ФИЛОЛОГИЯ ЖАНА МАДАНИЯТ АРАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ ИНСТИТУТУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ
НАМАНГАН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНЕ ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШЫШТЫ
2025-жылдын 13-июнунда филология жана маданият аралык коммуникация
институтунун окутуучулары – Каразакова Зувайда Жамиловна, Абдувалиева
Буаида, Караева Назира Ормонбековна, Бекмуратова Рахат Топчубаевна,
Тунук Аширова жана Элмира Алишерова — Наманган мамлекеттик
университетинде өткөн “O‘zbek filologiyasida matnshunoslik va
manbashunoslik muammolari” аттуу эл аралык
илимий-практикалык конференцияга активдүү катышып, баяндамаларды
жасашты. Бул иш-чара түрк дүйнөсүнүн филологиялык илимин бекемдөө,
илимий байланыштарды чыңдоо жана маданий баалуулуктарды сактоо
максатында өткөрүлүп, анда Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген алдыңкы
окумуштуулар жана практиктер өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Иш сапардын алкагында окутуучулар Наманган мамлекеттик университетинин
филология кафедрасынын жамааты менен жолугушту. Ошондой эле Ташкенттеги
фан ва технологиялар университети жана Бухара мамлекеттик
университеттеринин профессордук- окутуучулар курамы менен академиялык
мобилдүүлүктү өнүктүрүү, илимий долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жана
студенттер үчүн алмашуу программаларын жүзөгө ашыруу тууралуу пикир
алмашышты. Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы кызматташтык дагы
да тереңдеп, биргелешкен демилгелер менен уланарын билдиришти. Бул
жолугушуу жана конференция — аймактар аралык илимий кызматташуунун айкын
үлгүсү болуп, окутуучулардын кесипкөйлүгүн, алардын илимге жана билимге
болгон умтулуусун тастыктады.

Эл аралык ЖОЖдор байланышы
2025-жылдын 5-июнунда филология жана маданият аралык коммуникация
институтунун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары
Т.Айбашова, Н.Дамилова, Н. Тахировалар Өзбекстан Республикасынын Анжиян
шаарындагы Экономика жана педагогика университетинде өткөн
“Өзбекстандын социалдык-экономикалык чөйрөлөрүнүн өнүгүүсүндөгү жогорку
билим берүү системасынын ролу жана орду” аталышындагы эл аралык
илимий-практикалык конференцияга катышып, баяндама
жасашты. Ошондой эле академиялык мобилдүүлүк жана эл аралык ЖОЖдор менен
тажрыйба алмашуу алкагында университеттин филология кафедрасынын жамааты
менен жолугушту. Кафедранын ПО курамына “Профилдик багыттарда окуган
студенттердин кеп ишмердүүлүгүн (жазуу жана сүйлөө боюнча) өнүктүрүүнүн
айрым ыкмалары” деген темада семинар-тренинг өтүштү. ОшМУнун
факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын ПО курамы тарабынан
тажрыйбаланып жаткан студенттерге тилди окутууда профилдик багытты эске
алуу менен деңгээлдеп окутуу маселелери окутуучулар арасында кызыгууну
жаратты. Анын тегерегинде маанилүү жана кызыктуу талкуу жаралып,
ой-пикирлер ортого салынды. Эжекелерге алдыңкы тажрыйбалар менен
бөлүшкөндүгүнө терең ыраазычылык билдиришти жана мындай эки өлкөнүн
ортосундагы кызматташуу окутуу жараянын уюштурууда натыйжаларды берерин
жана элдер ортосундагы достуктун, ынтымактын бекемделүүсүне өбөлгө
болорун белгилешти. Кызматташуу уланарын билдиришип, эжекелерге
иштеринде чыгармачылык ийгилик каалашты.



ТИЛДИ ДЕҢГЭЭЛДЕП ОКУТУУДАГЫ ИННОВАЦИЯЛЫК МЕТОДДОР аталышындагы эл аралык илимий-усулдук онлайн семинар
Илимий-усулдук семинар ОшМУнун 85 жылдык мааракесине арналып, ага Ош мамлекеттик университетинин, Түркия Республикасынын Фырат жана Нигде Өмер Халисдемир университеттеринин, Өзбекстан Республикасынын А.Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинин, Казакстан Республикасынын Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин, Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдордун өкүлдөрү катышышты. Семинарда ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Аттокуров Курсантбек Шарабидинович кызматташуу алкагындагы бараандуу иштерди белгилеп, семинарды уюштурган ОшМУнун КФжЖ факультетинин факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасына ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады. Жогоруда аталган окуу жайлардын илимий иштер боюнча проректорлору, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчилери кызматташтык алака мындан ары уланып, тилди деңгээлдеп окутуудагы маселелерди чечүүдө илимий-усулдук жактан көмөктөшүп, тажрыйба алмашуу чөйрөсү үзгүлтүксүз жүргүзүлөрү белгиленди. Баяндамалардын, сунуш-пикирлердин, талкуунун жыйынтыгында кесипкөй адистерди даярдоодо тилди деңгээлдеп окутуунун мааниси чоң экендиги белгиленип, инновациялык методдорду тилди окутуудагы алдыңкы тажрыйба катары билим берүү жараянында жайылтуу сунушу айтылды. Бир баба тилден таркаган түрк тилдерин окутуудагы алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу менен бирге тилди деңгээлдеп окутуу, эл аралык маданий, илимий, усулдук иш-чараларды биргеликте өткөрүү, эл аралык долбоорлор, программалар менен иш алып баруу, тажрыйба алмашуу боюнча кызматташтыкты күчөтүүнү колго алуу максатында эстафеталык түрдө ар жылы 2 ирет (бир семестрде 1 жолу) семинар-конференцияларды уюштуруу жагы сунушталды.







