КАФЕДРАНЫН ТАРЫХЫ
«Жогорку медициналык кароочу иши» адистиги ОшМУнун медициналык факультетинде 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 13-ноябрындагы №1401/1 буйругунун, 13.11.2018-ж. №1-18-3 протоколунун негизинде (Лицензия №LD180000559) к.м.н., доцент Ташиева Г.С.нин жетекчилиги астында ачылган. 2023-жылга чейин бул адистикке тиешелүү окутуу жүгү ОшМУнун медициналык факультетинин ар кандай кафедраларынын ортосунда бөлүштүрүлүп, ишке ашырылган.
«Жогорку медициналык кароочу иши» кафедрасы ОшМУнун медициналык факультетинде 2023-жылы ОшМУнун ректорунун 2023-жылдын 20-июлундагы №3234-ФХД/23 буйругу менен түзүлгөн. Кафедранын түзүлүшү медициналык факультеттин деканы, д.м.н., профессор Ыдырысова И.Т.нин жетекчилиги менен жүргүзүлгөн жана кафедра башчысы болуп к.х.н., ага окутуучу Матаипова А.К. дайындалган.
2024-жылы д.м.н., проф. Ыдырысова И.Т. жана к.х.н., ага окутуучу Матаипова А.К.нин жетекчилиги астында ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими (2024-жылдын 15-майындагы №8 протокол) менен медициналык факультетте билим берүү стандарттарын, негизги билим берүү программаларын (НББП) жана окуу пландарын бекитүү, ошондой эле «Лабораториялык иш» адистигин лицензиялоо маселелери каралып, ушул буйрук чыккан:
ОшМУнун медициналык факультетинин базасында «Лабораториялык иш» адистигинин (квалификациясы – “Дарыгер-лаборант”) билим берүү стандартын, негизги билим берүү программасын жана окуу планын бекитүү.
«Лабораториялык иш» адистиги боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууга лицензия берүү (күндүзгү жана сырттан окуу формалары) – №2238-ФХД/24, 20.05.2024-жыл.
2024-жылдын 20-сентябрындагы №4507-ФХД/24 буйругунун негизинде кафедранын аталышы “Лабораториялык жана кароочу иш” кафедрасы болуп өзгөртүлгөн.
“Лабораториялык жана кароочу иш” кафедрасы билим берүү стандарттарын аткаруу алкагында окуу, илимий-изилдөө, методикалык жана практикалык иштерди жүргүзөт. Кафедра студенттерди, аспиранттарды, изденүүчүлөрдү жана докторанттарды даярдайт. Ошондой эле бул кафедра жогорку медициналык кароочу билим алып жаткан студенттер үчүн бүтүрүүчү кафедра болуп саналат.
Теориялык сабактарды сапаттуу өтүү жана студенттердин практикалык көндүмдөрдү алуу максатында Ош облустар аралык клиникалык ооруканасы (ООКО), Ош шаардык клиникалык ооруканасы (ОшШКО), Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы (ООБКО), Ош облустар аралык онкология борбору, санитардык-эпидемиологиялык станция, патологиялык анатомия жана гистология лабораториясы, соттук-медициналык бөлүм, ошондой эле “Medicana” сыяктуу жеке медициналык лабораториялар менен келишимдер түзүлгөн.
Мындан сырткары, окутуучулар Dimedus виртуалдык клиникасынын жардамы менен сабак өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Кафедранын кызматкерлери жыл сайын Кыргызстандын ичинде жана чет өлкөлөрдө өткөрүлүүчү эл аралык форумдарга жана симпозиумдарга активдүү катышып келишет.