Билим берүү программасынын алкагында иш берүүчүлөр, тармак өкүлдөрү, өнөктөштөр жана кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү.
«Эл аралык мамилелер жана санарип дипломатия» билим берүү программасын стейкхолдерлер менен талкуулоо
ОшМУнун ВШМОП караштуу ОРЕИ бөлүмүндө тегерек столдун алкагында «Эл аралык мамилелер жана санарип дипломатия» билим берүү программасы стейкхолдерлер менен талкууланды. Жолугушууда программанын мазмунун өркүндөтүү, анын практикалык багыттуулугун күчөтүү жана эмгек рыногунун заманбап талаптарына шайкеш келтирүү маселелери каралды. Катышуучулар пикир жана сунуштарын билдирип, келечектеги адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга багытталган ойлорун бөлүшүштү.
ОшМУнун ЭАББПЖМнин Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкерлер күнүн белгиледи
23-октябрда ЭАББПЖМтин конференц-залында Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкерлер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарада жогорку мектептин директору, профессор Д. А. Турсунов жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү сөз сүйлөп, эл аралык мамилелер жана санарип дипломатия тармагында жаңы кадрларды даярдоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Студенттер чыгармачылык номерлерди тартуулап, «Эл аралык мамилелер жана санарип дипломатия» билим берүү программасынын презентациясы өткөрүлдү. Ошондой эле активисттер жана мыкты окуган студенттер сыйланышты. Майрам Мекенге кызмат кылуунун жана элдер ортосундагы тынчтыктын символу болгон дипломатиялык кесипке болгон урмат-сый жана шыктануу маанайында өттү.











