Олимпиада, ийримдер, конференциялар

Окутуучулар жана студенттер үчүн ГАЛС ыкмалары боюнча семинар

«Эл аралык мамилелер жана санарип дипломатия» программасынын улук окутуучусу Айнура Сапарбаеванын демилгеси менен программанын окутуучуларына жана студенттерине ГАЛС ыкмаларынын «Кыялдануу» жана «Кыялданууга саякат» аттуу ыкмалары боюнча семинар өткөрүлдү. Семинар чемпион-тренерлер Айнура Бегматова жана Урпия Усенова менен биргеликте уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты — зомбулуктун алдын алуу жана катышуучулардын жашоосун жакшы жакка өзгөртүү мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга көмөк көрсөтүү болду.

Илимий-практикалык конференцияга активдүү катышуу

МОЦД-1-25 тайпасынын студенткасы Тешебаева Согдиана Эл аралык философия күнүнө арналган илимий-практикалык конференцияга активдүү катышып, автордук баяндамасын сунуштады.

ОшМУда ички гранттык долбоорлордун илимий көргөзмөсү өттү

30-октябрда Ош мамлекеттик университетинде ички гранттык долбоорлорго арналган илимий көргөзмө өттү. Бул иш-чара илим менен практиканын өз ара байланышын чыңдоого, жаңы идеяларды жана чыгармачылыкты өнүктүрүүгө багытталган маанилүү аянтча болду. Студенттер, окутуучулар жана изилдөөчүлөр өздөрүнүн инновациялык долбоорлорун сунуштап, билим берүү жана коомдук өнүгүүгө кошкон салымдарын көрсөтүштү. Көргөзмөдө илимий изилдөөлөрдүн ар түрдүү багыттары камтылып, катышуучулар кызыктуу ойлорду жана өзгөчө чечимдерди сунушташты.