныш белгилери" деген аталышта семинар өтүштү.


Возможно, это изображение 1 человек и учится
СЕМИНАРГА СЕРЕП
2025-жылдын 5-мартында "Лексика жана грамматика субтесттерин даярдоонун ык-жолдору" деген темада кафедранын доценттери Назира Караева, Назгүл Тахирова, окутуучулар Тазагүл Айбашева, Тунук Ашировалар мазмундуу семинар өтүштү. Окутуучулар семинарда сунушталган усул-ыкмаларды тест түзүүдө колдонуу мыкты өбөлгө болорун белгилеп, уюштуруучуларга жана семинар өткөн эжекелерибизге ыраазычылык билдиришти.


Возможно, это изображение 4 человека, люди учатся и текст
СЕМИНАР --СЕРЕП
2025-жылдын 26-мартында Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун ФАКТ кафедрасынын окутуучулары ф. и. к., доцент Койчуманова Гүлжан Кадыровна, окутуучу Айбашова Тазагул Матраимовна, п. и. к., доцент Тахирова Назгүл Исмаиловна ОшМУнун "Ноокат" гимназиясынын мугалимдер жамаатына “Санариптик билим берүүдөгү ЖИнин артыкчылыктары", "Иш кагаздарын мамлекеттик тилде түзүү жана жүргүзүү", "Кыргыз тилинин жазуу эрежелериндеги айрым маселелер" деген темада семинар өтүп, усулдук жардам көрсөтүп келишти.
Мугалимдер семинардык темалардын актуалдуулугуна ыраазычылыгын билдиришип, бир нече суроолор менен апрель айында дагы улантып берүүнү суранышты.

Возможно, это изображение 3 человека, люди учатся и текст



Семинар сереп
Бүгүн, 2025-жылдын 19-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин гуманитардык-табигый илимдер факультетинин жамаатына ФжМАК институтунун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары доцент, Н.Караева, Р. Бекмуратова, улук окутуучулар Н.Дамилова, Т. Аширова, Э.Алишерова, Э.Баатырбековалар "Кеп ишмердүүлүгүн үйрөтүүдөгү айрым ыкмалар" аталышындагы усулдук семинар өтүштү. Аталган семинарда бүгүнкү күндөгү мамлекеттик тилди окутуудагы кеп ишмердүүлүгү, аларды окутуунун инновациялык жолдору, жаңы технологияларды максатуу колдонуу багыттары тууралуу сөз болду. Аталган окуу жайдын жалпы жамаатына, тилчилердин кызматташуусуна шарт түзүп берген жетекчилерге ыраазычылык билдиребиз! Мындай кызматташуулар ар тараптуу болот деген ишенимдебиз!

Возможно, это изображение 5 человек, люди учатся и текст




АЛГЫЛЫКТУУ АЧЫК САБАКТАР
2025-жылдын 16-май күнү факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу Р.Бекмуратова кыргыз-кытай факультетинин филология адистигинин ФА(б)-2-24 тайпасына “Тил жөнүндө ой толгоо. Пикир” деген темада ачык сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө алгач студенттерди акылмандыкка, адептүүлүккө, так, туура, бат ойлоно билүүгө, тапкычтыкка, өз пикирин туура билдирүү маданиятына үйрөтүү максатында макал-лакаптарды толуктап, алардын маанисин чечмелешти. Андан соң пикир жөнүндө ББкБ таблицасын толтуруу менен пикир жазуунун жолдору тууралуу маалымат алышты. Теориялык материалды практика жүзүндө түшүнүү максатында эки топко эки түрдүү текст берилди. Ар бир топ өзүнө бөлүнгөн тексттин ар бир абзацына үлгүгө таянып пикир жазышты. Алгач ар бир студент жеке иштеп, андан соң жупташып, өздөрүнүн ар бир абзацка жазган пикирлерин бөлүшүп, талкуулашты. Бири-биринин пикирлерине карата суроолор берип, ой бөлүшүштү. Топтун ичинде ар бир абзацка жазылган пикирлер кайрадан талкууланып, ар бул аркылуу бардык студенттер эки башка текст боюнча ар кандай пикирлер менен таанышып чыгышты. Бышыктоодо текст боюнча тест менен иштешти. Үйгө ПОПС ыкмасын колдонуп, накыл сөздөрдү катыштырып, 18-25 сүйлөмдүн негизинде ой жүгүртүп, текст түзүп келүү берилди. Сабактагы ар бир иш-аракеттер окутуучу тарабынан бааланып, студенттердин тиешелүү упайлары электрондук журналга коюлду. (Баалоонун критерийлери сабактын башында түшүндүрүлөт).
Сабактын жыйынтыгында студенттер төмөнкү максаттарга жетишти:
- “Тил жөнүндө ой толгоо. Пикир” деген теманы өздөштүрүштү;
- текстке пикир жазуу менен, берилген сөздөрдүн маанисин чечмелеп, сөздөрүн адистигине байланыштырып анализдешти;
-кыргыздын накыл кептерин, макал-лакаптарын, көөнө сөздөрүн үйрөнүштү;
-текстке карата өз алдынча пикир жазууну үйрөнүштү. Бул алардын сынчыл ой жүгүртүүсүн, оюн логикалык жактан жеткире билүү жөндөмдөрүн өнүктүрдү.
Окутуучунун ыкмалары студенттердин активдүүлүгүн жана терең билим алуусун камсыздай алды.

