Жапон тили жана маданияты борбору

“Тил – биримдиктин жана маданияттын башталышы” аттуу интеллектуалдык тил сынак

ОшМУнун 85 жылдыгына карата уюштурулган “Тил – биримдиктин жана маданияттын башталышы” аттуу интеллектуалдык тил сынагына Аймак таануу багытынын РВ(б)-1-22, РВ(б)-1-23 тайпаларынын студеттери катышып “ГРАН ПРИ” дипломуна жана баалуу белектерге ээ болушту.


KJFF жапон борбору

(кыргыз-жапон достук фонду )

Информация о центре


«СТУДЕНТТЕРДИН ЯПОН ТИЛИНДЕГИ ПРЕЗЕНТАЦИЯЛАРЫ»

20-мартта ЭАББПЖМ Жапон тили жана маданияты борбору студенттердин жапон тилиндеги презентацияларынын сынагын өткөрдү. Иш-чарага Аймак таануу жана Эл аралык мамилелер жана Санариптик дипломатия программаларынын студенттери активдүү катышып, тандалган темалар боюнча баяндама жасашты. Эң мыкты презентацияларга сертификаттар жана сыйлыктар тапшырылды.



ИНТЕКТЕКТУАЛДЫК ОЮН: ТЕМАСЫ «ЯПОН ТИЛИ ЖАНА МАДАНИЯТЫ»

2024-жылдын 22-февралында ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата Аймак таануу программасынын окутуучусу Зарина Асанахунова жана студент Өмүркан Маматова жапон тили жана маданияты боюнча “Интеллектуалдык оюн” өткөрүштү. Иш-чарага жапон тилин үйрөнүп жаткан аймак таануу жана эл аралык мамилелер жана санариптик дипломатия программаларынын 1, 2 жана 3-курстарынын студенттери катышты. Оюнда окуучулар 3 командага бөлүнүп, күч сынашты. Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.


2023-жылдын 2-февралында Россия жана Евразия интеграциясынын аймак таануу программасынын алкагында жапон тилин үйрөнүп жаткан студенттер арасында биринчи жолу «Чечендик өнөр – жапон тилинде!» аттуу сынак өткөрүлдү. Сынакка бул багыттагы 7 студент катышты. Сынактын жыйынтыгында 1-орунду РВ(б)-1-22 тайпасынын 1-курсунун студенти Маралова Мээрим ээледи. Сынактын бардык катышуучуларына грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды. Иш-чарага К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттен келген коноктор катышты.


24.11.22 куну ЭАББПЖМнин Россия Евразия интеграция бөлүмүнүн Аймак таануу программасынын окутуучусу Асанахунова Зарина жана аталган программада япон тилин үйрөнүп жаткан студенттер менен биргеликте “Япон маданияты” күнүн өткөрүштү. Иш чарага Япониянын Кыргызстандагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнүн кенешчиси Соичиро Окава мырза жана Жапон маданиятынын өкүлү Чие Нагао айым катышты. Коноктор жапон стилинде тамашалуу номер даярдап келип аткарышты. Ошондой эле жапон таануу борборуна бир нече китептерди белек кылышты. Аталган иш чарага студенттер ыр, бий даярдап аткарышты. Мындан сырткары kahoot конкурсу болуп, жеңүүчүлөр белектер менен сыйланды.