Эл аралык стажировкалар, академиялык сапарлар, конференциялар, изилдөө иштери жана профессордук-окутуучулук курамдын кесиптик жолугушуулары.
Иманалы Айдарбековго арналган «Биринчи» аттуу китептин жана даректүү тасманын презентациясы
2025-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана анын тунгуч жетекчиси, Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Иманалы Айдарбековго арналган «Биринчи» аттуу китептин жана даректүү тасманын презентациясы болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чынгыз Айдарбековдун чакыруусу менен аталган иш-чарага Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин РЕИ бөлүмүнүн башчысы, доцент Акматова Дамира, Башталгыч билим берүү программасынын жетекчиси Марзабаева Бакты, улук окутуучу Сапарбаева Айнура, ошондой эле «Эл аралык мамилелер жана санарип дипломатия» багытынын студенттери Сатыбалдиев Азизбек жана Назарбек кызы Эленура катышып келишти.
Ташкент шаарында өткөн “Life Science Festival–2025” эл аралык конференциясына катышуу
ОРЕИ бөлүмүнүн окутуучулары Сапарбаева А. жана Кутушева Н., ошондой эле МО жана ВНО программаларынын студенттери Ташкент шаарында өткөн “Life Science Festival–2025” эл аралык конференциясына катышышты. Улук окутуучу Сапарбаева Айнура «Кыргызстандагы агротуризм: айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана маданий мурастарды сактоо» темасында баяндама жасады. Студенттер “Young Leaders Week” программасынын иш-чараларына ОшМУнун атынан катышышты.
Кокон педагогикалык институтундагы конок лекция
2024-жылдын 25-ноябрынан 27-ноябрына чейин РЕИ бөлүмүнүн окутуучулары Б. Т. Марзабаева, Н. Т. Кутушева жана Адылбек уулу Нурбек Кокон педагогикалык институтунда уюштурулган конок лекцияга катышып келишти.
Жашыл экономика багытындагы кызматташтык жана Түркмөнстандагы талаа изилдөөсүнө катышуу
ВШМОПтун Эл аралык агрардык университет менен жашыл экономика багытындагы кызматташтыгы бир нече негизги багыттарды камтыйт: жашыл экономика, туруктуу өнүгүү жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу башкаруу. Улук окутуучу Сапарбаева Айнура эл аралык университеттин профессорлору менен биргеликте Түркмөнстандагы талаа изилдөөсүнө катышкан. Изилдөөнүн жыйынтыктары 24–25-апрелде Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн “Life Science Festival 2025” илимий конференциясында талкууланды.
Корея Республикасына иш сапар: академиялык мобилдүүлүктү жана илимий кызматташууну өнүктүрүү
2025-жылдын 31-октябрынан 7-ноябрына чейин Корея Республикасынын Сеул, Пусан, Кванджу шаарларына жана Йосу аралына иш сапар уюштурулду. 3-ноябрда Пусан шаарындагы Кенгнамжонгбо университетинин ректору жана маалыматтык технологиялар факультетинин деканы менен жолугушуу болду. 5-ноябрда Кванджу университетинин ректору Ким Донг Жин менен жолугушуу өттү. Жолугушууларда студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн күчөтүү, кош диплом программаларын ишке ашыруу жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү маселелери талкууланды. Ошондой эле мобилдүүлүк программасы боюнча окуп жаткан студенттер менен жолугушуу уюштурулуп, алардын жашоо-шарты жана окуусу тууралуу маалымат алынды. Кванджу университетинин өкүлдөрү Кыргызстандын студенттерин колдоо фондуна 100 000 АКШ доллары бөлүнгөнүн билдиришти.











