Предметтик олимпиадалар, конкурстар // Предметные олимпиады, конкурсы

Ташкент медициналык институтунда «Биофизика» дисциплинасы боюнча

эл аралык студенттик олимпиада болуп отту.

2025-жылдын 10-декабрында Өзбекстан Республикасынын Ташкент медициналык институтунда «Биофизика» дисциплина боюнча эл аралык студенттик олимпиадага ОшМУнун медицина факультетинин "Табигый илимдер дисциплиналары" кафедрасынан ф.м.и.к., доцент М.М. Садырованын жана ф.м.и.к., доцент Б.А. Каденованын 4 студенти катышып, алардын Эргешбаев Адилет (Ст-1, тайпасы) жана Рахимова Нафисабону (Лк-28, тайпасы) сертификат менен сыйланышты.


Табигый илимдер дисциплинары кафедрасында интеллектуалдык КВН өткөрүлдү

2025-жылдын 19-декабрында табигый илимдер дисциплинар кафедрасынын физика, химия, биология предметинин окутуучулары тарабынан интеллектуалдык КВН уюштурулуп, ийгиликтүү өткөрүлдү.

Иш-чара студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга, логикалык ой- жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана командалык иштөө көндүмдөрүн чыңдоого багытталды. КВНге дарылоо иши, педиатрия, стоматология адистиктеринин 1-курсунун студенттери активдүү катышышты. Физиктер «Медициналык» факультетин физикалык кубулуштары, химиктер — «H₂O-O», биологдор — «Күлкүнүн ташуучулары» аталыштары менен өз күчтөрүн сынашты. Иш-чара достук атмосферада өтүп, катышуучуларга позитивдүү маанай тартуулады. Баардык катышуучулар сертификаттар менен сыйланышты.

Описание: D:Desktopсур1.jpg Описание: D:Desktopсур2.jpg Описание: D:Desktopsur4.jpg Описание: D:Desktopsur3.jpg Описание: D:Desktopsur5.jpg



2025- жылдын декабрь айында А. Эйнштейндин дүйнө таанымды түп-тамырынан өзгөрткөн салыштырмалуулук теориясынын

110 жылдыгына карата Медицина факультетинин табигый илимдер дисциплиналар кафедрасы

биофизика сабагы боюнча факультеттик олимпиада өткөрдү. Иш-чаранын максаты — студенттердин фундаменталдык илимдерге кызыгуусун арттыруу, биофизикалык түшүнүктөрдү тереңдетүү жана дарыгерлердин аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү болду. Олимпиадага медицина факультетинин 17 студенти катышып,алар теориялык суроолорго жооп берип, биофизиканын мыйзамдарын медициналык практикага колдонуу тапшырмаларды аткарышты. Иш-чара достук атмосферада өтүп, студенттер активдүү катышуу менен жогорку кызыгуусун көрсөтүштү.Кафедра жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн катышуучуларды атайын дипломдор жана сыйлыктар менен сыйлады. Кафедра жамааты бардык катышуучуларды ийгиликтери менен куттуктап, илимий-изилдөө иштерине жана предметтик олимпиадаларга мындан ары да активдүү катышууга чакырат.


2025-жылы 5-6 декабрда Озбекстан коншу мамлекетинде предметтик эл

аралык олимпиада болуп отту.

Озбекстан мамлекетинин Самарканд Мамлекеттик медициналык университетинде VI

эл аралык «Самарканд -2020» студенттик олимпиада болуп отту. Химия

предметинен табигый илимдер дисциплиналар кафедрасынын доценти Г.Г.

Омурзакова студенти Юсупов Муслим менен катышып, 3- орунду камсыздап

келишти.


XII аймактык университеттер аралык студенттик олимпиада

2025-жылдын 19-апрелинде Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде XII аймактык университеттер аралык студенттик олимпиадага биздин студенттер биология, химия предметтери боюнча катышып 1 жана 2- орундарга ээ болушту. Табигый илимдер дисциплиналар кафедрасынын башчысы х.и.к., доцент Г.Г. Омурзакова даярдаган студент Юсупов Муслимбек химия предметинен 1- орун, б.и.к., доцент Г. К. Касиева даярдаган студент Сатимбаев Шерболот биология предметинен 1- орун, х.и.к, доцент М.А. Туленбаева даярдаган студент Касимов Фирдавс химия предметинен 2-орунга ээ болушту.


2024-жылдын 16-17-май күндөрү И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академияда морфологиялык жана фундаменталдык дисциплиналар боюнча, медициналык ЖОЖдордун студенттер үчүн II- эл аралык олимпиада болуп өттү. Бул олимпиадага ОшМУнун медицина факультетинен 11 дисциплина боюнча "Sanitas OshSU" деп аталган студенттердин командасы катышып 15 команданын ичинен 2-орунга ээ болушту.

Мед.биология дисциплина боюнча Бурканбекова Нурайым « Умение работать с микроскопом жана нормалдуу физиология дисциплина боюнча Жолонбаева Анжелика «За оригинальное решение ситуационной задачи» номинациягаларга ээ болушту . Бул команданы жетектеп доцент Касиева Г.К., улук окутуучу Турсунбаева А.Т. барышты.


Предметная олимпиада по медбиологии ии химии 03.04.2024