КЕСИПКЕ БАГЫТТАЛГАН КЕРЕГЕ КЕҢЕШ
Бүгүнкү күндө кыргыз тилин үйрөнүү жана аны окутуу маселеси өзгөчө актуалдуу
болуп турат. Глобалдашуу доорунда өз тилибизди сактап калуу, аны өнүктүрүү
жана келечек муундарга жеткирүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Ушуга
байланыштуу, филология жана маданият аралык коммуникация институтунун ФАКТ
кафедрасы тарабынан 2025-жылдын 23-апрелинде "Кыргыз тилин уланмалуулук
принцибинде деңгээлдеп окутуу маселелери (мектепке чейинки жана жалпы билим
берүү мекемелеринде, орто кесиптик жана жогорку окуу жайларында)" аттуу
республикалык онлайн илимий-усулдук кереге кеңеш өткөрүлдү.
Кереге кеңештин максаты – кыргыз тилин окутуунун уланмалуулук принцибин ар
кайсы билим берүү баскычтарында (бала бакча, мектеп, ОКОЖ, ЖОЖ) ишке
ашыруунун теориялык жана практикалык аспектилерин талкуулоо, ошондой эле бул
багыттагы алдыңкы тажрыйбалар менен бөлүшүү болуп саналат.
Кереге кеңешке Кыргыз Билим берүү академиясынын профессору, п.и.д. Рысбаев
Сулайман Казыбаевич, илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору
ф-м.и.к., доцент Эшаров Элзар Асанович жана Бишкек шаарынын, Ысык-Көл,
Талас, Жалал-Абад, Баткен областарынын орто жана жогорку окуу жайларынын,
мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдери катышышты.
Кереге кеңештин жүрүшүндө төмөндөгүдөй баяндамалар жасалды:
1.Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде бала бакчанын
тарбиялануучуларынын сүйлөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү багытында Бишкек
шаарындагы №53 балдар бакчасынын алдыңкы кыргыз тили мугалими Сулайманова
Аида Айтбековна "Жаныбарлар" темасын окутуу аркылуу бала бакчанын
тарбиялануучуларынын сүйлөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү";
2.Жалпы билим берүү мекемелеринде окуучулардын сүйлөө ишмердүүлүгүн
өнүктүрүү багытында Талас обласынын Талас районундагы Муратбек Туйтунов
атындагы Бакайташ орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими
Сыдыкова Нургүл Кудайбердиевна “Кыргыз тилин окутууда окуучулардын сүйлөө
ишмердүүлүгүн өнүктүрүүдө Бектур Исаковдун "Билим көчүндөгү элдик
каармандар" ыкмасын колдонуу”;
3.Орто кесиптик окуу жайларында студенттердин сүйлөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү
багытында Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарындагы Ысык- Көл индустриалдык-
педагогикалык колледжинин мамлекеттик тил боюнча директордунун орун басары,
окутуучу Исакова Сайрагүл Мусаевна “Орто кесиптик окуу жайларында кыргыз
тилин кесипке багыттап окутууда студенттердин сүйлөө маданиятын өстүрүүнүн
ыкмалары;
4. Орто кесиптик окуу жайларында студенттердин сүйлөө ишмердүүлүгүн
өнүктүрүү багытында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик
университетинин Жалал-Абад педагогикалык колледжинин окутуучусу Нурмамат
кызы Дилде “Студенттердин сүйлөө кебине таасир этүүчү факторлор жана сүйлөө
ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнүн айрым жолдору”;
5.Жогорку окуу жайларында студенттердин сүйлөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү
багытында Жалал-Абад шаарындагы К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык
университетинин улук окутуучусу Сопонова Айнура Аскаровна “Жогорку
жайларында студенттердин сүйлөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү”;
6. Жогорку окуу жайларында студенттердин сүйлөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү
багытында Ош мамлекеттик университетинин факультеттер аралык кыргыз тили
кафедрасынын улук окутуучусу Закирова Бермет Абдикалиловна “Кыргыз тилин
кесипке багыттап денгээлдештирип окутууда студенттердин сүйлөө
ишшмердүүлүгүн өнүктүрүүнүн ык-усулдары” деген темадагы баяндамалар жасалды.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан суроолор берилип, актууалдуу
маселелер талкууланып, көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүү жолдору айтылды
.
Жыйынтыгында, кереге кеңештин катышуучулары резолюция кабыл алышып, мындан
ары да ушундай көйгөйлүү маселелерди козгогон илимий-усулдук кереге
кеңештерди байма-бай улантууну жана жасалган баяндамаларда көрсөтүлгөн
үйрөнүүчүлөрдүн сүйлөө ишмердүүлүгүнө багытталган заманбап усулдарды
жайылтууну сунушташты.

Бүгүн, 2024-жылдын 13-майында Ош технологиялык университетинде "Жогорку окуу жайларында кыргыз тили предметин окутууда жаңы инновациялык, интерактивдүү технологияларды пайдалануу" деген аталышта кереге кеңеш болуп өттү. ОшМУда тил борборунун ишин кафедра башчы Зувайда Жамиловна башка ЖОЖдор менен кызматташуу, тажрыйба алмашуу сыяктуу аракеттерин колдоп келет. Кыргыз тилин деңгээлдеп окутууну Ош мамлекеттик университети алгачкылардан болуп баштаган. Кереге кеңеште ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары баяндама жасашты. 1. Тилди деңгээлдеп окутуу: сүйлөө жана баарлашуу ишмердүүлүктөрүн өнүктүрүү (окутуучу Бермет Закирова); 2. Тилди деңгээлдеп окутуу: жазуу ишмердүүлүгүн өнүктүрүү (доцент Назира Караева); 3. Тилди деңгээлдеп окутуу: угуу ишмердүүлүгүн өнүктүрүү (улук окутуучу Айгүл Осмонова); 4. Тилди деңгээлдеп окутуу: жазуу ишмердүүлүгүн өнүктүрүүдө санарип технологиясын колдонуу (окутуучу Тунук Аширова). Кереге кеңешке Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окутуучулары, ОшТУнун мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары катышты. Баяндамалардан соң, кесипке багыттап окутуу концепциясынын негизинде жасалган иш-аракеттер тууралуу пикирлер айтылып, ой бөлүшүштү.

