Кафедранын тарбиялык иштери
АДАБИЯТ – УЛУТТУН УЛУУ МУРАСЫ
2024-жылдын 13-декабрында Адабият күнүнө арналган “Адабият – улуттун улуу мурасы” аттуу кече ПИжЖ институтунун искусство бөлүмүндө белгиленди. Иш-чарага студенттер активдүү катышып, көөнөрбөс байлыгыбыз “Манас” эпосундагы Бакай атанын батасы, кеменгер Жусуп Баласагындын китеби тууралуу сахналык көрүнүш, элдик музыкалык аспаптарда “Курманбек” дастанын айтып, алп акын Барпынын “Мөлмөлүм” ырына бийлеп, сүйүүнү даңазалаган А.Осмоновдун ырларын обондуу аткарышып, келген меймандарга маданий-эстетикалык маанай тартуулашты.
Иш-чаранын соңунда ПИжЖ институтунун искусство бөлүмүнүнүн башчысы доцент Д.А.Ыразаков жана ФАКТ кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент З.Ж.Каразакова, доцент А.Боронбаевдер куттукташып, уюштуруучулар А.Осмоновага, Н.Дамиловага, С.Урматбековго ыраазычылык билдиришти.
Иш-чарага катышкан студенттердин окууларына, чыгармачылыгына ийгилик каалашып, жигердүү студенттерге ыраазычылык кат тапшырылды.
Нет описания фото.
ААЛАМ КЕЗГЕН АЙТМАТОВ
2024-жылдын 12-декабрында Адабият күнүнө карата “Аалам кезген Айтматов” аттуу иш-чара экономика, бизнес жана менеджмент институтунда белгиленди. Иш-чарага студенттер активдүү катышты жана философиялык идеялар камтылган Айтматовдун чыгармаларынан сахналык көрүнүштөрдү аткарышты. Анда:
-ажал менен өмүр айкаша келе тургандыгын;
- адам бул жашоого бир келген соң, өз тагдыры үчүн күрөшүп жашаш керектигин;
- каада-салт деп, ага жан дүйнөңдү курман кылгандыгын;
- адам кеч болсо да өз жолун табуудан адашпоосу керектигин Айтматовдун каармандары аркылуу чагылдырышты. Жыйынтыгында институттун директору э.и.д., доцент Т.М.Исраилов жана ФАКТ кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент З.Ж.Каразакова куттуктоо сөзүн айтып, уюштуруучулар Р.Бекмуратова, Э.Алишеровага ыраазычылыгын билдиришти. Иш-чарага катышкан активдүү студенттерге ыраазычылык кат тапшырылды.


ТИЛ МАЙРАМЫ — ДИЛ МАЙРАМЫ
Эне сүтү менен кошо жаралган эне тилибизди ыйык тутуп аздектегенде гана, биз улутубуздун жүзүн, руханий маданиятыбызды, ата-баларыбыздын каада-салттарын сактап кала алабыз.
Улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон - мамлекеттик тил майрамы МФТИТ институтунда 23-сентябрь күнү белгиленди.
"Тилибиз - жан дилибиз" аттуу музыкалык кечеде институттун 1-курсунун студенттери тарабынан даярдалган номерлер коюлду.
Кыргыз комузу жаңырып, обондуу ырлар ырдалды.
Кечеге ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору п.и.к., доцент Шарипова Мастура Сайпидиновна катышып, студенттерди жана жамаатты тил майрамы менен куттуктады.
Мекенчилдикке, сабаттуу адис катары калыптандырууга, чыгармачыл дараметтерин ойготууга салым кошкон кафедранын окутуучуларына ыраазычылык билдиребиз!


МАДАНИЙ ИШ-ЧАРА 2024-жылдын 14-майында юридика факультетинде ОшМУнун 85 жылдык мааракесинин алкагында Жеңиш майрамына карата уюштурулган "Эч ким, эч качан унутулбайт” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага катышкан студенттер кыргыз жана орус тилдеринде каардуу согуш темасындагы ырларды көркөм окушуп, Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасынан үзүндүлөрдү аткарышты. Жыйынтыгында студенттерге факультет тарабынан ыраазычылык каттар ыйгарылды.





