Протокол №5
ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ ТАБИЯТ ТААНУУ, ТУРИЗМ ЖАНА АГРАРДЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ Химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын 2023-жылдын 23-ноябрындагы кезектеги жыйынынын №5-иш кагазынан КӨЧҮРМӨ 23-ноябрь, 2023-жыл Катышкандар: Полотов И.Ж. – т.и.к, доцент, кафедра башчысы, Алтыбаева Д.Т. – х.и.д., профессор, Абдуллаева М.Д. - т.и.д., профессор, Сүйүнбекова А.С. - х.и.к., доцент, Абдулазизов Т.А. х.и.к., доцент, Жапаров Ө.Т. - х.и.к., доцент, Сапаров К.К. х.и.к., доцент, Кеңешов Б. М. – х.и.к., доцент, программа жетекчиси, Мирзаева М. Р. – х.и.к., доцент, Ярматов М.О. –ага окутуучу, Орозматова Г. – х.и.к., доценттин м.а., Осмонова А.А. –окутуучу, Кошназарова Ч.К. – окутуучу., Исмаилова Б. А. – лаб. башчысы, Дөөлөтова Г.Ө.-улук лаборант, Асанова Э.-лаборант, Субанов Т.-лаборант, жумуш берүүчүлөр: Бабеков А.У. (ОГПУ, каф. башчы), Адахамов Б. (Ош обл. КИКМЖ, Ош шаардык ОАА жана МСАКБ), Бепиев Э. (Шаардык ИИБ эксертиза борбору), Айдарали кызы Айнагул (Шаардык ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору), Жорокулов Д.А. ОшТУнун химия жана химиялык технология кафедрасынын башчысы, Эркебаев Б.К.-Ноокат районунун Борко лицейинин директору, Топчубай уулу Сүйүн Өзгөн районунун №17 Чомо Баатыр орто мектебинин директору, магистранттар. Күн тартибиндеги маселелер: 1. 520100 – “химия” багыты боюнча магистрлерди даярдоо боюнча 2024-2025- окуу жылындагы окуу планына дисциплиналары киргизүү тууралуу. 2. Ар түрдүү маселелер. Угулду. Төрага, кафедра башчысы Полотов И.Ж. бүгүнкү кеңешмеге стейкхолдерлер катышып жаткандыыгын билдирди жана аларган сөз кезегин берди. Эркебаев Б.К. Ноокат районунун Борко лицейинин директору: -Бүгүнкү күндө мектепте химия сабагынан окуучуларга терең билим берүү үчүн учурдун талабына туура келген компетенттүү адистерди даярдоо керек. Магистрлерди даярдоонун окуу планына “Мектепте олимпиадалык маселелерди чыгаруу”, “Окутуунун жаны технологиялары”, “Уюштуруу иштери боюнча менеджмент жана маркетинг” деген дисциплиналарды киргизүүнү сунуштайм. Топчубай уулу Сүйүн Өзгөн районунун №17 Чомо Баатыр орто мектебинин директору: - Мектептерде химия мугалимдери учурдун талабына жооп берген ар тараптуу өнүккөн адис болуштары керек. Алар өздөрүнүн дисциплинасын жакшы өздөштүргөнү менен уюштуруу иштеринде аксап атышкандары байкалат. Ошондуктан химия багытындагы магистрлерди даярдоонун окуу планына “Уюштуруу иштери боюнча менеджмент жана маркетинг” деген дисциплинаны киргизүүнү сунуштайм. Кеңешменин жүрүшүндө т.и.д., профессор Абдуллаева М.Д, х.и.д., профессор Алтыбаева Д.Т., х.и.к., доцент Сапаров К.К., х.и.к., доцент Абдулазизов Т.А., х.и.к., доцент Кенешов Б.М.. жарыш сөзгө чыгып сүйлөштү жана жумуш берүүчүлөрдүн сунуштарын толук колдошоорун айтышты. ТОКТОМ: 1. 520100 – “химия” багыты боюнча магистрлерди даярдоо боюнча 2024-2025- окуу жылына окуу планына “Мектепте олимпиадалык маселелерди чыгаруу”, “Окутуунун жаны технологиялары”, “Уюштуруу иштери боюнча менеджмент жана маркетинг” дисциплиналары киргизилсин. Токтомго добуш берүүнүн жыйынтыгы: “Макул” – 30; “Каршы” – жок; “Калыс” – жок. Химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын кеңешмесинин төрагасы, т.и.к., доцент: Полотов И.Ж. Кеңешменин катчысы, х.и.к., доценттин м.а.: Орозматова Г.Т.