ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ
КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ БОРБОРУ
Квалификацияны жогорулатуу борборундагы окутуучулардын кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуучу курстардын тизмеси.
№ |
Кошумча билим берүү (курстар) Допольнительное образование (курсы) |
Лицензия номери |
Окуу формасы |
Студенттин саны |
|
Психология жана педагогика(Окуу мөөнөтү: 3 айга чейин) Психология и педагогика (Срок обучения:до 3 мес) |
№LE180000390 Бишкек 2018-ж
|
күндүзгү очная |
30 угуучуга чейин |
|
Педагогикалык квалификацияларды жогорулатуу(Окуу мөөнөтү: 1 айга чейин) Повышение педагогической квалификации(Срок обучения:до 1 мес) |
№LE150001017 Бишкек 2015-ж |
күндүзгү очная |
100 угуучуга чейин |
|
Билим берүү ишмердүүлүгүнүн багыттары жана башка түрлөрү (Окуу мөөнөтү: 3 айга чейин) Направление и другие виды образовательной деятельности (Срок обучения:до 3 мес) |
№LE170001438 Бишкек 2017-ж |
күндүзгү очная |
15 угуучудан жогору |
№ |
Аталышы |
Аннотациясы |
Сааты |
|
Компетенттүүлүккө багытталган окутуу технологиялары |
Педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүнүн абалын аңдап түшүнүп, аны өнүктүрүүнүн жолдорун аныкташат. Кесиптик компетенттүүлүгүнө байланыштуу теориялык түшүнүктөрдү анализдешет. Окутуучулар “кесиптик компетенттүүлүк” түшүнүгү жана кесиптик компетенттүүлүктүн түрлөрү менен тааныштыруу.
|
36/72 |
|
Көп тилдүү билим берүү (КЛИЛ) |
Content and Language Integrated Learning (CLIL) - бул эки багыттуу заманбап билим берүү ыкмасы, мында тилди да, мазмунду да үйрөнүү жана үйрөтүү үчүн чет тилин кантип колдонуу ыкмалары үйрөтүлөт. |
36/72 |
|
НББПнын негизинде ОМК түзүү жолдору (72 саат) |
ПО курам окуу-усулдук комплексинин түзүмүнө жана мазмунуна кирген өзгөрүүлөр тууралуу кеңири түшүнүк алышат. ОУКтун түзүмүнө кирген сабактардын бардык түрлөрүн, ага ылайык түзүлгөн силлабус, баалоо каражаттарынын фондун түзүүнү өздөштүрүшөт. Студенттердин өз алдынча иштөөсүн, билим берүү технологияларын ишке ашырууну, окуу жетишкендиктеринин учурдагы, аралык текшерүүлөрүн жана жыйынтыктоочу сынактарды камсыз кылган окуу-усулдук документтерди окуп-үйрөнүшөт, практикалык иштерди жүргүзүшөт. |
36/72 |
|
Экинчи тилди окутуудагы коммуникативдик методиканын негиздери (72 саат) |
Коммуникативдик методика – экинчи тилди окутуунун заманбап жана натыйжалуу ыкмаларынын бири. Бул ыкманын негизги максаты – студенттерди тилди активдүү колдонууга үйрөтүү, коммуникативдик компетенциясын өнүктүрүү жана реалдуу жашоо кырдаалдарында тилди эркин колдонууга үйрөтүү. |
36/72 |
|
Тил билүү деңгээлин А1 жогорулатуу (кыргыз тили) |
А1 деңгээлин окутуу курсу тилди жаңы үйрөнө баштагандар үчүн түзүлгөн. Катышуучулар жөнөкөй сүйлөмдөрдү түзүүнү жана күнүмдүк кырдаалда баарлашууну үйрөнүшөт. Сабактарда лексика-грамматика, окуу, угуу, жазуу, сүйлөө көндүмдөрү өздөштүрүлөт. Окутуу интерактивдүү ыкмалар жана практикалык тапшырмалар менен жүргүзүлөт. Курс тилдин негиздерин бекемдөөгө жана андан ары үйрөнүүгө шарт түзөт. |
36/72 |
|
Тил билүү деңгээлин А2 жогорулатуу (кыргыз тили) |