“Бекитемин”

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин факультеттер аралык кыргыз тили жана кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент _________З.Каразакова

2023-жылдын __________

Факультеттер аралык кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасынын усулдук кеңешинин 2023-2024-окуу жылы үчүн түзүлгөн иш планы

Ош, 2023

ФАКТ кафедрасынын 2023-2024-окуу жылы үчүн аткарылуучу усулдук иштеринин планы

Пландаштырылган

иш-чаралар

Мөөнөтү

Жооптуулар

Күтүлүүчү натыйжалар

Эскер

түү

Сентябрь

1

Усулдук кеңештин 2023-2024-окуу жылы үчүн түзүлгөн иш планын талкууга коюу, бекитүү.

сентябрь

Кафедра башчысы, усулдук кеңеш, кафедра мүчөлөрү

2023-2024-окуу жылында аткарылуучу иштер талкууга коюлуу менен бирге сунуш-пикирлер эске алынып бекитилет.

2

Кафедрада талкууга коюлуучу план-иштелмелердин, көргөзмөлүү жана новатордук сабактардын графигин түзүү жана бекитүү.

сентябрь

Кафедра башчысы, усулдук кеңеш

Окутуучулардын план-иштелме жазып, көргөзмөлүү жана новатордук сабак өтө турган күнү аныкталат. Натыйжада ар бир окутуучу өз убагында аталган иштерди аткарат.

Октябрь

3

Жыл ичи аткарыла турган усулдук иштерге тиешелүү баалоонун критерийлери менен тааныштыруу, талкууга коюу (рейтинг жүргүзүү үчүн).

октябрь

Кафедра башчысы, усулдук кеңеш, кафедра мүчөлөрү

Баалоонун критерийлери талкууланат, сунуш-пикирлер аркылуу толуктоолор, оңдоолор киргизилип, бекитилет. Жыл жыйынтыгында пайдаланылат.

4

План-иштелмелерди талкуулоо, өндүрүшкө сунуштоо

октябрь

Жооптуу окутуучулар, кафедра мүчөлөрү

План-иштелме жазуу ишмердүүлүгү, кызыктуу, пайдалуу, натыйжалуу сабак өтүү үчүн аракети жогорулайт.

5

Усулдук семинарларды өткөрүү, баалоо, өндүрүшкө сунуштоо

октябрь

Өз каалоосу менен семинар өтүп берүүчүлөр

Жаңы усул-ыкмалар менен бөлүшөт.

Ноябрь

6

План-иштелмелерди талкуулоо, өндүрүшкө сунуштоо

ноябрь

Жооптуу окутуучулар, кафедра мүчөлөрү

План-иштелме жазуу ишмердүүлүгү, кызыктуу, пайдалуу, натыйжалуу сабак өтүү үчүн аракети жогорулайт.

7

Усулдук семинарларды өткөрүү, баалоо, өндүрүшкө сунуштоо

ноябрь

Өз каалоосу менен семинар өтүп берүүчүлөр

Жаңы усул-ыкмалар менен бөлүшөт.

Декабрь

8

План-иштелмелерди талкуулоо, өндүрүшкө сунуштоо

декабрь

Жооптуу окутуучулар, кафедра мүчөлөрү

План-иштелме жазуу ишмердүүлүгү, кызыктуу, пайдалуу, натыйжалуу сабак өтүү үчүн аракети жогорулайт.

