Табигый илимдер дисциплинасында мед.химия жана мед. биология предметинен студенттер арасында олимпиада.
2026-жылдын февраль айында табигый илимдер дисциплиналар кафедрасынын медхимия жана медбиология предметтеринин окутуучулары студенттер учун олимпиада уюштурушту. Олимпиадага студенттер катышып оз билимдерин сынап корушту. Жыйынтыгында жакшы корсоткучторду алган студенттер сыйланышты жана кийинки боло турчу олимпиадаларга жолдомолорду алышты.
Ташкент медициналык институтунда «Биофизика» дисциплинасы боюнча
эл аралык студенттик олимпиада болуп отту.
2025-жылдын 10-декабрында Өзбекстан Республикасынын Ташкент медициналык институтунда «Биофизика» дисциплина боюнча эл аралык студенттик олимпиадага ОшМУнун медицина факультетинин "Табигый илимдер дисциплиналары" кафедрасынан ф.м.и.к., доцент М.М. Садырованын жана ф.м.и.к., доцент Б.А. Каденованын 4 студенти катышып, алардын Эргешбаев Адилет (Ст-1, тайпасы) жана Рахимова Нафисабону (Лк-28, тайпасы) сертификат менен сыйланышты.
Табигый илимдер дисциплинары кафедрасында интеллектуалдык КВН өткөрүлдү
2025-жылдын 19-декабрында табигый илимдер дисциплинар кафедрасынын физика, химия, биология предметинин окутуучулары тарабынан интеллектуалдык КВН уюштурулуп, ийгиликтүү өткөрүлдү.
Иш-чара студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга, логикалык ой- жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана командалык иштөө көндүмдөрүн чыңдоого багытталды. КВНге дарылоо иши, педиатрия, стоматология адистиктеринин 1-курсунун студенттери активдүү катышышты. Физиктер «Медициналык» факультетин физикалык кубулуштары, химиктер — «H₂O-O», биологдор — «Күлкүнүн ташуучулары» аталыштары менен өз күчтөрүн сынашты. Иш-чара достук атмосферада өтүп, катышуучуларга позитивдүү маанай тартуулады. Баардык катышуучулар сертификаттар менен сыйланышты.