А2 деңгээлине жогорулатуу курсу баштапкы деңгээлден (A1) кийинки баскычка өтүүнү каалагандар үчүн түзүлгөн. Курс күнүмдүк темаларда ой-пикир билдирүү, татаалыраак сүйлөмдөрдү түзүү жана тексттерди түшүнүү жөндөмүн өркүндөтүүгө багытталган. Грамматикалык конструкциялар тереңирээк үйрөтүлүп, сөз байлыгы кеңейтилип, угууну жана сүйлөөнү өнүктүрүү боюнча практикалык тапшырмалар берилет. Сабактар интерактивдүү методдор менен өтүп, реалдуу коммуникацияга басым жасалат. Бул курс катышуучуларга тилдик чеберчилигин бекемдеп, келечекте В1 деңгээлине өтүүгө жакшы жардам берет. |
36/72 |
|
Тил билүү деңгээлин В1жогорулатуу (кыргыз тили) |
Өзбек, орус, тажик тилдүү мугалимдердин жана жарандардын лексика-грамматикалык көндүмдөрүн жана кеп ишмердүүлүгүн (окуу, угуу, жазуу, сүйлөө) кыргыз тилинин талаптарынын В1 деңгээлине ылайык өстүрүү өстүрүү б.а. кыргыз тилин билүүсүн В1деңгээлине жогорулатуу. |
36/72 |
|
Тил билүү деңгээлин В2 жогорулатуу (кыргыз тили) |
Өзбек, орус, тажик тилдүү мугалимдердин жана жарандардын лексика-грамматикалык көндүмдөрүн жана кеп ишмердүүлүгүн (окуу, угуу, жазуу, сүйлөө) кыргыз тилинин талаптарынын В2 деңгээлине ылайык өстүрүү б.а. кыргыз тилин билүүсүн В2 деңгээлине жогорулатуу. |
|
|
Тил билүү деңгээлин С1 жогорулатуу (кыргыз тили) |
Катышуучулардын окуу жана жазуу көндүмдөрүн кыргыз тилинде С1 деңгээлге жогорулатуу. Катышуучулар жана көлөмдүү тексттерди, эссе, доклад жана ар кандай стилдеги тексттерди талдашат. Академиялык стилде ой жүгүртүү жана өз оюн так жана логикалык ырааттуулук менен билдирүүгө жетишет. Тексттерди түшүндүрүүнүн жана талдоонун ыкмаларын колдонушат. Сүйлөмдүн контексттик жана подтексттик маани-маңызын айырмалай алышат. |
|
|
Тил билүү деңгээлин А1 жогорулатуу (англис тили) |
Катышуучулар томонкулорду өздөштүрүшөт: -Негизги грамматиканы жана сөз байлыгын контекстке киргизүү үчүн негизги окутуу ыкмалары. -Сүйлөө жана угуу жөндөмүн өнүктүрүү үчүн интерактивдүү жана коммуникативдик иш-чаралар. -Башталгычтар үчүн окуу жана жазуу стратегиялары, анын ичинде структураланган көнүгүүлөр жана жетектелген практика. -Прогрессти көзөмөлдөө жана конструктивдүү пикирлерди берүү үчүн баалоо ыкмалары. |
|
|
Тил билүү деңгээлин А2 жогорулатуу (англис тили) |
Бул окутуу программасы мугалимдерге А2 деңгээлиндеги англис тилин жакшыртуунун натыйжалуу ыкмаларын берет, сөз байлыгын кеңейтүүгө, грамматиканы чыңдоого жана чыныгы жашоодогу контекстте баарлашуу көндүмдөрүн жакшыртууга басым жасайт. Курста эркин сүйлөөгө, тактыкка жана ишенимди бекемдөөгө басым жасалып, окуучуларга негизги тилди өз алдынча колдонууга жардам берилет. |
|
|
Тил билүү деңгээлин В1 жогорулатуу (англис тили) |
Бул окутуу программасы мугалимдерге англис тилин жакшы өздөштүрүүгө жардам берүү максатында иштелип чыккан. Курс мугалимдерге күчтүү грамматика, сөз байлыгы жана баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүүдө үйрөнүүчүлөрдү колдоо стратегияларын камсыз кылат, аларга өз пикирлерин билдирүүгө, тааныш темаларды талкуулоого жана узак тексттерди жана сүйлөшүүлөрдү түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. |
|
|
Тил билүү деңгээлин В2 жогорулатуу (англис тили) |