9

Усулдук семинарларды өткөрүү, баалоо, өндүрүшкө сунуштоо

декабрь

Өз каалоосу менен семинар өтүп берүүчүлөр

Жаңы усул-ыкмалар менен бөлүшөт.

10

Кафедрадагы окутуучулардын көргөзмөлүү жана новатордук сабактарга катышуу иштеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү

декабрь

Кафедра башчысы,

усулдук кеңеш

Кафедрадагы окутуучулардын новатордук жана көргөзмөлүү сабактарга катышуу иштеринин аткарылышынын абалы көзөмөлдөнөт.

11

Жарым жылдык окуу-усулдук иштердин аткарылышы боюнча мониторинг

декабрь

Усулдук кеңеш

Кафедрадагы окутуучулардын окуу-усулдук иштеринин аткарылышы боюнча эсеп-кысап жүргүзүлөт.

Январь

12

Университетте, факультеттердеги өткөрүлгөн ар түрдүү деңгээлдеги семинарларга, конференцияларга катышуу

январь

Кафедра мүчөлөрү

Семинар, конференцияларга катышуу аркылуу окутуучулар билимдерин ар тараптуу өркүндөтүүгө, өсүүгө багыт алышат.

Февраль

13

Университеттер аралык семинарларды уюштуруу, тажрыйба алмашуу

февраль

Кафедра башчысы, усулдук кеңеш, кафедра мүчөлөрү

Өтүлгөн семинарлар аркылуу жаңы усул-ыкмалар менен таанышышат, тажрыйба алмашышат.

14

План-иштелмелерди талкуулоо, өндүрүшкө сунуштоо

февраль

Жооптуу окутуучу, кафедра мүчөлөрү

План-иштелме жазуу ишмердүүлүгү, кызыктуу, пайдалуу, натыйжалуу сабак өтүү үчүн аракети жогорулайт.

15

Усулдук семинарларды өткөрүү, баалоо, өндүрүшкө сунуштоо

февраль

Өз каалоосу менен семинар өтүп берүүчүлөр

Жаңы усул-ыкмалар менен бөлүшөт.

Март

16

План-иштелмелерди талкуулоо, өндүрүшкө сунуштоо

март

Жооптуу окутуучу, кафедра мүчөлөрү

План-иштелме жазуу ишмердүүлүгү, кызыктуу, пайдалуу, натыйжалуу сабак өтүү үчүн аракети жогорулайт.

17

Усулдук семинарларды өткөрүү, баалоо, өндүрүшкө сунуштоо

март

Өз каалоосу менен семинар өтүп берүүчүлөр

Жаңы усул-ыкмалар менен бөлүшөт.

Апрель

18

План-иштелмелерди талкуулоо, өндүрүшкө сунуштоо

апрель

Жооптуу окутуучу, кафедра мүчөлөрү

План-иштелме жазуу ишмердүүлүгү, кызыктуу, пайдалуу, натыйжалуу сабак өтүү үчүн аракети жогорулайт.

19

Усулдук семинарларды өткөрүү, баалоо, өндүрүшкө сунуштоо

апрель

Өз каалоосу менен семинар өтүп берүүчүлөр

Жаңы усул-ыкмалар менен бөлүшөт.

Май

20

План-иштелмелерди талкуулоо, өндүрүшкө сунуштоо

май

Жооптуу окутуучу, кафедра мүчөлөрү

План-иштелме жазуу ишмердүүлүгү, кызыктуу, пайдалуу, натыйжалуу сабак өтүү үчүн аракети жогорулайт.

21

Усулдук семинарларды өткөрүү, баалоо, өндүрүшкө сунуштоо

май

Өз каалоосу менен семинар өтүп берүүчүлөр

Жаңы усул-ыкмалар менен бөлүшөт.

Жыл ичи

22

Кафедра мүчөлөрү сабак өткөн факультеттердеги кыргыз тили кааналарына рейд жүргүзүү, китептердин камсыздалышын көзөмөлдөө

жыл ичи

Кафедра башчысы, усулдук кеңеш

Кыргыз тили кааналарына жооптуу окутуучулар каананы предметке тиешелүү китептер менен толуктоо иштерин жүргүзүшөт, камсыздашат.

23

Кафедранын методикалык ишмердигин жетектөө жана көзөмөлдөө, усулдук жактан жардам берүү.

жыл

ичи

Усулдук кеңеш, тажрыйбалуу окутуучулар

Кафедра мүчөлөрүнүн график боюнча көргөзмөлүү сабак, семинар ж.б. өтүүлөрү көзөмөлдөнөт, жаш окутуучуларга усулдук жардам берилет.

