"Youth Council C+5" долбоору!
"Башталгыч билим берүү. Англис тили" программасынын 3-курсунун студенттери "Youth Council C+5" долбоорунун 2024-жылдын 4-5-май күндөрү Жалал- Абад шаарында өткөрүлгөн "Financial Literacy" тренингине активдүү катышып, сертификаттарга ээ болушту. Долбоор түштүк региондогу англис тилдүү студенттер үчүн АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулган жана каржыланган.
«Долбоордун алкагында «Бирге» бурчунун ачылышы жана маалыматтык кампаниянын жүргүзүлүшү.
"Программанын студенттери “Психикалык ден-соолукка чогуу кам көрөлү!” долбоорунун алкагында психикалык ден соолук боюнча 2 күндүк окуу курсунан өтүштү. Тренингдин биринчи күнүндө эффективдүү фасилитация темасы талкууланды. Тренингдин экинчи күнү өзүн өзү жардам тобун жүргүзүү эрежелерине көбүрөөк арналды. Кыздар өздөрүнүн “Бирге” демилгесине 500& өлчөмүндө каражат алып, психикалык ден соолук бурчу ачылды, пуфтар, шкафтар, китептер жана көргөзмө материалдар сатылып алынды. “Психикалык ден-соолукка чогуу кам көрөлү!” долбоору БУУнун Тынчтык куруу фондунун каржылык колдоосу менен жергиликтүү өнөктөштөр тарабынан ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Добоор окутуучу Н.Б.Караеванын жардамы менен жүргүзүлдү.
"Укуг Булагы" долбооруна катышуу.
"Жергиликтүү деңгээлде коррупциянын алдын алууга жарандык катышуу"/"УкукБулагы" долбоорунун алкагында "Башталгыч билим. Англис тили" программасынын студенттери активдүү катышып ийгиликтүү бүтүрүштү. Долбоордун аймактык координатору, мугалим Нургуль Караева.
"Программанын студенттери, ар-бири 8000 сомдук акчалай сертификаттарга ээ болушту.
2022-жылдын 25-ноябрында программанын 1-2-курсунун студенттери, окутуучу Н.Б.Караеванын жетекчилигинде "Эко-Стартап" долбоорунун алкагында, ар-бири 8000 сомдук акчалай сертификаттарга ээ болушту. Анкета толтуруп, биздин кыздар эң сонун жыйынтыктарды көрсөтүп, учурда мини гранттарын ишке ашырууда.
" Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын ортосундагы тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты чыңдоо үчүн Лидерлик Академиясы”
2022-жылдын 7-10-апрелинде Ош шаарында “ЖашСтан жана ЕшСтан” долбоорунун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын ортосунда тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты чыңдоо максатында Лидерлик Академиясы уюштурулуп, ага “Башталгыч билим берүү. Англис тили” программаларынын студенттери активдүү катышты. Бул иш-чаранын уюштуруучуларынын бири программасынын мугалими Караева Нургүл Бейшенбековна. Ачылыш аземине Ош шаарынын вице-мэри, ГАМСУМОнун өкүлдөрү, Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, Өзбекстан Республикасынын НПОнун Улуттук Ассоциациясынын, Өзбекстандын Волонтерлор Ассоциациясынын, ошондой эле эки өлкөнүн жаштар коомунун «YoshanSS» коомдук уюмдарынын, ошондой эле жаштардын жаштар долбоорлорунун өкүлдөрү катышты. Лидерлик академиясынын үч күндүк тренингинин алкагында катышуучулар эки өлкөнүн жаштар саясатынын концепциясын, аялдардын ЛИДЕРЛИГИНИН маанилүүлүгүн талкуулашты.