МЕВЛАНА ПРОГРАММАСЫ
Мевлана – Турция өкмөтү каржылаган Турциянын жана башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын ортосунда студенттери, окутуучуларды алмашууга багытталган гранттык программа. Ал 2011-жылдан бери активдүү иштеп келе жатат. Ага дүйнө жүзүнүн бардык өлкөлөрүнөн университеттеринин өкүлдөрү катыша алат. Студент-магистранттар 1 семестрден 1 жылга чейин өз адистиги боюнча окуп келишет, ал эми окутуучулар эки жумага же бир айга өзүнүн предмети боюнча түрк же англис тилинде сабак өтүү үчүн жиберилет. Ош МУ бул программанын алкагында Турциянын 50гө жакын университети менен келишимге кол коюп, 6 жылдан бери академиялык мобилдүүлүк боюнча иштешип келет. Бүгүнкү күндө 100дөн ашуун окутуучу жана студент бул проекттин кызматынан пайдаланды.
Программага кабыл алуу ар жылы февраль айында башталып, март айынын башына чейин офлайн жана он-лайн режимдеринде уланат. Катышууну каалаган студент-магистранттарды жана окутуучуларды эл аралык байланыштар бөлүмү каттоодон өткөрүп, анкеталарын толтуртуп, бардык документтерин толуктап, сканерден өткөрүп тийиштүү университеттерге жөнөтөт. Ал эми жыйынтыгын Турция университеттери май-июнь айларында ар бир катышуучунун жекече электрондук почтасына кат аркылуу жиберишет. Мевланага кандидаттар экзамен тапшыруунун же конкурстун негизинде кабыл алынбайт, болгону, берилген анкетаны туура, так толтуруп берүү жетиштүү. Бирок ошондой болсо дагы, катышуучуларга айрым талаптар коюлат:
I. Окутуучулар үчүн.
1) түрк же англис тилин сабак өтө турган деңгээлде билүү;
2) резюме;
3) окутуу предмети боюнча эки жума бою өтө турган лекциясынын же практикалык
сабагынын календардык планы;
4) Портфолио (мугалимдин билими, иш тажрыйбасы, коомдук ишмердүүлүгү, алган
сыйлыктары, жетишкендиктери, жарык көргөн эмгектеринин тизмеси ж.б. өзүнө
камтыйт).
II. Студенттер үчүн.
1) транскрипт (GPA 3төн жогору болуусу абзел);
2) түрк тилин билгендигин тастыктоочу сертификат (“Төмер” тил курсунуку
болсо жакшы болот);
Окутуучулардын эки тараптуу авиабилеттери жана күнүмдүк чыгымдары (күнүнө 50 лира) Туркия мамлекети тарабынан каржыланат, ал эми студенттерге ай сайын 750-1000 лирага чейин стипендия төлөнөт.
ШКУУ
ШКУУ (Шанхай кызматташтык уюмунун университеттери). Бул – Азиянын территориясындагы эл аралык билим берүү программасы, университеттер тармагы. Ага Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрү мүчө, ал эми Иран, Индия, Монголия, Пакистан байкоочу-өлкө катары кирет. ШКУУнун университеттеринин алкагында жогорку квалификациялуу кадрларды маданий, илимий-билим берүүчүлүк жана экономикалык кызматташтык боюнча даярдоо төмөнкү беш багыт боюнча жүргүзүлөт: аймак таануу, экология, энергетика, IT-технология, Нанотехнология. Толугураак маалыматты http://uni-sco.ru сайтынан алсаңыздар болот.
Бул программанын жардамында ОшМУ жогоруда аталган өлкөлөрдүн окуу жайларына магистранттарды 1 семестрден 1 жылга чейинки мөөнөткө академиялык алмашууга жиберет. Мисалы, биздин магистранттар Россиянын М.В. Ломоносов атындагы москва мамлекеттик университетине, Элдердин достугунун орус университетине, Түштүк-Урал мамлекеттик университетине, Новосибирск мамлекеттик техникалык университетине, Белгород мамлекеттик улуттук илим изилдөө университетине ж.б. (жалпы - 21), Казакстандагы Аль-Фараби атындагы улуттук университетке, Алмата инновациялык технологиялар университетине, М. Ауэзов атындагы Түштүк-казакстан мамлекеттик университетине ж.б. (жалпы - 14), Кытайдын Пекин университетине, Синьцзян педагогикалык университетине, Цинхуа университетине, Синьцзян университетине ж.б. (жалпы - 20), ошондой эле Тажикстандын, Өзбекстандын бир нече окуу жайларына барып окуп келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Ал эми каалоочуларды каттоо жана гранттык орундарды ээлөө ар жылы март-апрель айларында эл аралык байланыштар бөлүмүндө жүргүзүлөт. Эскерте кестек, ШКУУнун алкагында барып окуп келүүчү магистранттарга кабыл алуучу окуу жай стипендия жана жатаканадан орундуктарды акысыз берет.