Бул окутуу программасы мугалимдерге англис тилин В2 деңгээлинде билүүгө жардам берүү максатында иштелип чыккан, алар эркин сүйлөшө алышат, татаал темалар боюнча пикирлерин билдире алышат жана тексттердин жана сүйлөгөн тилдин кеңири спектрин түшүнүшөт. Курс өнүккөн грамматика, академиялык жана кесиптик сөз байлыгы жана сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүнө басым жасайт, окуучулардын маңыздуу талкууларга катышуусун жана жакшы түзүлгөн жазуу жана сүйлөгөн жоопторду чыгаруусун камсыз кылат. |
|
|
Тил билүү деңгээлин С1 жогорулатуу (англис тили) |
Бул жогорку билим берүү программасы мугалимдерге окуучуларды англис тилин үйрөнүүгө багыттоого жардам берүү максатында иштелип чыккан, алар академиялык, кесиптик жана социалдык чөйрөдө эркин жана натыйжалуу баарлаша алышат. Курс тилди жакшыртууга, сынчыл ой жүгүртүүгө жана дискурстук компетенттүүлүккө басым жасайт, бул окуучуларга татаал, жакшы структураланган аргументтерди чыгарууга жана сүйлөгөн жана жазылган англис тилиндеги нюанстуу маанилерди түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. |
|
|
МЧББУ кесиптик компатенцияларын өркундөтүү |
Мектепке чейинки билим берүү уюмунун педагогдорунун кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү проблемасын изилдөөгө арналган окуу. Кесиптик компетенттүүлүктүн калыптанышынын теориялык аспектилери каралып, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогдорунун кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүнүн заманбап ыкмалары талданат жана бул процессти мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде уюштуруу боюнча практикалык сунуштар берилет. |
|
|
Жалпы республикалык тестке даярдоонун негиздери |
Бул курс окуучуларды орус тили боюнча бүткүл республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) ар тараптуу даярдоого багытталган. Окутуу процессинде мугалимдер негизги тил компетенцияларын, анын ичинде грамматика, орфография, пунктуация, лексика жана стилди өздөштүрүшөт. Тексттерди түшүнүү, ЖРТ форматындагы тапшырмаларды талдоо, ошондой эле тестти ийгиликтүү тапшыруу үчүн стратегияларды иштеп чыгуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Курстун программасы теориялык материалды да, типтүү тесттик тапшырмаларды талдоо менен практикалык көнүгүүлөрдү да камтыйт. |
36/72 |
|
“Өзүн-өзү таануу жана жеке өнүгүү” |
“Өзүн-өзү таануу жана жеке өнүгүү” курсу педагогиканын жана технологиянын алдыңкы тажрыйбаларына негизделген методикалар аркылуу окуучунун жөндөмдүүлүктөрүн ачууга көмөктөшөт. Бул курста бардык сабактар практикалык ишмердүүлүккө негизделген. Интерактивдүү сабактардын жүрүшүндө окуучу өзү үчүн өзүнүн жане дүйнөсүн ачып, таанып-билип өзүнүн иш аракетине, жүрүш-турушуна анализ жүргүзүп, таанып-билип, сынчыл көз караш менен карап, келечекте туура максат коюп, тандоо жасаганды үйрөнөт. Курстун видеотасмалары бар. |
36/72 |
|
“Кесиптик билим берүүдө компетенттүүлүк мамилеге ылайык окуу-методикалык документтерди иштеп чыгуу жана заманбап технологияларды пайдалануу” |
Кесиптик жогорку деңгээлдеги даярдыкты камсыздоо максатында - сабактардын планын жана программасын так жана системалуу түрдө ишке ашырууну, ар кандай илимий, билим берүүчү жана акыркы технологияларды колдонууну, дидактикалык жабдыктарды даярдоо жана пайдаланууну, баа коюу процессинде ачык-айкындык жана адилеттүүлүк принциптерин сактоону, студенттерге баалоонун критерийлери тууралуу маалыматтарды алдын ала берүүнү өздөштүрүшөт.