24

Кафедра мүчөлөрү тарабынан даярдалган окуу-усулдук эмгектерди сындан өткөрүү

жыл ичи

Кафедра башчысы, усулдук кеңеш, тажрыйбалуу окутуучулар

Кафедра мүчөлөрү тарабынан даярдалган окуу-усулдук эмгектерге карата сунуш-пикирлер билдирилет. Эмгек жазган тарап оңдоп, түздөп жакшыртуу жагын колго алышат.

25

Кафедра мүчөлөрү сабак өткөн факультеттерде предметке багытталган китеп фондун толуктоо иштерин жүргүзүү

жыл ичи

Усулдук кеңеш, кафедра мүчөлөрү

Окутуучулар сабак өткөн кабинеттерин студенттерге керектүү болгон жаңы китептер менен толукташат.

26

Жаш окутуучуларга окуу-усулдук жактан багыт берүү максатында алардын сабактарына катышуу, көзөмөлдөө

жыл ичи

Кафедра башчысы, усулдук кеңеш, кафедра мүчөлөрү

Тажрыйбалуу окутуучулар жаш окутуучулардын сабагынын натыйжалуу, сапаттуу болушун көзөмөлгө алышат, усулдук жактан жардам беришет.

27

Университетте, факультеттердеги өткөрүлгөн ар түрдүү деңгээлдеги семинарларга, конференцияларга катышуу

жыл ичи

Кафедра мүчөлөрү

Семинар, конференцияларга катышуу аркылуу окутуучулар билимдерин ар тараптуу өркүндөтүүгө, өсүүгө багыт алышат.

28

Кафедрадагы окутуучулук курамдын квалификациясын өркүндөтүү үчүн түрдүү курстарга багыттоо

жыл ичи

Кафедра башчысы,

усулдук кеңеш

Окутуучулар өз билимин өркүндөтүшөт, ар тараптуу тажрыйба топтошот.

29

Көргөзмөлүү жана новатордук сабактарга катышуу

жыл

ичи

Кафедра мүчөлөрү

Көргөзмөлүү жана новатордук сабактарга катышуу аркылуу тажрыйба алмашышат. Компетенцияларды калыптандыруудагы усул-ыкмалар боюнча баарлашат.

30

Окуу-усулдук, тематикалык баяндамаларды окуу жана семинар өткөрүү

жыл ичи

Усулдук кеңеш, кафедра мүчөлөрү

Окутуучулар өз каалоосу менен семинар өтүп беришет. Семинарга катышуучулар натыйжалуу усул-ыкмаларды өндүрүштө колдонушат.

Июнь

31

2023-2024-окуу жылы үчүн кафедранын усулдук кеңешинин жылдык отчетун берүү

июнь

Усулдук кеңеш

Усулдук кеңештин жыл ичиндеги аткарган иштери боюнча маалымат берилет.

Усулдук кеңештин жыйынында план-иштелмелерди талкуулоо жана көргөзмөлүү,

новатордук сабактарды өтүү

Кызматы

План-иштелме жазуу, талкууга коюу

Сабак өтүү айы

Сабактын түрү

1.

Каразакова З.

Каф.башч.,

доцент

Новатордук сабак

2.

Абдувалиева Б.

доцент

Новатордук сабак

3.

Алиева Ф.Э.

доцент

Новатордук сабак

4.

Давлатова С.Ж

доцент

Новатордук сабак

5.

Койчуманова Г.

доцент

Новатордук сабак

6.

Исмаилова Р.У

доцент

Новатордук сабак

7.

Чотикеева К.Ш.

доцент

Новатордук сабак

8.

Караева Н.О.

доцент

Новатордук сабак

9.

Тахирова Н.И.

доцент

Новатордук сабак

10.

Тургунбаева С.

доцент

Новатордук сабак

11.

Маданова К.Ж.

доцент

Новатордук сабак

12.

Айтибаева Ж.К

ул. окут.

Новатордук сабак

13.

Максутова Ж.Ж.

ул. окут.

Новатордук сабак

14.

Мамадыева Г.Б.

ул. окут.

Новатордук сабак

15.

Осмонова А.С.

ул. окут.

Новатордук сабак

16.

Тизекбаева А.О.

ул. окут.

Новатордук сабак

17.

Толубаева Г.М.

ул.окут.

Новатордук сабак

18.

Шаимкулова Р.

ул.окут.

Новатордук сабак

19.

