Кесиптик комитеттин жыйыны
2025-жыл 13-март күнү ОшМУнун кесиптик бирлигинин жалпы жыйыны болду. Жыйында төрага Борбордук кесиптик бирликтин жаңы курамы, өткөрүлгөн иш чаралар боюнча маалымат берди. Университетте жүрүп жаткан антикоррупциялык иш аракеттерде окутуучулардын укугун коргоо үчүн кесиптик бирликтин төрагаларына эмгек тартиби жана тартиптик жазалар боюнча КРнын жаңы эмгек кодексин билүү керектиги белгиленди.


2025-жыл 13-февралда ОшМУнун кесиптик комитетинин жыйыны болду. Жыйында ОшМУнун структураларынын кесиптик комитетинин төрагалары 2024-жылдагы аткарган иштери боюнча отчет беришти.
Жыйындын соңунда төрагаларга Кыргыз Республикасынын жаңы Эмгек кодекси берилди.

2025-жылдын 6-январында Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин XXXV отчеттук кайра шайлоо конференциясы ийгиликтүү өткөрүлдү.
Конференцияга университеттин жалпы 178 мүчөсү катышып, кесиптик бирлик комитетинин төрагалык кызматына эки талапкер ат салышты. Шайлоонун жыйынтыгы менен Абсамат Саттаров кайрадан ишеничке ээ болуп, кесиптик бирлик комитетинин жаңы төрагасы болуп шайланды.ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин жалпы курамын жана төраганы куттуктайбыз!



ОшМУнун ректордук баллы- 2025

ОшМУнун жамааты мугалимдер күнүн белгилешти
2024-жыл 8-октябрь күнү мугалимдер күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде салтка айланган салтанаттуу кече уюштурулду. Майрамдык иш-чарага ОшМУнун бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, окумуштуулар, тажрыйбалуу педагогдор, жаш адистер жана алардын катарында Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин окутуучулары катышышты.
Карысы бардын ырысы бар
ОшМУнун кесиптик комитети төрагасы А.Э.Саттаров башында турган кесиптик бюролордун төрагалары тарабынан 1-октябрь "Улгайгандардын эл аралык күнүнө" карата майрамдык салтанат уюштурушту.
Труд нашего преподавателя был оценен профессиональным комитетом
В начале 2024-2025 учебного года один из наших трудолюбивых преподавателей Жаанбаев Зулайка Нажимидиновна была награждена Почетной грамотой Ошского областного комитета профсоюза работников образования и науки ко Дню независимости государства.
ОшМУга 85 жыл
2024-жылы 28-май күнү ОшМУнун 85 жылдык маарекесине карата ОшМУда окутуучулук-профессордук курамга сыйлык тапшыруу аземи болду.
8 марта 2024 года
За многолетний упорный труд и вклад в становление колледжа преподаватель ПЦК «ОГСЭД» С.Р.Султанова удостоена звания «Заслуженный работник ОшГУ», заместитель директора по учебной работе Г.А.Сулайманова получила денежную награду, а лаборантка колледжа М.А.Кыдыршаева награждена знаком «Благадарность».

ОшМУга 85 жыл
2024-жыл 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө жана ОшМУнун 85 жылдык юбилейине карата ОшМУнун кесиптик комитети уюштурган бильярд боюнча мелдешке окутуучу Муратов Искандер жана офис-регистратор Айдар уулу Мухамбет-Юсуб катышышты.