|
36/72 |
|
“Иш кагаздарын мамлекеттик типтүү нускаманын негизинде түзүү жана жүргүзүү” |
КРдын мамлекеттик тилин, кыргыз тилин В2 деңгээлде өздөштүрүп, иш кагаздарын Типтүү нускаманын, тилдин грамматикасынын талабына ылайык так, туура даярдоого жетишишет. Иш кагаздарды, алардын подстилдерин, түрлөрүн даярдоодогу стандартка ылайык мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат. Түрдүү иш кагазынын жазылуу максатын, убагын, милдетин, маанисин, тил каражаттарынын туура, так керектелишин, укуктук күчүн, жарамдуулук мөөнөтүн, катталышын жана сакталышын үйрөнүшөт. Иш кагаздарын жазууда аббревиатуралык, номенклатуралык, нумеративдик сөздөрдү орундуу колдонуп, шрифт, интервал, барактагы талаачалар, бош калган аралыктын бекитилиши, алардын мааниси, канча нускада, кандай даярдалышы, кимде сакталышы сыяктуу эрежелерди так өздөштүрүшөт. Маанилик жакындыгы бар иш кагаздарын бири-биринен айырмалай алышат. |
36/72 |
|
“Окутуу процессинде сингапурдук окутуу ыкмасын жана жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн интеграциялоо” |
Бул изилдөөдө окутуучулардын Сингапурдук окутуу методикасын жана жасалма интеллекттин (ЖИ) мүмкүнчүлүктөрүн интеграциялоо боюнча ар кандай ыкмаларды өздөштүрүүсү каралат. Окутуучулар аталган методиканын мазмуну, негизги принциптери жана ЖИнин билим берүүдө колдонуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышат. Интеграцияланган окутуу ыкмалары студенттердин активдүү катышуусун камсыздап, окуу процессин жекелештирүүгө, билимди терең өздөштүрүүгө жана критикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт |
36/72 |
|
“Жеке сайтты түзүү аркылуу, илимий маалыматтарды электрондоштуруу” |
Окуу жайыбызда муктаж болгон тармактарда жогорку квалификациялуу окутуучуларды даярдоо жана туруктуу профессордук-окутуучу курамды түзүү максатында университеттиничинде Ош мамлекеттик университетинин квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан сунушталган курстар маанилүү. Учурда индекстүү журналдарда макалалардын санын көбөйтүү үчүн тажрыйбалуу окутуучулар менен камсыздоо иш-аракеттерине өзгөчө маани берилип, жарыяланган макалаларга материалдык жактан колдоо көрсөтүлүп келе жатат. Илимий-метрикалык базаларды профессордук окутуучу курамдар колдонуп жатабы? - деген суроо жаралат. Учурда ОшМУнун сайттарын санариптештирүү тапшырмасынын негизинде курстун программасы даярдалды. Азыркы ааламдашуу заманында өнүгүү жана эл аралык аренада бекем туруу үчүн башка өлкөлөр менен ынак мамиледе санариптик тыгыз кызматташтыкта болуу зарыл. Ал үчүн илимий-метрикалык базалар эмне үчүн керек? Илимий жана окуу процессинде кандай колдонобуз? - деген суроолорду чечүү максатта “Жеке сайтты түзүү аркылуу илимий маалыматтарды санариптештирүү” курсун окутуу зарылдыгы жаралып курс уюштурулду. Курсту б.