Илимий конференциялар, семинарлар // Научные конференции, семинары

Академик А.А. Борубаевдин 75-жылдыгына арналган математика боюнча Эл аралык илимий конференция

Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин «Табигый илимдер дисциплиналар» кафедрасынын доценти Б.А. Каденова 2025-жылдын 27-28- июнь күндөрү Бишкек шаарында КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН МАТЕМАТИКА ИНСТИТУТУНДА Международной научной конференции по математике "Проблемы современной математики и ее приложения - VI Борубаевские чтения" аттуу академик А.А. Борубаевдин 75-жылдыгына арналган математика боюнча Эл аралык илимий конференцияга «Features of Teaching Physics to Students of Mathematical and Information Specialties in Universities» жана «A Simple Way to Teach Cyclic Programming in Python in School» докладдар жасоо менен конференцияга катышып келди. Конференцияда ЖОЖ дордогу физиканы, математиканы, биофизиканы окутуунун проблемалары туралуу талкуулар болду.


КР эмгек синирген кызматкер, ф.-м.и.к., доцент М. Алтыбаеванын 75 жылдык мааракесине жана илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн 55 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция
/>

Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин «Табигый илимдер дисциплиналар» кафедрасынын доценти Б.А. Каденова 2025-жылдын 12-13- сентябрь күндөрү ОШ шаарында Ош мамлекеттик университетинде "Математикалык билим берууго заманбап мамилелер жана технологиялар" аттуу КР эмгек синирген кызматкер, ф.-м.и.к., доцент М. Алтыбаеванын 75 жылдык мааракесине жана илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн 55 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияга доклад жасоо менен катышты.


ӨЗБЕКСТАН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНДА XI «СОВРЕМЕННЫЕ ПРОБЛЕМЫ ЯДЕРНОЙ ЭНЕРГЕТИКИ И ЯДЕРНЫХ ТЕХНОЛОГИЙ» АТТУУ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ

Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин «Табигый илимдер дисциплиналар» кафедрасынын доценттери М.М. Садырова жана Б.А. Каденова 2025-жылдын 14-16-октябрь күндөрү Ташкент шаарында ӨЗБЕКСТАН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНДА XI «СОВРЕМЕННЫЕ ПРОБЛЕМЫ ЯДЕРНОЙ ЭНЕРГЕТИКИ И ЯДЕРНЫХ ТЕХНОЛОГИЙ» АТТУУ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯГА катышып келишти. Конференцияда теориялык жана эксперименталдык ядролук физиканын, ядролук технологиянын жана ядролук энергетиканын, радиациялык физиканын жана радиациялык материал таануунун азыркы абалы жана келечеги, ядролук физиканын прикладдык аспектилери талкууланды. Конференцияда биздин доценттер III секция «Радиациялык физика жана радиациялык материал таануу” секциясында “Термолюминесцентные и дозиметрические свойства щелочно-галоидных кристаллов» аттуу өздөрүнүн докладдардын жасап келишти.