АГИге келген делегациялар конок-лекторлор жана уюштурулган онлайн лекциялар, өткөрүлгөн эл аралык деңгээлдеги негизги иш-чаралар боюнча маалымат.
1.12.09.2022. Түркия Республикасынын Мармара университетинин профессору, теология илимдеринин доктору Өмер Челик агай “21-кылымда диний жана моралдык баалуулуктарды үйрөтүүдө теология факультеттеринин орду жана маанилүүлүгү” деген темада институтубуздун окутуучуларына жана студенттерине конференция берди.
2.05.10.2022. Түркия Республикасы Сабахаттин Заим университети Исламий Билимдер факультетинин деканынын орунбасары, теология илимдеринин доктору Ахмет Хамди Йылдырым агай, Кыргызстандын аймагынан чыккан белгилүү ханафий аалымы Имам Сарахсинин жашоосунан азыркы илим жолунда жүргөн жаштарга үлгүлөр деген темада семинар өттү.
3.06.10.2022. ОшМУнун Жаштар Бизнес паркынын директору, доцент Камалов Эрлан Токтоназаровичтин студенттерибиз үчүн бизнести өнүктүрүү багытында онлайн семинары болуп өттү.
4.07.10.2022. Арашан гуманитардык институтунун негизделишине чоң салым кошкон жана окуу жайыбыздын алгачкы жылдарында окутуучулук кызматын аркалап, студенттерге билим берип кеткен Ахмет Туранлы агайыбыз менен институттун окутуучулары жана студенттеринин ортосунда онлайн маектешүү болуп өттү.
5.11.10.2022. Режиссёр, мотиватор, "Жаннат Медиа", "Мансур" басма үйү жана "Окурмэн" билим берүү борборлорунун негиздөөчүсү Мансурбек Канназар "Тарыхтан тарбия" деген темада студенттерибизге семинар өттү.
6.25.10.2022. Анкара университети теология факультетинин профессору Вахит Гөкташ агайдын "Мавлид-и набий" деген темада онлайн семинары болуп өттү.
7.22.11.2022. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 73809 аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары, майор Сатымкулов Арсланбек Жеңишбекович "Мекенге кызмат кылуу - ыйык милдет!" деген темада семинар өттү.
8.12.12.2022. 12-декабрь Улуттук адабият күнүнө карата уюштурулган "Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык маарекесине карата: Б.Сарногоев жана анын чыгармачылыгы" деген темада Кыргыз-Түрк Манас университетинин Чет тилдер жогорку мектебинин окутуучусу Джунусалиев Бакытбек агай видео материалдар, ырлар, сүрөттөр жана маалыматтарды колдонуу менен кызыктуу семинар өттү.
9.13.12.2022. Жеке ишкер Молдоболотов Эдуарт Базарбаевич студенттерге "Сергек жашоо жана күндү пландоо" деген темада семинар өттү.
10.18.06.2023. Түркия Республикасынын белгилүү артисти, музыкант, Юсуф Гонжагүл жана эркин жазуучу Эмре Топоглу факультетибизде конокто болушту.
11.26.09.2023. "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун жетекчиси Мухаммед уулу Зикруллах АГИнин студенттери үчүн "Мусулман адам кандай болуусу керек?" деген темада семинар өттү.
12.03.10.2023. "Телескоп" ютуб каналынын негиздөөчүсү, "Элистан" балалык борборунун мүдүрү, коомдук ишмер Нуриет Абдулазиз, АГИнин окутуучулар жамааты жана студенттерине "Эркектик жана ургаачылык өзөк түшүнүгү: психологиялык, социалдык, диний жана тарыхий призма аркылуу" деген темада кызыктуу семинар өттү.
13.10.10.2023. АГИнин студенттери үчүн инфопродюсер, сатуу психологиясы боюнча тренер Акматкулов Жанузак Омурбекович "Сатуунун жашоодогу орду" деген темада кызыктуу семинар- тренинг өтүп берди.
14.12.10.2023. Түркия Республикасынын Мармара университетинин профессору, теология илимдеринин доктору Өмер Челик “Диний жана моралдык баалуулуктарды үйрөтүүдө теологиялык билим алгандардын милдети” деген темада институтубуздун окутуучуларына жана студенттерине конференция берди.
15.19.04.2024. Кыргыз-Түрк Манас университетинин теология факультетинин деканы, профессор Хасан Айык жана кафедра башчысы, профессор Бекир Татлы факультетибизде конокто болушту.
16.30.04.2024 шейшемби күнү Расул Акрам ислам институтунун ректору С. Иметовдун жетекчилигинде окутуучулары жана студенттери Арашан гуманитардык институтун зыяратка келишти. Зыяраттын алкагында эки тарап илим-билим, маданий жана спорттук иштерде кызматташуу тууралуу талкуу-маек өткөрүштү. Артынан институтубуздун жалпы жамааты жана келген коноктордун ортосунда конференция уюштурулуп, Иметов Садридин баяндама жасады.
17.2024-жылдын 11-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагог Мадаминов Гапыр Маматкулович “Таалим-тарбия баалуулугу” деген темада семинар өттү.
17.2025-жылдын 21-апрель күнү Түркия Республикасынын Мармара университетинин профессору, теология илимдеринин доктору Өмер Челик “Пайгамбарлыктын берилиши жана вахий” деген темада семинар өттү.
