Сертификаттар жана ардак граматалар

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата 28-май күнү окуу жайда сыйлоо аземи болуп өттү. Салтанатта ректор Кудайберди Кожобеков университеттин өнүгүшүнө салым кошуп, билим берүү, илим изилдөө, саламаттыкты сактоо жаатында эмгек сиңирген, көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенген профессордук-окутуучулук курамга, кызматкерлерге “ОшМУга эмгек сиңирген ишмер” төш белгисин, Ардак грамотасын, алкыш баракчасын, акчалай сыйлыктарын тапшырды. Ошондой эле мааракеге биздин бөлүмдөн Атаханов Хуснутдин Муктарович ке да ардак грамота жана ыраазычылык кат тапшырылды.

Окуу жай жетекчиси ОшМУнун 85 жылдык тарыхында университеттин өсүп-өнүгүүсүндө, келечек муундарга таалим–тарбия, билим берүүдө эмгегин сиңирген илимпоз агай-эжейлерге, жалпы жамаатка ыраазычылык билдирди. Алган сыйлыктар мындан ары да чоң дем-күч менен иштеп, ОшМУнун алдыга койгон бийик максаттарын орундатууда стимул болот деген ишеничин билдирди.
Салтанаттуу кечени ОшМУнун таланттуу агай-эжекелеринин концерттик программасы коштоду.