Бүгүн, 2024-жылдын 13-майында Ош технологиялык университетинде "Жогорку окуу жайларында кыргыз тили предметин окутууда жаңы инновациялык, интерактивдүү технологияларды пайдалануу" деген аталышта кереге кеңеш болуп өттү. ОшМУда тил борборунун ишин кафедра башчы Зувайда Жамиловна башка ЖОЖдор менен кызматташуу, тажрыйба алмашуу сыяктуу аракеттерин колдоп келет. Кыргыз тилин деңгээлдеп окутууну Ош мамлекеттик университети алгачкылардан болуп баштаган. Кереге кеңеште ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары баяндама жасашты. 1. Тилди деңгээлдеп окутуу: сүйлөө жана баарлашуу ишмердүүлүктөрүн өнүктүрүү (окутуучу Бермет Закирова); 2. Тилди деңгээлдеп окутуу: жазуу ишмердүүлүгүн өнүктүрүү (доцент Назира Караева); 3. Тилди деңгээлдеп окутуу: угуу ишмердүүлүгүн өнүктүрүү (улук окутуучу Айгүл Осмонова); 4. Тилди деңгээлдеп окутуу: жазуу ишмердүүлүгүн өнүктүрүүдө санарип технологиясын колдонуу (окутуучу Тунук Аширова). Кереге кеңешке Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окутуучулары, ОшТУнун мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары катышты. Баяндамалардан соң, кесипке багыттап окутуу концепциясынын негизинде жасалган иш-аракеттер тууралуу пикирлер айтылып, ой бөлүшүштү.