СПОРТ - СЕРГЕКТИК - СҮЙҮНҮЧКӨ СЕБЕП Кафедранын окутуучулары Назира Караева, Тунук Аширова, Гулзар Мамадиева, Элмира Алишерова, Жазгул Максутова ЖИБЕК ЖОЛУ марафонунда ОшМУнун 85 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулган марафон жогорку деңгээлде уюштурулганына күбө болдук. Ыраазычылык билдиребиз! ОшМУ - кулачың кенен, кадамың кадырлуу, келечегиң кең!



НООРУЗ - ЖАҢЫЛАНУУ, ЖАНДАНУУ

20.03.2024

Бүгүн орус филологиясы факультетинде Нооруз майрамына карата “Нооруз – жаңылануу, жандануу” аталышында иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара 1-курстар арасында таймаш түрүндө болду.

Анда тайпалар жаз көргөзмөсүн чыгармачылык менен жасашып, кыргыз ыры, кыргыз бийи, улуттук каада-салты, айтыш, улуттук аспапта кол ойното алуусу сыяктуу өнөрлөрүн көрсөтүшүп, улуттук даамдар тууралуу таанытым жасашып, аягында кол күрөш, аркан тартыш оюндары менен күч сынашты. Жыйынтыгында мыктылар белгиленип, дипломдор тапшырылды.

Иш-чараны уюштурган кафедранын улук окутуучулары Г.Мамадиева, Ж.Максутоваларга жана орус филологиясы факультетинин тарбиялык иштер боюнча орун басары Чынара Токуровага ыракмат айтып, ыраазычылык билдиребиз.


ОшМУнун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасына караштуу бардык факультеттеринде Мамлекеттик тил күнү белгиленди.

ДТжМ факультеттинде 23-сентябрь күнү “Улут болсом-тилим менен улутмун” деген аталыштагы иш-чара өткөрүлдү. Факультеттин жана окутуучулары тарабынан даярдалган программа жогорку деңгээлде жүзөгө ашырылып, жыйынтыгында чет тилди үйрөнүп жаткан студенттер, манас айтышып, ыр-бийлер жана көркөм окуулар менен жыйынтыкталды. Студенттерге факультет тарабынан ыраазычылык каттар ыйгарылды.

2023-жылдын 29-сентябрында ОшМУнун орус филологиясы факультетинин 1-курстарынын (6топ) ортосунда “Тил - тилектештик тиреги” аталышындагы “Тил билги” акыл таймашы болуп өттү. Таймаштын жыйынтыгында 1-орунду РЛ(б)-2-23 тайпасы (“Ынтымак” тобу), 2-орунду РЛЕ(б)-1-23 тайпасы (“Каникей” тобу), 3-орунду РА(б)-1-23 тайпасы (“Каганат” тобу) алып, акчалай жана кызыктыруучу сыйлыктар берилди (орус филологиясы факультетинин деканаты жана Г.Мамадиева, Ж.Максутова эжекелердин атынан берилди.)

Мамлекеттик тил майрамына карата МИТ факультетинде 1-курстар тарабынан даярдалган “Улут болсом тилим менен улутмун” аттуу адабий- музыкалык кече болуп өттү. Кечеде кыргыз күүсү ойнолуп, ыр-бийлер менен коштолду. Студенттердин тилге болгон, мекенге болгон сезимдери көркөм ырларында камтылды.

2023-жылдын 22-сентябрында кыргыз-кытай факультетинин студенттери тарабынан “Тилим – менин тирегим” деген аталыштагы майрамдык достук-таймаш уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты: мамлекеттик тилди даңазалоо, Мекенди сүйүү, эл жерин сыйлоо, студенттер ортосундагы достук мамилени чыңдоо. Иш-чарада мамлекеттик тилди даңазалаган ырлар көркөм окулуп, “Манас” эпосунан үзүндү айтылып, макал-лакаптар, ыр-бийлер менен коштолуп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартууланды.

Мамлекеттик тил майрамын утурлай чыгыш таануу институтунда “Кыргыз тили кылымдарды карыткан, Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” аттуу дубал газеталардын жана видео-роликтердин сынагы болуп өттү.

