Диплом алдындагы практиканын отчетун алуу

2024-жылдын 16-майда STEM инновациялык колледжинин Адистештирилген дисциплиналар бөлүмүнүн “Электр менен камсыздоо” адистигинин дипломго чейинки практикасын өтөп келген соң конференциясы болуп өттү. Катышуучулар: Кубатов Нурлан Кушбакович, Закирова Толгонай Адинабаевна, Сулайман уулу Заирбек, Жеңишбек уулу Эрлан, Мамай уулу Жеңишбек.

ЭС9-1-21 тайпасынын студенти Маматазизов Нурболот биринчилерден болуп Ош ТЭЦ жөнүндө баяндама жасады.

ЭСс9-1-21 тайпасынын студенти Абдукалил кызы Зияда Сулайман-Тоо УЭСке практика өтөп келген. Практика учурунда аткарган жумуштары боюнча маалымат берди. 24-25-апрель кундөрү ири ГЭСтерге экскурсияга чыгып келгендиги жөнүндө да маалымат берди.