Айбашова Т.М.

окут.

ноябрь

декабрь

Көргөзмөлүү сабак

20.

АлишероваЭ.О.

окут.

январь

февраль

Көргөзмөлүү сабак

21.

Аширова Т.К.

окут.

ноябрь

декабрь

Көргөзмөлүү сабак

22.

Баатырбекова Э.

окут.

октябрь

ноябрь

Көргөзмөлүү сабак

23.

Бекмуратова Р.Т.

окут.

март

апрель

Көргөзмөлүү сабак

24.

Дамилова Н.А.

окут.

октябрь

ноябрь

Көргөзмөлүү сабак

25.

Закирова Б.А.

окут.

февраль

март

Көргөзмөлүү сабак

26.

Мураталиева У.

окут.

апрель

май

Көргөзмөлүү сабак

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын окутуучуларынын 2023-2024-окуу жылынын II семестринде окуу-усулдук семинарларды өтүү графиги

Усулдук семинардын аталышы

Жооптуу окутуучу

Өткөрүү орду

Катышуучулар

Өткөрүлүү

мөөнөтү

1.

Окшоштуктар менен иштөөнүн айрым ыкмалары

Айтибаева Ж.

Закирова Б.

ОшМУда

январь

2.

Окуу процессин долбоорлоодо STEM мамилесин колдонуу

Жумабаева Д.

ОшМУда

январь

3.

Техникалык билим алган студенттердин В2 деңгээлинде сүйлөө ишмердүүлүгүн калыптандыруу

Закирова Б.

Алишерова Э.

ОшМУда

февраль

4.

Студенттердин жазуу ишмердүүлүгүн өнүктүрүүчү тапшырмалар (В2)

Мамадиева Г.

Дамилова Н.

ОшМУда

февраль

5.

1.Студенттердин академиялык окуу жана жазуу ишмердүүлүгүн калыптандыруу

2.Академиялык жазууда текст менен иштөөнүн айрым ыкмалары

Давлатова С.

Максутова Ж.

ОшМУда

март

7.

Академиялык текстти окуунун түрлөрү

Караева Н.

Бекмуратова Р.

ОшМУда

апрель

Усулдук кеңештин жетекчиси, доцент:Караева Н

<ОМКлардын Goole Дискке жүктөлүшү тууралуу маалымат> <2023-2024-окуу жылынын 1-жарымында аткарылган окуу-усулдук иштер боюнча отчет> <Студенттердин билим деңгээлин текшерүүнүн мониторинги боюнча билдирүү>

      

Ачык сабактардан фотоотчет

Дамилова Нурийла ачык сабак “Мода жана стиль. Цитаталардын колдонулушу, тыныш белгилери.

Аширова Тунук ачык сабак “Протокол”

Баатырбекова Э. Ачык сабак. “Келишим. Келишим жазуунун ченемдери”

Д.Жумабаева " Окуу процессин долбоорлоодо STEM мамилесин колдонуу"

Семинар "Окшоштуктар менен иштөөнүн айрым ыкмалары", Б.Закирова " Окшоштуктар менен иштөөнүн кадамдары", Ж. Айтибаева.

УСУЛДУК СЕМИНАР

Бүгүн 14-февраль кафедранын окутуучулары Б.Закирова жана Э.Алишерова "Студенттердин сүйлөө кебин жогорулатуу" аталышындагы усулдук семинар өтүштү.

Окутуучулар студенттердин сүйлөө кеп ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган сабактарындагы тажрыйбалары менен бөлүштү. Кафедра мүчөлөрү семинарда сунушталган усул, ыктарды сабактарда колдонуу мыкты өбөлгө болорун белгилешип, эжекелерге жылуу пикирлерин билдиришти.




УСУЛДУК САБАКТАРДЫН СЕРИЯСЫ

21-февраль кафедранын доценти Н.Караева, улук окутуучу Г.Мамадиева, окутуучу Н.Дамиловалар "Студенттин жазуу ишмердүүлүгүн текст аркылуу өстүрүү" деген темада усулдук семинар өтүп беришти.

Анда жазуу ишмердүүлүгүн өнүктүрүүдө чыгармачылык менен даярдалуучу тапшырмалар, иштетүүнүн жолдору, баалоо критерийлери ж.б. тууралуу маалымат берилип, "Үч кадам ыкмасы" иштетилди.