Сынакта студенттер мамлекеттик тилди даңазалаган ырлардан көркөм айтышып, видео-роликерди даярдашып сайтка жайгаштырышты. Жыйынтыгында, чыгыш таануу инситуту тарабынан студенттерге акчалай сыйлыктар жана ыраазычылык каттар ыйгарылды.

22-сентябрь күнү тарых жана социалдык иштер факультетинде “Тилиң – тарых, тилиң – күзгү дилиңе” деген аталыштагы тегерек стол уюштурулду. Анда студенттер тил боюнча илимий докладдарды окушуп, тилдин бүгүнкү күндөгү тарыхына басым жасалды. Ошону менен бирге эле “Манас”эпосунан үзүндүлөр айтылып, мамлекеттик тилди даңазалаган көркөм окуулар окулуп, ыр-бийлер менен коштолду.

2023-жылдын 2-октябрында теология факультетинде “Улуттук баалуулуктар” кичи долбоордун презентациясы болуп өттү. Теология факультетинин 1-кустары тарабынан 8 топ даярдалып, ар бир топко кыргыздын баалуулуктары жөнүндө тапшырма берилген. “Беш манжа” тобу - желекти, “Ынтымак” тобу - эне тил боюнча, “Курманжан датка” тобу -боз үйдү, “Биримдик” тобу - бала тарбиялоо, “Ажар” тобу - улуттук баш кийим, “Ак Мөөр” тобу – кыргыз оймолору, “Кабылан” тобу – мамлекеттик тилди, “Искусство” тобу – кыргыз сүрөтчүлөрү боюнча презентация жасап беришти. Жыйынтыгында ар бир топторго Ардак грамоталар ыйгарылды.

23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата медицина факультетинде “Улут болсом – тилим менен улутмун” аттуу адабий-музыкалык кече болуп өттү. Медицина факультетинин деканы жана факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын башчысы, доцент З Каразаковалар катышып, иш-чара жогорку деңгээлде өткөндүгүн баса белгилешти.

Искусство факультетинин эжекелери Н.Дамилова, А. Осмоновалар Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган “Кадыр-баркың бийик болсун эне тил” аттуу иш – чарада кафедрага бөлүнгөн ишти аткарышты. Тапшырма боюнча авторлордун көркөм элесин чагылдырган сценарий жазышып, искусство факультетинин мугалимдери жана студенттери менен биргеликте сахналык көрүнүшкө даярдашты.

28-сентябрда ОшМУнун бизнес жана менежмент факультетинде “Эне тилим – эне сүтүм” деген иш–чара болуп өттү. Факультеттин деканы сөзгө чыгып, студенттерди жана окутуучуларды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап кечени ачып берди. Жыйынтыгында, студенттер тарабынан көркөм окуулар окулуп, комуздун коштоосунда күүлөр чертилип, ыр-бийлер менен коштолду.

ААЛАМ ГЕНИЙИ – АЙТМАТОВ. Заманыбыздын залкары Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата жарыяланган 3 айлыктын алкагына жана 12-декабрь - Улуттук адабият күнүнө карата ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде "Аалам генийи – Айтматов" аттуу адабий-музыкалык кече болуп өттү. Факультеттин деканы, доцент Р.Сагындыкова, факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын башчысы, доцент З.Каразакова, программа жетекчилери, доценттер Б.Тургунбаева, Г.Аипова, декандын тарбиялык иштери боюнча орун басары Э.Карабекова адабий кеченин жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгилеп, уюштуруучулар Н.Караевага, Т.Ашировага, Э.Баатырбековага, кураторлорго, китепканачыларга, таланттуу студенттерге ыраазычылык билдиришти. Жыйынтыгында активдүү катышкан студенттер белгиленди. Китепканачылар К.Кудайбердиева жана анын жамааты Ч.Айтматовдун китептеринин көргөзмөсүн уюштуруп, жалпы студенттерди китеп окууга чакырышты.

<Тарбиялык иш-план 2023-24-ж> < Тарбиялык иштердин жарым жылдык отчету> <Мамлекеттик тил майрамынын өткөрүлүшү тууралуу билдирүү>