и.к., доцент Молдалиев Жоомарт Тумакович өттү. Курсту окутуунун натыйжасында курстун катышуучулары төмөндөгү илимий базаларга катталышты жана өздөрүнүн жеке сайттарын түзүүгө көмөктөштү. Ал эми аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн https://postgraduate.oshsu.kg/ сайттары санариптешти. Анын натыйжасында аспирант жана докторанттардын иш кагаздары эч кандай тоскоолдуксуз сайтга жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү жаралды. 1.PhD докторантуранын сайты- https://pstgr.oshsu.kg/ 2.Аспирантуранын сайты-https://asp.oshsu.kg/ 3.Изилдөөчүлөрдүн (доктор)- https://ds.oshsu.kg/ . |
36/72 |
|
|||
|
Педагогика жана психология боюнча билимин жогорулатуу |
Бул курс мугалимдердин педагогикалык чеберчилигин жогорулатууга багытталган. Курска кирген темалар билим берүүнүн мазмуну, окутуу жана тарбиялоо процессинин теориялык жана практикалык аспекттерин камтыйт. Мугалимдер педагогика илиминин изилдөө предмети жана методологиялык негиздерин, педагогикалык кесиптин маңызын жана социалдык педагогикалык ишмердүүлүктү өздөштүрүшөт.Курс инклюзивдик билим берүүнүн теориясын жана практикасын, атайын педагогиканын методдорун, окутуу процессинин технологияларын жана окуучулардын билим деңгээлин баалоо критерийлерин камтыйт. Мугалимдер окутуу процессинин формаларын, окутуунун эффективдүү технологияларын жана окуучулардын социалдаштыруу маселелерин чечүүгө жардам бере турган стратегияларды өздөштүрүшүп мугалимдерди профессионалдык өнүгүүгө жетелейт жана студенттердин өнүгүшүнө жардам бере турган эффективдүү методдорду иштеп чыгат. Жалпы мугалимдердин психологиялык-педагогикалык маданиятын жогорулатуу. Аны ийгиликтүү иш себеп катары, инсандын психологиялык өзгөчөлүктөрү жөнүндө бирдиктүү көз-карашын калыптандыруу, башкача айтканда: - өз алдынча ойлонууга жана өз иш-аракеттерин жыйынтыктарын алдын-ала билүүгө үйрөтүү; -психологиянын жана педагогиканын жетишкендиктеринин негизинде азыркы коомдун актуалдуу социалдык-психологиялык проблемаларын чечүү. |
36/72 |
|
“Чет тилдерин эффективдүү окутуунун методдору” |
Чет тилдерди окутуунун жана натыйжалуу үйрөнүүнүн методикасы чет тилдерди окутуунун жана эффетивдүү окутуунун алдыңкы методдорун өздөштүрүүгө кызыкдар мугалимдерге арналган. Курстун жүрүшүндө катышуучулар чет тилин натыйжалуу жана тез өздөштүрүүгө мүмкүндүк берген ар кандай ыкмалар жана ыкмалар жөнүндө билимге ээ болушат, ошондой эле сабакка жетишүү үчүн мыкты педагогикалык тажрыйбалар жөнүндө. |
36/72 |
|
Окутуунун жаңы технологиялары аркылуу сынчыл ойлоону өстүрүү |
Билим берүүдөгү окутуунун жаңы технологиялары аркылуу ойлонууга үйрөтөт, өз пикирин башкалар менен салыштырууга үйрөтөт. Чыгармачылыкты көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт жана өз ара аракеттенүүгө түрткү берет.
|
36/72 |