АЧЫК САБАК
22.04.2024

2024-жылдын 22-апрелинде факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу Э.Алишерова “Чечендик өнөр: сот процессинде, айыптоочу жана жактоочунун кеби” деген темада юридика факльтетинин юр(б)-3-23 тайпасына ачык сабак өттү. Студентер менен биргеликте суроо-жооптор берилип, талкуу уюштурулду. Сабакта түрдүү ыкмалар пайдаланылып, студенттердин сүйлөө ишмердүүлүгү ишке ашырылып, адистигине басым жасалды. Уктурулган тексттин негизинде балдар түрдүү кырдаалдалдык тапшырмаларды аткарышты. Жыйынтыгында, макал-лакаптар элдин турмушунан алынгандыгын, алар элдин акылмандытынын белгиси экендигине жана турмуштук көз караштары менен дүйнө таанымын, этикетин, моралы менен нравасын, бүтүндөй акылын, ой жүгүртүүсүн, элдик билимдерин батырып, турмушунунун бардык тарабын чагылдырып тургандыгын белгилеп, улутубуздун идеологиясынын башаты экендигин түшүндүрдү.






АЧЫК САБАК

23.04.2024

ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун АС(б)-1-23 тайпасына "Архимеддин табылгалары"(кептик тема) деген темада ачык сабакты кафедранын окутуучусу Тазагул Айбашова өттү. "Архимеддин табылгалары" текстинин негизинде студенттер илимпоздун ишмердүүлүгүн, физика-математика илимдерине кошкон салымын, азыркы илимдеги маанилүү ордун билүү менен бирге сабаттуу жазууга (орфография) үйрөнүштү.






КЕРЕГЕ КЕҢЕШ - КЕРЕКТҮҮ КЕП
Бүгүн, 2024-жылдын 13-майында Ош технологиялык университетинде "Жогорку окуу жайларында кыргыз тили предметин окутууда жаңы инновациялык, интерактивдүү технологияларды пайдалануу" деген аталышта кереге кеңеш болуп өттү.
ОшМУда тил борборунун ишин кафедра башчы Зувайда Жамиловна башка ЖОЖдор менен кызматташуу, тажрыйба алмашуу сыяктуу аракеттерин колдоп келет. Кыргыз тилин деңгээлдеп окутууну Ош мамлекеттик университети алгачкылардан болуп баштаган.
Кереге кеңеште ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары баяндама жасашты.
1. Тилди деңгээлдеп окутуу: сүйлөө жана
баарлашуу ишмердүүлүктөрүн өнүктүрүү (окутуучу Бермет Закирова);
2. Тилди деңгээлдеп окутуу: жазуу ишмердүүлүгүн
өнүктүрүү (доцент Назира Караева);
3. Тилди деңгээлдеп окутуу: угуу ишмердүүлүгүн өнүктүрүү (улук окутуучу Айгүл Осмонова);
4. Тилди деңгээлдеп окутуу: жазуу ишмердүүлүгүн
өнүктүрүүдө санарип технологиясын колдонуу (окутуучу Тунук Аширова).
Кереге кеңешке Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окутуучулары, ОшТУнун мамлекеттик тил кафедрасынын
окутуучулары катышты.
Баяндамалардан соң, кесипке багыттап окутуу концепциясынын негизинде жасалган иш-аракеттер тууралуу пикирлер айтылып, ой бөлүшүштү.






15.05.2024 УСУЛДУК СЕМИНАР Кафедранын доценттери С.Давлатова, Н.Караева, окутуучулар Р.Бекмуратова, Т.Ашировалар "Академиялык жазуунун талаптары", "Академиялык окуунун стратегиялары" аталышында усулдук семинар өтүштү. Эжекелер өз сабактарындагы тажрыйбалары менен бөлүштү. Окутуучулар семинарда сунушталган усул, ыкмаларды сабакта колдонуу мыкты өбөлгө болорун белгилешип, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти






МОДЕЛДИК САБАКТАР

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ОКУТУУНУН ЗАМАНБАП МЕТОДДОРУ аталышындагы ЖОЖдор аралык республикалык сынактын 1-баскычына (Мамлекеттик тилди эне тили катары окутуу) кафедранын окутуучулары Айгүл Осмонова, Бермет Закирова, ал эми 2-баскычына (Мамлекеттик тилди экинчи тил катары окутуу) Жазгул Максутова катышып, моделдик сабактар өтүлдү. Сынактын жыйынтыгы атайын комиссия тарабынан 2024-жылдын 23-сентябрында Мамлекеттик тил күнүндө аныкталат.