Куратордук ишмердүүлүк // Кураторская деятельность

2024-жылдын 17-апрель куну саат 16.00до ОшМУнун футболдук командасы, Жалал-Абад шаарынын курама командасы менен А. Суйунбаев атындагы борбордук стадиондо беттешүү болду. Бул беттешүүгө медицина факультетинин табигий илимдер дисциплиналар кафедрасынын доценти х.и.к. Омурзакова Г.Г. жана доцент, б.и.к. Касиева Г.К. өздөрүнүн куратордук тайпалары менен колдоочу, көрүүчү катары катышышты.


Медицина факультети, табигый илимдер дисциплиналар кафедрасынын доценти, б.и.к. Касиева Гулсара Кенешовна куратордук тайпасы менен.

2023-жылдын 17-ноябрында медицина факультетинин 1-курс лк-1 куратордук тайпасы, Токтогул Сатылганов атындагы облустук китепканага барып, студенттер Универсалдык адабияттар залы, Америка бурчу, Негизги фонду сактоо болумунун баалуу фонду менен таанышышты. О.э. «Кыргыз тили жана Ч. Айтматов ааламы» аталыштагы алкакта «Китеп + кино: окуйбуз, коробуз, талкуулайбыз» аттуу уюштурулган кино залында болушту. Бул залда атактуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун «Кызыл алма» повестинин негизинде тартылган фильмди корушту. Экскурциянын максаты студенттерди китеп окууга чакыруу жана коргон кинону талкуулоо менен бирге жаш муундарга тарбиялык маанисин жеткируу.